САНСЕВИЕРИЯ ГҮЛҮ

Көпчүлүк “кайнененин тили” деп атаган сансевиерия гүлү ысыкта өзүн жакшы сезет, ал үчүн идеалдуу температура +18°Cдан башталат. Эң төмөнкү чеги +14°С. Суукта өлүп калышы мүмкүн.

Абанын нымдуулугу – сансевиерия кургак абага чыдамдуу, ал тез-тез суу чачууну же чөйрөнүн белгилүү бир нымдуулугун талап кылбайт. Негизгиси, жалбырактарды нымдуу жумшак губка же чүпүрөк менен аарчып туруңуз.

Орду жана жарыктандыруу – сансевиерия жасалма жарык менен өсө алат. Анын көлөмү, түсү, гүлдөөсү жарыктан көз каранды. Өсүмдүктүн чоң жана ачык түстө болушу үчүн ал күн нуру жетиштүү жерге коюлушу керек.

Сугаруу – бул гүл жалбырактарында керектүү нымдуулукту сактайт, бул аны тынымсыз сугарып турууга зарылдык жаратпайт. Жазында жана жайында жумасына бир жолу, ал эми күзүндө жана кышында топурагы толугу менен кургаганда сугарса жетиштүү.

Азыктандыруу – жер семирткичтерди жарым жыл болгондон баштап берсе болот. Жаз, жай мезгилдеринде жер семирткичтер ар бир 3-4 жумада бир берилет. Кышында азыктандыруу сунушталбайт. Фосфор, кальций жана калий басымдуу болгон кактустарга жана суккуленттерге арналган суюк минералдык жер семирткичтер ылайыктуу. Сансевиерия азотту жактырбайт, ашыкча азот тамыр системин чиритип салышы мүмкүн.

Которуу – сансевиериянын тамырлары абдан күчтүү жана активдүү өсөт. Андыктан жаш гүлдөрдү 1-2 жылда, чоңдорун 3 жылда бир жолу которуу керек. Которуу гүлдүн көрүнүшүнө карап аныкталат: сабактар гүл челектин сыртына чыга баштайт. Которуу учурунда тамырларга зыян келтирбөө кажет.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан