МЭЭ ЖАРАКАТКА КАБЫЛСА...

Кырсыктаган адамга “мээси чайкалган” деген диагноз көп коюларын угуп-көрүп эле жүрөсүз. Мээнин чайкалышы же жанчылышы... Мындай учурда дарыланбай койсо кесепети кандай болушу мүмкүн? Бишкектеги №1 клиникалык ооруканасынын ангионеврология бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Кадыров кеңеш берет.

МЭЭНИН ЧАЙКАЛЫШЫ

– Мээ – борбордук нерв системинин башкы органы, бардык дене мүчөлөрүн, булчуңдарды башкарат. Башкача айтканда, дененин маэстросу. Мээни катуу, желе сымал жана кан тамырлуу делген 3 чел кабык каптап турат. Кан тамырлуусунда артерия, вена, капиллярдык кан тамырлар көп. Алар мээге кычкылтек ташып, аны азыктандырып турушат.

Аталган 3 чел кабыктын арасында жүлүн суюктугу бар. Чел кабыктар менен жүлүн суюктугунун милдети – адам кыймылдаганда мээни баш сөөктүн урчуктарына урунтпай, жаракат алдыртпай сактап туруу. Калыптагы мээ баш сөөктүн ичинде калкып жүргөндөгүдөй абалда болот.

Айрым учурларда мээ чайкалат. Мисалы, мушташта же спорттук мелдештерде башка катуу сокку тийгенде, катуу бир нерсени сүзүп алганда. Мындай учурда калкып тургандагыдай абалдагы мээ сүрүлүп барып сөөк урчуктарына урунат. Адамды желкеге урганда мээ чекедеги, оң чыкыйга урса мээ сол чыкыйдагы сөөк урчугуна урунат. Мээнин ошентип сөөк урчугуна катуу урунуусу медицинада “мээнин чайкалуусу” деп аталат. Мээнин чайкалган бөлүгүнүн тегерегиндеги кан тамырлар ичкерип, жыйрылып, капталдары (стенка) жабышып калат. Ошол себептүү ал бөлүктөгү клеткаларга азык-зат, кычкылтек жетишерлик барбай, мээ толук түрдө иштей албай калат. Мисалы, соккудан мээнин көрүүнү башкарган бөлүгү жабыркаса, көрүү начарлайт. Угуу бөлүгүнө зыян келсе, угуу начарлайт. Мээ начар иштей баштаганда ички органдардын да иштеши начарлайт.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

Баштын оорусу

Көңүл айлануу, кусуу

Кубат кетип, тердөө

Уйкунун начарлашы

Тамакка табиттин жоголушу

Басканда баштын айланышы, теңселүү

МЭЭНИН ЖАНЧЫЛУУСУ

– Жогоруда мээде артерия, вена жана капиллярдык кан тамырлары көп чел кабык бар дедик. Баш катуу нерсеге тийип, урунуп, сокку алганда мээ катуу чайкалгандан тышкары нейрондор жана чел кабыктагы кан тамырлар жарылып, мээге кан куюлуп кетет. Бул мээнин жанчылуусу (ушиб, контузия) деп аталат. Мээнин жабыркаган бөлүгү шишийт. Уюган кандан улам мээ баш сөөктүн ичине батпай кысылат. Бул сөөк алдындагы басымдын жогорулашына жеткирет.

Чоң кан тамырлар жарылса мээге көбүрөөк кан куюлуп, уюп калат. Адамдын абалы өтө оорлойт. Мээ жеңил, орто, оор деңгээлде жанчылышы мүмкүн.

Айта кетчү нерсе, ичимдикке берилип кеткендердин мээси канчалык бир деңгээлде кургап, көлөмү кичирейип кетет. Ал эми баш сөөктүн көлөмү өзгөрбөйт. Андыктан мээ баш сөөктүн ичинде бош абалда шылкылдап калат. Сокку акырын тийген учурда деле мээ сөөк урчугуна урунуп, кан тамырлар жарылып, мээге кан уюп калышы мүмкүн.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

Баштын кескин катуу оорушу, айланышы, кусуу

Кол-буттун күчүнүн жоголушу, теңселүү

Сүйлөй албай, укпай калуу мүмкүн

Эстен тануу. Адам эсине келгенде деле жаракатка чейинкилерин же андан кийинкилерин убактылуу унутуп коюшу мүмкүн. Мээ катуу жанчылганда адам комага түшүп калуусу ыктымал

ДИАГНОЗ

Мээнин жаракатын аныктоодо баштын рентгени, электроэнцефалография (ЭЭГ), магниттик-резонанстык томография же компьютердик томография керектелет.

ДАРЫЛОО

Мээнин чайкалуусу же жанчылуусунун белгилери билинер замат “Тез жардамды” чакыруу же бейтапты жаткызып дароо ооруканага алып баруу кажет. Эки учурда тең жатып дарылануу кажет. Дарылоодо мээнин иштешин калыпка келтирүүчү, мээдеги кан айланууну жакшыртуучу, уюган канды эритип таратуучу дары-дармектер, витаминдер топтому, антибиотиктер жана башкалар берилет.

ДАРЫЛАНБАСА ЭМНЕ БОЛОТ?

Дарыланбаса, мээнин кайсы бөлүгүнө доо кетсе, ошол бөлүктүн иштөөсү бузулган бойдон калат. Мисалы, мээ катуу жанчылса адам сокур же дүлөй болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары акырындап талма оорусу жаралат. Кыскасы, адам майыптыкка учурайт.

Айрымдар “мээм жеңил эле чайкалыптыр” деп дарыланбай коюшат. Мындайда оорунун белгилери акырындап жоголот. Бирок адам алсырап, тез чарчап, туталанма боло баштайт. Ойлоо жана иштөө жөндөмдүүлүгү, эс-тутуму улам начарлай берет. Агрессия камтылган кинолор, үйдөгү чыр-чатактар, стресс кошулуп мээнин жабыркаган бөлүгүнө ого бетер күч келтирип, аягында неврологиялык же психикалык ооруга жеткирүү коркунучу бар.

ЭМНЕ КЫЛУУГА БОЛБОЙТ?

Мээ жаракат алганда ысыкта жүрүүгө, мончого, саунага барууга, кара жумуш жасоого, көп эңкейүүгө болбойт

Спирт ичимдиктерин жана ачуу тамактарды жеп-ичүүгө, тамеки тартууга болбойт

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан