Каныбек Осмоналиев, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы: «КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ДУШМАНДАРЫ МЕНИ ПОПУЛИСТ ДЕП ЖАТЫШАТ, ДЕСЕ ДЕЙ БЕРИШСИН»

Мамлекеттик тил саясатын, кыргыз тилинин абалын жакшырталы деген аракет кимдердин уйкусун бузуп жатат? Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен ушул темада баарлаштык. “Мамлекеттик тил мыйзамын Жогорку Кеңештен өткөргөндөн кийин мага туш тараптан чабуул күчөп, 2 ай ичинде эки жолу инфаркт болдум” дейт ал.

– Саламатсызбы, Каныбек мырза? Жакында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам талкууланып, парламенттен талаш-тартыш менен өттү. Кыргыз тилинин абалын жакшырталы дегендердин бири катары сизге чабуул катуу болуп жатканын айтып чыктыңыз. Ал чабуулчулар кимдер?

– Кыргыз тилинин душмандары - мен интеллигентмин деп төшүн кагып, бирок керек учурда башын кумга катып алгандар болуп жатат. Элестеткиле, Союз учурунда, 1989-жылдын 23-сентябрында ал кездеги депутаттар кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деп мыйзам кабыл алып чоң эрдик жасашыптыр. Болбосо ал кезде басым, кысым кандай күчтүү эле. Ошол учурдун Камбаралы Бобулов, Казат Акматов, Медеткан Шеримкулов, Өмүрбек Текебаев өңдүү алысты көрө билген депутаттарына рахмат айтыш керек, мамлекеттик тил мыйзамын ошолор кабыл алышкан. Андан бери 34 жыл өттү, кыргыз тили канатын кере жайып бүркүттөй уча алган жок. Себеби мыйзамда кээ бир маанилүү беренелер так эмес жазылып калган. Мисалы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик же расмий тилди билиши керек деп турат. Бул жерде “же” деген сөз бычак менен эле шылыгандай болуп жатпайбы! Бирөөнү азыр “кыргызча сүйлө” десең, “мына, Конституцияда жазылып турат, расмий тилде сүйлөсөм болот” деп бетиңе такайт. Дагы бир беренеде мамлекеттик иш кагаздары мамлекеттик же расмий тилде жазылышы керек деп турат. Ушул “же” деген сөздүн айынан кыргыз тилин 30 жылдан бери жеп бүттүк. Мисалы, министрликтердин иш кагаздары 89 пайыз орус тилинде, 11 пайыз кыргыз тилинде жазылат экен. Министрликтердин, акимчиликтердин кызматкерлерине диктант жаздырдык, 70 адамдын 30у “2” деген баа алышты. Жумушсуз калабыз деп мени жаман көрүп жатышат. Кыргыз тили жок болуп кетпесин деп 40 беренеден турган мыйзам жаздык, сонун мыйзам болду. Жогорудагы “же” деген сөздү алып таштадык. Негизги тил кыргыз тили, зарыл учурда гана расмий жана башка тилдерге которулат деп жаздык. Ушундай катаал чараларга барганга туура келди. Эми ушул мыйзамды иштеп чыккандарга катуу чабуул башташты.

– Алар кимдер?

– Ким болмок эле... Кыргыз тилинин душмандары башка улуттар эмес, өзүбүздүн эле кыргыздар. Мени жегени аз калышты, бала-чакамдан бери асылып жатышат. “Этнофашист”, “популист” дешүүдө. Десе дей беришсин, алардын сөзү мага бир тыйын. Мен эмне байып кетейин деп, же керт башымдын кызыкчылыгы үчүн мыйзам жазып жатамбы? 2008-жылы Бакиев мени Билим берүү министрлигинен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жетекчи кылып которгондо да дал ушундай кырдаал түзүлгөн. Ал кезде “10 адамдын башы бириксе диний уюм деп эсептелсин” деген мыйзам бар болчу. Биз аны “диний уюм түзүш үчүн 200 адам биригиши керек” деп өзгөртүп, ушундан кийин майда-чүйдө секталардын аягы тыйылып калган.

– Жаңы мамлекеттик тил мыйзамына карата “айрым беренелери чийки”, “өтө катаал мыйзам” деген сын айтылууда...

– Мыйзамды 2012-жылы сунуштап чыкканбыз, 4 жолу артка жылдырылып, арадан 12 жыл өтүп кетти. Айрымдар кыргыз тилин үйрөнүш үчүн дагы канча жыл керек, айланайындар? Бул эмне оюнчукпу? Ушул 12 жылда кыргыз тилин жетиштүү үйрөнбөгөндөргө дагы 30 жыл берсең деле майнап чыкпайт. Мына, АКШнын элчисинин катчысы кыргыз тилин 3 айда үйрөнүптүр. Кептин баары каалоодо. Жакында Азербайжанга бардым, ал жерде орусча сүйлөсөң сени карап да коюшпайт экен. Азербайжан тилинде сүйлө деп талап кылышат. Бул көпкөндүк эмес, эне тилине болгон сый-урмат. Жаңы мыйзамдын кайсы жери чийки экен? Чийки дегендер – өздөрү чийки адамдар. Мисалы, министрликтер Таласка кат жөнөтүшсө, орус тилинде жазышат экен. Таластан кыргызча жооп беришсе “жок, орусчага которуп жибергиле” дешиптир, анткени борбордук аппаратта иштегендер кыргыз тилин билишпейт. Кыргыз тилине муктаждыкты биз өзүбүз түзүшүбүз керек. Көчөдөгү көрнөк-жарнактар да жүрөктү өйкөп бүттү, аларды биз көзөмөлдөй албайбыз, мэрияга карайт. Ал эми элдин сөгүшүн биз угабыз.

– Латын арибине өтүүгө аракет башталып жатабы ошондо?

– Латын алфавитине өтүү бизге бир аз эртелик кылат. Даяр эмеспиз.

– Бир жылдары сизди башкы прокуратура 14 студентти жогорку окуу жайга мыйзамсыз өткөргөн деп коррупцияга шектеп иш козгоду эле, ал иш эмне болуп бүткөн?

– Эми ал иштерди азыр айтуунун канчалык зарылчылыгы бар? Бирок, айтса айтып деле коё берем. Мен 20 чакты ата-энеси жок, колунда жок үй-бүлөнүн балдарына окууга өтүүгө жардам бергем. Мага алардын тизмесин ар кайсы депутаттар сунушташкан. Байкуш студент балдарды 1-курсту бүткөндөн кийин окуудан айдап салышты. Сотто алар менин таламымды талашып “бул киши болбосо биз окубай калат элек” деп көрсөтмө берип жатышты. Ал жерде мен эч кандай кылмыш кылган эмесмин. Азыр ошол окууну бүткөн балдардын алдыңкысы жакшы жерлерде иштеп жүрүшөт, шүгүр. Мени 2020-жылы Садыр Жапаровду колдоп митинг өткөргөндө да камашкан. 4 ай СИЗОдо отурдум. Болбосо ошол митингде башаламандыкты ошол учурдун бийлиги өздөрү уюштуруп бизге төңкөп коюшту да. Мен бир нерсеге ыраазымын, чындык үчүн күрөшкөнүмө. Азыр деле анча-мынча нерселери ашып-ташып баратса сын айтканга күчүм жетет.

– Өмүр бою илим тармагында келе жатасыз. Балдарыңыздын ичинен сиздин жолуңузду жолдогондор барбы?

– Балдарымдын баары бутка турушкан, өз турмуштары менен. 4 уул, 1 кызым бар. Кызым менин жолумду улап, учурда магистратураны бүтүп жатат. Буюрса, менден өткөн окумуштуу болуп чыгат. 3 бөлмөлүү батирде жашайт элем, жакында уулум менен келинимди бөлүп 2 бөлмөлүү батирге чыгардык. Өзүбүз 1 бөлмөлүү батирде жашап жатабыз. Үйүң кичинекей болсо жакшы экен, чачылбайт, чачылса да тез жыйналат. Ашканада кээде жубайыма кол кабыш кылып идиш-аяк жуушуп калам. Кошумча бизнесим – үйдө 7000 китеп бар, ошону окуйм Канча мамлекеттик кызматта иштесем да китеп окуганга дайыма убакыт табам, 1 күн да илимди таштаган жокмун. Азыркыга чейин Кыргыз улуттук университетинде ядролук, атомдук физика боюнча лекция окуйм. Мамлекеттик тил комиссиясына былтыр “кыргыз тилине менеджер болуп бериңиз” деп чакырышты. Кудайга шүгүр, аракетибизге жараша жыйынтыктар болуп жатат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан