Бакас, ырчы: «КЫЯЛЫМДАГЫ КЛИПТИ АЛИ ТАРТТЫРА ЭЛЕКМИН»

Кандай гана образда көргөн жокпуз бул жигитти. Тамашалуу чыгармалары менен кошо олуттуу ырларын да уктук. Актёр, ырчы Бакас апта каарманыбыз. Бакас мырзаны ар тараптан ачып берүүгө аракет кылдык.

– Салам, Бакас! Маекке чейин шоу-бизнесте эч ким иштебей жаткандай деп сүйлөшүп калбадыкпы. Сиздин оюңуз кандай, эмнеге иштебей жатышат?

– Ар бир адамдын жеке максаты бар. Башкаларды билбейм, бирок мен аракет кылып жатам. Кези келгенде, балким, жакшы чыгармалар жаралып калар. Изденүүнүн үстүндөмүн.

– Балким, Атабеков болуп калам деңиз...

– Кийинчерээк Атабеков болом го.

– Дароо эле болсо болбойбу?

– Ага убакыт, мээнет, изденүү керек. Алар эбак эле чыгышкан да. Биз кечээ жакында эле чыктык. Айтып берсем чыгармачылык жолумдун баяны бир мүнөткө эле батат болуш керек. Бирок, Кудайга шүгүр, өз багытымды, стилимди таптым. Кагылып-согулуп жүрүп кичине чыгармачылыкты түшүнүп калдым.

– Акыркы эмгегиңиздин жаралганына бир ай боло элек экен. “Мен сени сүйдүм” ырын ырдап, клип тарттырдыңыз...

– Бул ырдын сөзү, обону Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ибрагим Жунусовго таандык. Чыгарма жагып калып, агайдан уруксат сурап ырдадым, клип тарттык. Өзүмө баары жакты. Негизгиси элге жакканы.

– Өзүңө жагып, жүрөгүңдөн чыкса элге да жетет болуш керек, ээ?

– Ооба, чыгарма көөдөн түпкүрүнөн чыкса жакшы, ошондо элге жетет окшойт. Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет дейт го. Жүрөктөн чыккан дегенди мен мындай түшүнөм – башыңдан өтүп жаткан жагдайды ар бир клеткаңа чейин сезип ырдоо. Бирөөнү сүйбөй туруп “мен сени сүйдүм” деп ырдай берсең жетпейт да.

Ал эми ырдын клибинин идеясы режиссёр Эркин Эгембердиевге таандык. Мен кесипкөй адамдар менен иштешүүдөн ырахат алам. Кесипкөй адам ишинин майын чыгара жасайт. Ошол үчүн кесипкөй режиссёр, актёрлор, операторлор менен иштештим.

– Эркин Эгембердиев продюсериңизби?

– Жок, продюсерим эмес. Менин продюсерим биринчи кезекте Кудай, экинчиси – эл. Анан ата-энем. Алардын мага берген батасы мен үчүн чоң колдоо. Ата-энем колдогону үчүн азыр сиз менен сүйлөшүп отурам. Эркин Эгембердиев менин устатым. Мага актёрдук чеберчиликтин алфавитин үйрөткөн, жол көрсөткөн адам. Биз өзүбүз кыйратып жатабыз деп ойлойбуз да. Бирок жасап жаткан ишиң сырттан башкаларга жакшыраак көрүнөт. Эркин агай сырттан көз салып, багыт көрсөтүп турат. Чыгармачылыкта гана эмес, жеке жашоомдо да жол көрсөтүп, кеңешин берип келет. Өкүл атам болот.

– Клиптериңиз кызыктуу, өзгөчө тартканга аракет кыласыз. Алардын өзгөчө болуусу каражаттан көз каранды эмеспи? Анткени буга чейинки маегиңизде “каражат маанилүү эмес, идея болсо, каражат табылат” деген элеңиз...

– Ооба, башкысы идея. Аз акча менен деле шедевр жаратып койсо болот. Бирок экинчи планда баары бир акча турат да. Демек, кандайдыр бир деңгээлде акчадан көз каранды. Мен кыялымдагы клипти али тарта элекмин. Каржылык жактан колдоо болсо кесипкөй адамдарды жалдап туруп, укмуш эмгек жаратмакпыз. Эл деле бир нуктагы клиптерден, ырлардан тажап калды болуш керек, жаңы багыттарды ачканга аракет кылышыбыз керек. Ошол эле учурда өзүбүздүн колоритти унутпашыбыз зарыл.

– Артист кандай учурда маданиятка салым кошкон болуп эсептелет сиздин оюңузча? Ырчылыкка жаңы киришкендердин “маданияттын мыктысы” аталып жатышына кандай көз караштасыз?

– Ар бир адам көчөдө какырып-түкүрүнбөгөнү, сөгүнүп-сагынбаганы, туура сүйлөгөнү менен да маданиятка салым кошо алат. Артист болсо ыры, жараткан образдары менен салым кошот. Андай салым үчүн сыйлык алуу - артистке мотивация берет. Жеке мен эч кимден эч нерсе үмүт кылбайм. Жарата берем, ырдай берем. Биз адамдар менен эмес, Кудай менен эсептешишибиз керек. Жараткан өзү көрүп турат, эмгек кыла берели. Кааласа сыйлыкты да берет, кааласа алып коёт. Жанталашып жаман көрүнүп, бирөө алса, “эмнеге ага берет, мага бербейт” дегенди туура көрбөйм.

– Анткен менен калыстык деле болуш керек эмеспи...

– Эрте алышса, демек, тагдырына жазылган, ага буюрду. Кенедей, 200 грамдык нерсе үчүн аны менен конфликтке барып эмне кылам, мага эмне пайда андан? Ичи күйүп, көрө албастык кылган адам өспөйт. Алган кишиге Кудай кут кылсын. Бирок ар сыйлыктын өзүнүн жоопкерчилиги бар, ошону сезиш керек. Эмгек сиңирген артист аталып алып сөгүнүп-сагынып жатсаң уят да. Сыйлыкка татыктуу болуп, ошого жараша өзүңдү алып жүрүшүң зарыл.

– Туура. Жеке жашооңузда жаңылыктар барбы?

– Кудайга шүгүр, баары жакшы. Уулум 2 жашка чыгып калды, кызыма 4 ай болду. Уулум деле артист болот окшойт, бакырып ырдай берет. Сахнада бир Бакас, үйдө бир Бакас болуп жатат азыр. Колдон келишинче жакшы ата, жакшы күйөө болгонго аракет кылам. Келинчегиме менин чыгармачылыгымды, мүнөзүмдү туура түшүнүп жатканына аябай ыраазымын. Менин мүнөзүм бир топ да.

ЭМНЕ КЫЛМАКСЫЗ?

– Бишкек боюнча жол кыймылын көзөмөлдөөчү органдын башчысы болсоңуз...

– Талапты катуу коюп, айдоочулук күбөлүктү жол эрежесин жакшы билгендерге гана бердирмекмин. Мыйзамдарга баш ийип таза иштемекмин.

– Болливуддан башкы ролго сунуш түшсө...

– Сүйүнмөкмүн, албетте. Шахрух Хан менен ойнойсуң десе, ээ? Сонун го. Бирок адегенде сценарийди окуп, шарттарын укмакмын. Жаман нерсени пропагандалаган, кыргызды жамандаган кино болсо баш тартмакмын.

– 19 балаңыз бар болсо...

– Жыйырмага толуктап коймокпуз.

– Өлкөгө бир мыйзам киргизүүгө укугуңуз болсо?

– Байлар тапкан кирешесинин 30 пайызын колунда жокторго которуп турсун деген мыйзам киргизмекмин.

– Жашооңуздагы бир учурду өчүрүп салуу мүмкүн болсо?

– Текеберленген учурларымды өчүрүп салмакмын.

– Киши жашабаган аралда жалгыз калган болсоңуз?

– Жаныбарлардын тилин үйрөнмөкмүн.

– Эки аялыңыз болсо?

– Эки аял албайм мен, анткени адилеттүү боло албайм. Эрте өлүп калышым мүмкүн анда.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан