ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-майдан 21-майга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Профессионалдык иштерде ийгиликке жетип, өзгөчө демилгеңиз менен жетекчиликтин колдоосуна ээ болосуз. Кесиптештер арасында интрига жана көрө албастык болбойт, тескерисинче, алар сиздин көз карашты жактап, жагдайыңызга ыңгайлашууга аракет кылышат. Жеке жашоодо олуттуу чечимдерди кабыл алууну кийинкиге жылдырып туруңуз. Сүйүү мамилесинде кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгын сүйүү менен алмаштырып, өкүнүп калышыңыз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Буга чейин көндүм болбогон ачык-айрым жүрүм-турумуңуз менен чөйрөңүздөгүлөрдү таң калтырасыз. Айрыкча мырзалар орундуу тамашалары, укмуштуудай интеллекти менен бардык кампанияда, өзгөчө сулуу айымдардын көңүл борборунда болушат. Бул апта жаңы таанышуулар жана буга чейинки болгон романтикалык мамилелерди жаңылоо үчүн эң сонун мезгил. Ишкерлердин бизнеси кеңейип, өндүрүшүн эл аралык деңгээлге алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Жумушта сиз “кирешелүү келишим болот” деп эсептеген иштер чынында сиз ойлогон натыйжаны бербей калышы мүмкүн, андыктан кандайдыр бир бүтүм чыгарууда адистердин кеңешин сөзсүз угуңуз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен маанилүү баарлашуу болот. Кайсы бир жакыныңыз сиздин жардамыңызга муктаж болуп жатса, андан акча аябаңыз. Жашооңузга романтика жетишпей турган убак, аны бирөөдөн күтпөй өзүңүз уюштурсаңыз деле маанайыңызга жакшы таасирин тийгизет.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Бөйөндөр кесиптештердин анча билинбеген көрө албастыгына туш болушат. Бул нерсеге олуттуу мамиле кылыңыз, болбосо алар аброюңузга шек келтире турган интригаларды уюштурушу мүмкүн. Жакын адамыңыз менен көйгөй болсо дароо чечиңиз, таарыныч көпкө созулуп кетсе муздак мамилеге айланып кетет. Балалуу бөйөндөр алардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруулары зарыл, болбосо жөнөкөй эле сасык тумоо, суук тийүү сыяктуу илдеттерден чоң көйгөй жаратып аласыз.


АРСТАН (23.07–23.08)

Апта абдан кызыктуу жана баарлашууга бай болот. Көптөгөн жолугушуулар, жумуштагы кызыктуу тапшырмалар, жаңы таанышуулар бири экинчисин ээрчип отуруп кээде бардык жумушту кантип жасаганыңызды өзүңүз байкабай каласыз. Сүйүү издеп жүргөндөр жактырган адамынын да ага болгон сезимдери бар экенин билишет. Документ иштерине байланыштуу жумуштарда кылдат болуңуз. Жоопкерчилик тартып калышыңыз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Өз тарабыңызга канчалык көп адамды тартып, аларды пикирлеш кылып, көз карашыңызды туура түшүндүрө алсаңыз максатыңызга оңой жетесиз. Үй-бүлөлүк маселелерде шашылыш чечим кабыл албай туруңуз, эмоция үстүндө кабыл алынган чечимдердин көбү натыйжалуу болбойт. Бойдок бийкеч айымдардын жашоосунда ага сезимдерин билдирген мырза пайда болот, бирок качпаңыз, бир көргөндө жакпаса да көңүлүн калтырбай сылык сүйлөшүп коюңуз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Эң жакын деген досуңуз чыккынчылык кылып, көңүлүңүздү калтырышы мүмкүн. Андыктан жашоодо өзүңүзгө гана ишенип, таянып жашаганды үйрөнүңүз. Күнүмдүк иштерде көйгөй болбойт, акчаны туура сарптасаңыз баарына жетип, кийинки аптага да ашырып каласыз. Сүйүктүүңүз күтүлбөгөн романтикалык жолугушуу тартуулап таң калтырат. Насыяга буюм, акча алуу сунушталбайт, кийин убагында төлөй албай кыйналасыз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Чаяндар мурда пландаштырылган иштердин баарын эркин аткара алышпайт. Бизнесте дайыма сиз күтпөгөн тоскоолдуктар жана кийлигишүүлөр болот. Канчалык кыйын болсо да, өзүңүздүн көйгөйлөрүңүздү башкаларга жүктөбөөгө аракет кылыңыз, алардан жардам күтпөңүз. Үй-бүлөлүү чаяндар жүрүм-турумуна көңүл бурушканы туура, кайсы бир кылык-жоругуңуз түгөйүңүзгө жакпай, бирок ал аны сизге айта албай жатышы мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Күтүлбөгөн окуяларга даяр туруңуз, бул кокустук же алыстан келген жагымсыз кабар болушу да ыктымал. Коркунуч, өмүрүңүзгө кооптуу сезилген сунуштардын баарынан баш тартыңыз. Буга чейин сот иштеринде жеңишке жетпей жүрсөңүз анда сүйүнө бериңиз, сиздин пайдаңызга чечим чыгат. Сүйүүдө түшүнүксүз жагдай орун алат, балким, өзүңүздүн сезимдериңизди түшүнүү үчүн канча бир убакытка тыныгуу алганыңыз туурадыр.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Сиз сунуштаган идея, көтөргөн демилгелер колдоо таппай маанайыңыз түшөт. Бирок сизди колдобой койгон адамдарга таарынбаңыз, алар нейтралдуу болууну туура көрүштү. Үй-бүлөдө: балаңыз жашоодо чоң ката кетирбеши үчүн ага кандайдыр бир кысым же басым көрсөтүүгө туура келет. Бул нерсе аны туура эмес кадамдардан сактайт. Акча маселесинде туруктуулук орун алат, кайдан-жайдан агылып кирип турат.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Чала тааныш адамдар менен өтө жакындашып кеткенден карманып туруңуз. Балким, ал адам сиздин сырыңызды билиш үчүн атайын жакындагысы келип жаткандыр. Жетекчилер менен мамиле түзүүдө этият болуңуз, алардын жылуу мамилесин туура эмес жолдо пайдаланып аброюңузга көлөкө түшүрүп албаңыз. Дем алыш күндөрү олуттуу арзандатуулар менен ийгиликтүү сатып алууларды жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.


БАЛЫК (20.02–20.03

Балыктар кеңештерге жана сунуштарга кулак салбашы керек. Алардын баары аягында сизге тиешеси жок болуп чыгат. Азыр көбүрөөк өзүңүз менен өзүңүз, жалгыз калганыңыз жакшы. Балык айымдар көп мырзалардын көзүн күйгүзүшөт, мунун айынан айрым курбуларыңызда кызганыч болот. Үй-бүлө курууга олуттуу караган балыктар сөзсүз теңин табышат, болгону жылуу сөздөргө, мамилеге туура анализ жасаганды билишиңиз керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан