Айнура Салахидинова, ырчы: “ТУРМУШКА БАШКАЧА КАРАП КАЛДЫМ”

Белгилүү ырчы, жадыраган жубай, эне, мугалим, аракетчил адам Айнура Салахидинова менен кубанычы, өкүнүчү, сыймыгы, ырлары тууралуу сүйлөштүк. Той-концерттерге гана эмес, мугалимдик кылып окуучуларга комуз үйрөткөнгө, үй-бүлөгө көңүл бурганга, аны менен катар жеке бизнести башкарууга да жетишип жаткан айым эмнелерди айтат, маекке көз чаптырыңыз.

– Айнура эже, кандайсыз? Чыгармачылыгыңыз жайындабы?

– Жакшы, рахмат. Негизи бардык чыгармачыл адамдардай эле дайым изденүүнүн үстүндө жүрөм. Биз трио болуп ырдап жүрбөйбүзбү. Быйыл жеке чыгармачылыгыма көбүрөөк көңүл бурайын деп турам. Топтогу кыздар менен деле ырдай берем, болгону жеке чыгармачылыгыма өзгөчө басым жасайм, буюрса. Жакында “Маанай” деген жаңы ырым чыкты, ошол ырыма клип тартайын деп пландап жатам. Жаңылап ырдаган ырларым да бар. Мындан тышкары мектептерде окуучуларга комуздан сабак берем, жеке бизнесим бар, үй-бүлөлүк жашоо, айтор, баарын бирдей алып кеткенге аракет кылып эл катары иштеп жүрөм.

– Жашооңуздагы абдан жагымдуу бир учурду сүрөттөп айтып берсеңиз...

– Жеке бизнесим бар дебедимби. Жакшы бир компанияда кызматкерлерге тамак-аш жасап беребиз. Ошол жактан жолдомо утуп алып, үй-бүлөбүз менен Египетке барып эс алып келдик. Көп жылдан бери, ата-энем, үй-бүлөм менен чогуу чет өлкөдө эс алып келсек деп кыялданып жүрчүмүн. Апам, сиңдим, жолдошум, кызым болуп барып келдик. Баары оюмдагыдай болду. Эстен кеткис сонун көз ирмемдерди жашадык. Ушул окуяны өтө жагымдуу учур деп айтсам болот.

– Жаш кошулган сайын адам жашоодон сабак алып, кайсы бир сапаттары өзгөрүп, турмушка башкача көз караш менен карап калат экен. Сизде эмнелер өзгөрдү, 25 жаштагы Айнура менен азыркы Айнуранын айырмасы эмнеде?

– Туура, турмуш тарбиялайт экен. Мурда болбогон эле нерсеге капаланып, ойлоно берчү болсом, азыр андай эмесмин. Сен капаланып жаткан нерседен да кыйын абал болушу мүмкүн. Айрыкча атамды жоготкондон кийин майда-чүйдө нерселерге кейибей калдым. Тирегим атам деле өтүп кетти го дүйнөдөн, чоң өкүнүчүм ушул. Турмушка башкача карап, сабырдуу болгонго аракет кылам. Балдарыма татыктуу тарбия берүү, аларга жакшы үлгү болуу тууралуу көп ойлоном, аракет кылам.

– Шоу-бизнес жашооңузга терс таасирин тийгизген учур болдубу?

– Жок, андай болгон жок. Тескерисинче, жалаң оң таасири тийди. Чыгармачылыктын арты менен ийгиликтерге жеттим, жолдошума жолуккам. Жакшы досторду, күйөрмандарды күттүм.

– Шоу-бизнесте чыныгы достук болбойт деп айтышат, сиздин оюңуз?

– Жок, андай ойго кошулбайм. Балким, башкаларда ошондой тажрыйба болгондур. Ар кимдин ою ар кандай да, ар адамдын мүнөзү, адамдык сапатына жараша болот бардык нерсе, достук да ошондой деп ойлойм. Мен тескерисинче, чыгармачылыктан жакшы курбуларды күттүм, алар менен бүгүнкү күнгө чейин бир тууган эже-сиңдидей катташабыз, жамандык, жакшылыктарда бири-бирибизди колдойбуз, бири-бирибизге күйүп, кемчилигибиз болсо айтып, оңдогонго аракет кылабыз. Өзүбүз эле эмес, күйөөлөрүбүз да бири-бири менен жакын достордон болуп калышты.

– Интернетке абдан байландык. Бир учурда интернет, социалдык тармактардын баары жок болуп кетсе, жашооңуз эмне болот, элестетип көрдүңүз беле?

– Чынында социалдык тармактарга көнүп калыптырбыз. Инстаграмга катталганыма 10 жыл болуп калыптыр. Ооба, өтө көп пайдасы бар. Бир жагынан балдар үчүн терс таасири да жок эмес. Жеке мен үчүн социалдык тармактар жакшы нерсе. Мурда телекөрсөтүү, радиолор болчу да жарнама аянты. Азыр социалдык тармактар мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип койду. Баары Кудайдын буйругу менен да. Жок болуп кетсе, айла жок, ага да баш ийебиз. Анда дагы башкача жолдор чыгар.

– Жашоодо эң чоң сыймыгым деп эмнени айта аласыз?

– Үй-бүлөмдү айта алам. Балдарым менен сыймыктанам. Алар менен алдыда дагы көп сыймыктангым келет, көп ийгиликтерге жетсе экен деп тилек кылам.

– Жашоодо сизге айтылган эң баалуу кеңештин ээси ким?

– “Унчукпаган адам тоодой балээден кутулуптур”. Апам ушул сөздү көп айтат. “Сен айтыша бербе, унчукпай койсоң, урушуп жаткан киши да уялып унчукпай калат” дейт. Апамдын ушул кеңешин эстеп көп жерден унчукпай жеңгенге аракет кылам. Ушул кеңештин артынан жакшы ийгиликтерге жетип жатам десем болот, Кудайга шүгүр.

– Ийгиликтер арта берсин, бактыңыз соолубасын!

АКЫРКЫ ЖОЛУ...

– Эмнеге кубандыңыз?

– Өткөн аптада жолдошум экөөбүз Динара Акулова эжекебиздин чай-концертине барганбыз. Концертте лотереялык билет ойнотулду. Жолдошум Түркияга жолдомо утуп алды. Ошондо орудубуздан секирип тура калып жаш баладай кубанып укмуш болуптурбуз. Аны кийин видеодон көрүп аябай күлдүм.

– Эмнеге жүрөгүңүз ооруду?

– Былтыр атам өтүп кеткенде катуу жүрөгүм ооруду, депрессияда жүрдүм.

– Өлкөдөгү кайсы көрүнүш зээниңизди кейитти?

– Чоң окуялардан айтсам, Баткен окуясы аябай зээнимди кейитти.

– Эмнеге көп акча короттуңуз?

– Ашканадагы гарнитурубузду жаңырттык. Ошого көп акча кетти.

– Сиз уккан шоу-бизнестеги жаңылык?

– Шоу-бизнесте күндө эле жаңылык болуп турат да. Урмат Усенов менен Нелянын айымдар үчүн фитнес-сулуулук борборун ачканы жаңылык болду мен үчүн.

– Сиз үйрөнгөн жаңы нерсе эмне?

– Өзүм иштеп жаткан компаниядагы жаңы маркетинг планын окуп чыгып, үйрөндүм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан