Эмирлан Жеңишбеков, көк бөрүчү: “ДОСТУКТУ” ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКИРҮҮ КЫЯЛЫМ БОЛЧУ”

9-Май күнү көк бөрү боюнча Жеңиш кубогу жыйынтыкталды. Турнир бул жылы Жалал-Абад облусундагы "Телтору" ат майданында өткөрүлүп, 34 команда катышты. Мындай ири масштабдагы турнир Жалал-Абад жергесинде биринчи ирет өтүп, 9 күн бою ат майданга көрүүчү толо келди. Жогорку лигада 2019-жылдан бери жеңиш даамын тата элек "Достук" командасы "Ынтымак", "Сары-Өзөн" командаларын жеңип, чемпиондук тактыны ээлешти. Оюндан кийин коргонууда өздөрүн мыкты көрсөтүшкөн бир тууган Жеңишбековдорду кепке тарттык.

– Салам, жигиттер, жеңиш кут болсун! Сезимдер менен бөлүшө кетсеңер...

Эмирлан: – Рахмат. Кудайга шүгүр, сонун сезимдер болуп жатат. Бул ”Достук” командасынын, күйөрмандардын көптөн бери күтүп келе жаткан жеңиши десем болот. Ушул жеңишке жетүүгө салым кошконума өтө кубанычтамын.

Элдияр: – Бул менин Жогорку лигадагы алгачкы жеңишим. Жакшы сезимдер болуп жатат. Бирок улакка эрте аралашып калганымданбы, айтор, алып учуп деле кеткен жокмун.

– Эрте баштагам дедиң, качантан бери ойноп келе жатасың? Жогорку лигада ойногон жеңил эле болдубу?

Элдияр: – 15 жашымдан эле командада ойноп баштагам. Алчач «Көк жал» командасына киргем. 15 жашымда мени коргоочу болуп оюнга чык деп чакырышып Жогорку лигада ойноп калгам. Мен ошол учурдан тартып эле чоң, тажрыйбалуу байкелер менен чогуу улак тартып жүрдүм, көп оюндарды көрдүм десем болот. Мен мурдатан эле Жогорку лигада ойноп, баары менен аралашып жүргөнгө мага эч кандай кыйынчылык жараткан жок.

– «Нооруз» турниринен кийин силерге чоң үмүт артып командага алышты да. Өзүңөр деле жыйынтык көрсөтсөк экен деп күйүп-жанып турган болушуңар керек?

Эмирлан: – Иним экөөбүз чогуу бир командада ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтсөк деп быйылкы оюндар башталганда эле ниет кылганбыз. «Нооруз» турнири өтүп жаткан учурда ар кайсы командадан сунуштар түшө баштады, алардын арасында «Достук» дагы бар эле. Көп командалардан баш тарттым. Иним экөөбүздү чогуу чакырганы үчүн «Достукту» тандадым.

– Бир тууганың менен бир командада ойногон ыңгайлуубу?

Эмирлан: – Бир тууганың менен чогуу ойногон өтө жакшы экен. Бир үйдө чогуу өскөнгө бири-бириңди көз караштан эле түшүнөсүң, ишенесиң дегендей.

– Команда кандай кабыл алды?

Элдияр: – Баары эле тааныган, чогуу ойноп калган байкелер болгондуктан бат эле аралашып, жакшы түшүнүшүп, бир туугандай болуп калдык.

– Окурмандарга өзүңөрдү тааныштыра кетсеңер. Көк бөрүгө кызыгуу эмнеден улам пайда болду эле?

Эмирлан: – Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылынан болобуз. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, кичинекей инибиз бар. Биздин атабыз да улакчы болгон. Улуулар 1997-жылдардагы «Таш билек» деген команда тууралуу айтып калышат го. Атабыз ошол командада ойногон. Жер улакты дагы катуу тартчу, биз да ата жолун жолдоп жер улак тартып, көк бөрү ойноп жатабыз. Мен алгач жер улак тартчумун, ошол жактан көзгө илинип, көк бөрү командаларына чакырылгам. Кичинемден эле улакчыларды ээрчип, аларга жардам берип жүрө берчүмүн. Жогоруда айткандай, алгач «Көк жал» командасында оюн көрсөткөм. Анан «Достукка» келдим. Былтыр «Сары-Өзөндө» ойноп, 9-Майда чемпион болдук.

– Экөөңөрдүн тең улак ойногонуңарга жакындарыңардын көз карашы кандай?

Элдияр: – Көз карашы түз. Ар дайым ак тилегин айтып узатышат.

Эмирлан: – Үй-бүлөбүздө баары улакка кызыккан кишилер болгондуктан каршы пикирде эч ким жок. Жубайым да улакчынын кызы, анын да көз карашы түз.

Элдияр: – Мен башында жер улакка байкемди ээрчип барып, байкеме күйөрмандык кылып колдоп жүрчүмүн. Бир күнү байкемдин жанында шериги жок болуп калды, анан мен кошулдум. Ошентип мен да жер улактан жакшы жыйынтык көрсөтө баштадым. Анан «Ала-Тоо» командасы курамына чакырды. Ошентип кайра эле Жогорку лигада ойнодум. Анан «Ала-Тоо» чачырап кетти. Азыр чакыруу менен келип «Достукта» оюн көрсөтүп жатабыз.

– Чакыруу менен келдик деп калдыңар, гонорарыңарды билсек болобу?

Эмирлан: – Ал сыр бойдон эле калсынчы. Эң негизгиси көңүлүбүзгө туура келди.

– Оюн талаасындагы позицияңар тууралуу сүйлөшсөк...

Эмирлан: – Экөөбүздүн тең позициябыз коргоочулук, тай казанды коргойбуз, чабуулчуга жол ачып беребиз. Каршылаш тарап чабуулга чыкса улакты жулабыз, жолун торойбуз, ыңгайы келсе эңебиз, улак салабыз дегендей.

– Бул турнирде өз милдетиңерди мыкты аткардыңар көрүнөт, оюнуңар купулуңарга толдубу?

Эмирлан: – Бизге жакшы аттарды мингизип, оюн көрсөтүүгө шарт түзүп берген жетекчилерге да рахмат. Оюн талаасында мыкты ат болбосо миң кыйын болсоң да эч ким эмессиң.

– Турнирдеги атаандаштарыңар тууралуу сөз кылалы, эсеп санында айырмачылык чоң болду.

Эмирлан: – Эми Жогорку лигада жөнөкөй команда жок. Баарында эле күчтүү балдар бар, аттары да жакшы. Алгачкы оюнда Биринчи лигадан Жогорку лигага жаңы эле көтөрүлгөн «Жаштык» командасына туш келдик. Алар менен да өтө курч оюн болду. Аттар баспай калганга чейин кармаштык, буту-кол көгөргөнчө ат салыштык. Ал эми «Ынтымак» көк бөрүдө фаворит саналган команда. Алар менен эки тайм салгылашып келип, 3-таймда гана жеңиш биз тарапка ооду. Финалдагы атаандашыбыз «Сары-Өзөн» менен да оюн оңой болгон жок, оор болду. Башында чабуул алар тараптан жасалып, эсеп санын алар ачышкан. Бирок биздин оюн жүрүшүп кетти. 9:3 эсебинде жеңишке жетиштик.

– Былтыр 9-Майда «Сары-Өзөн» Жеңиш кубогун жеңген эле, ал учурда «Сары-Өзөндүн» жеңиши үчүн жан үрөгөнсүң да, каршы ойногондо сезимдер кандай болду?

– Бул клубдук оюн да. Ойногон клубуңдун кызыкчылыгы биринчи орунда турат. 2021-жылы чоң командага жаңы кошулган жылдарым болчу. Ошондо буллитте сала албай калып, «Достук» командасынын утулушуна себепкер болгом. Ошол кезде «бир убакта «Достукту» чемпион кылам» деп кыялдангам. Ошол кыялым орундалды десем болот.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан