Бир бүркүм. БИШКЕК–РАЗЗАКОВ АБА КАТТАМЫ ЖАНДАНАТ...

8-май күнү Ноокен районунда үйлөрдүн бири өрттөнүп, 1 адам каза тапты.

Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 47 миңден ашык абитуриент катышары маалымдалды.

18-майда Пекинде Кытай – Борбордук Азия саммити өтүп, ага 5 өлкөнүн президенттери катышат.

8-май күнү Сокулук районунда 6 жашар бала Чоң-Чүй каналына чөгүп кетип каза тапты.

Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргыздын жаңы башкы консулдуктары ачылары маалымдалды.

Өзбекстанда быйыл 9-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрү жарыяланды.

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды.

Чүйдүн Аламүдүн районундагы дыйкандар сугат суу бериле электигин айтып даттанышууда.

Кабыл Искаков Токтогул РИИБинин жетекчиси болуп дайындалды.

16-майдан тарта Бишкек–Раззаков аба каттамы жандана турганы айтылды.

Надира Жусупбекова билим берүү жана илим министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Нурлан Шакиев, парламент төрагасы: "Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, бирок негативди гана айтып, жазабыз".

Жогорку Сот БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимовду алдамчылык боюнча күнөөлүү деп тапты.

Кыргызстан быйыл Орусиядан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алганы жатканы айтылды.

ТИМ Кыргыз жарандарын учурда баш аламандык жүрүп жаткан Пакистанга барбай турууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Казакстанга расмий иш сапары менен барары маалымдалды.

Быйыл өлкөдө 167 мектеп бүтүрүүчүсүнө артыкчылык аттестаты берилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан