Байыркы римдиктер, гректер капустаны бардык ооруларда жардам берүүчү азык катары санашкан. Курамындагы клетчатка, микроэлементтер организмди тазалоого, баш оору, уйкусуздук менен күрөшүүгө көмөктөшөт. “Жашылчалардын ханышасы” аталган капусталардан сиздер үчүн өзгөчө рецепттерди камдадык.
ПЕКИН КАПУСТАСЫНАН ГОЛУБЦЫ
Керектелүүчү азыктар
(2 порция үчүн):
Пекин капустасы – 300 грамм
Толтурмасы үчүн:
Күрүч – 60 грамм
Пияз – 1 даана
Болгар калемпири – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Баклажан же кабакча – 100 грамм
Зайтун же өсүмдүк майы – 4-5 аш кашык
Туз – татымына жараша
Соус үчүн:
Помидор – 100 грамм
Сарымсак – 3-4 тишче
Чили, табаско же башка ачуу соус – 1 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Пекин капустасынын жалбырактарын айрып албастан өзөгүнөн ажыратабыз. Кайнак сууга 1-2 мүнөт салып жумшартып алуу керек.
2. Күрүчтү муздак суу менен таза жууп, туз салынган кайнак сууга чала бышырып алабыз. Суу күрүчтүн өлчөмүнөн көп болбошу керек.
3. Жашылчаларды жууп-тазалап, майда чарчы туурайбыз.
4. Ысып турган көмөч казанга май куюп, пиязды жумшарганча кууруйбуз да, үстүнө сабизди салып 3-4 мүнөт демдейбиз. Эми баклажан менен болгар калемпирин салып, туз кошуп 3-4 мүнөт отто кармап чыгарабыз.
5. Күрүчкө куурмачты кошуп аралаштырсак толтурмасы даяр болот. Аны капустанын жалбырактарына 1 аш кашыктан салып, эки капталын жаап оройбуз. Голубцыны бууга да, электр мешине жарым саат коюп да бышырууга болот. Электр меши 180 градус ысык болушу керек.
6. Соус даярдоо: помидорду ысык сууга 10 мүнөт салып, кабыгын аарчып блендерге салабыз. Үстүнө сарымсак, ачуу соус, туз, мурч кошуп эзебиз. Голубцыбызга арналган соусубуз даяр!БРОККОЛИ КОШУЛГАН СПАГЕТТИ
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Спагетти – 150 грамм
Брокколи – 120 грамм
Кургатылган помидор – 1 аш кашык
Помидор (черри) – 100 грамм
Сарымсак – 3 тишче
Зайтун же өсүмдүк майы – 40 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Песто соусу үчүн:
Зайтун майы – 60 миллилитр
Сарымсак – 3 тишче
Петрушка – 30 грамм
Райкан – 50 грамм
Туз, мурч – 2 чымчымдан
Даярдоо ыкмасы:
1. Спагеттини кайнак сууга салып чала бышырып алабыз.
2. Песто соусун даярдоо үчүн керектүү азыктардын баарын блендерге салып эзебиз.
3. Көмөч казанга май куюп, ысып чыкканда майдаланган сарымсакты, брокколини кошуп кууруйбуз. Кургатылган помидорду жана тең экиге бөлүнгөн черри помидорун кошуп, үстүнө татымына жараша туз, мурч себелейбиз. 3 мүнөт үстүн жаап коёбуз. Эми үстүнө спагетти жана песто соусун кошуп аралаштырабыз. Тамагыбыз даяр!ШНИЦЕЛЬ
Керектелүүчү азыктар:
Жаш капуста – 1 даана
Өсүмдүк май – 100 миллилитр
Үбөлөнгөн нан (панировочные сухари) – 100 грамм
Ун – 300 грамм
Крахмал – 50 грамм
Суу – 250 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Шницель тоок этинен жасалуучу тамак. Бул ыкма менен даярдалган капуста даамдуу болот. Капустаны тазалап тең экиге бөлөбүз. Ал бөлүктөр дагы ичке бөлүктөргө бөлүнөт. Алардын ар биринин ортосундагы өзөгү калышы керек. Кайнак сууга туз татытып, капуста кесимдерин 3-5 мүнөт салып жумшартабыз. Анан алып чыгып суусун сарыктырабыз.
2. Кляр даярдоо үчүн ундун 200 граммына крахмалды кошуп, үстүнө 250 миллилитр муздак суу куюп аралаштырабыз.
3. Калган унга туз, мурч салып аралаштырабыз. Капуста кесимдерин ага оонатып, аны кайра клярга малып, андан чыгарып үбөлөнгөн нан күкүмдөрүнө жакшылап оонатабыз.
4. Көмөч казанга май куюп, ысып чыкканда капуста кесимдерин салып эки тарабынан кызартып чыгарабыз. Ичи-сырты кыртылдаган шницель даяр!АЧЫТЫЛГАН КАПУСТАДАН ВИНЕГРЕТ
Керектелүүчү азыктар:
Ачытылган капуста – 250 грамм
Кызылча – 300 грамм
Картошка – 250 грамм
Сабиз – 100 грамм
Туздалган бадыраң – 180 грамм
Консерваланган буурчак – 150 грамм
Консерваланган козу карын – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 130 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач сабизди чийки бойдон сүргүчтүн ичке тишинен өткөзүп, туз себелеп үстүн жаба турабыз.
2. Кызылча менен картошка сууга бышырылат. Кызылчаны аарчып, чарчы бөлүктөргө бөлөбүз да, өсүмдүк майынан 3-4 аш кашык куюп аралаштырып коюу керек. Бул кызылчанын түсүн сактоого жардам берет.
3. Картошка менен туздалган бадыраңды да тазалап, төрт чарчы туурайбыз.
4. Бардык азыктарды бириктирип, ачытылган капустаны, консерваланган буурчакты, козу карынды кошобуз. Үстүнө өсүмдүк майын куюп, туз, мурч кошуп аралаштырабыз да, тарелкаларга салып, фантазияга жараша кооздоп дасторконго суна берсек болот.
Асел Ишенбай кызы