БАШ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮ КЕРЕКПИ? АКЫЛБЕК ЖАПАРОВДУ ОТСТАВКАГА КЕТИРҮҮ СУНУШУН ПАРЛАМЕНТ ЧЕТКЕ КАКТЫ

Парламент 10-майда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын министрлер кабинетин отставкага кетирүү сунушун талкуулады. Фракция лидери Адахан Мадумаров Акылбек Жапаровдун командасы Конституциянын 44-беренесинин 2-пунктун аткара албаганы үчүн отставкага кетиши керек деди. 44-берененин 2-пунктунда минтип жазылган: “Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат”.

Азыркы тапта Кыргызстанда жашоо минимумунун суммасы 6800 сомду түзөт. Демек, Конституцияда убада кылынгандай, пенсия, жөлөк пулдардын суммасы 6800 сомдон кем болбоого тийиш.

2023-жылдын 20-апрелинде Конституциялык сот “Бүтүн Кыргызстандын” демилгесинен кийин Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-пунктуна түшүндүрмө берип, “бул беренени мамлекеттин түздөн-түз милдети катары түшүнбөш керек” деп билдирген.

– Пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык жардамдын өлчөмүн аныктоо өлкөнүн экономикасынан жана мүмкүнчүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда көрсөтүлгөн жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмүн белгилөө мамлекеттин түздөн-түз милдети деп түшүнүүгө болбойт. Аны мамлекеттин максаттуу багыты катары кароо керек,- деп белгилейт Конституциялык сот.

Мадумаров 10-майда парламентте Конституциялык соттун бул чечимин сындады:

– Конституциянын 44-беренесине ылайык, бүгүн пенсия, жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек. Бүттү, башка сөз болушу мүмкүн эмес. Бул Мадумаровдун эмес, Конституциянын талабы. Конституциялык сот “өкмөт алына жараша айрым милдеттерин аткарбай койсо боло берет” деген чечим чыгарыптыр. Ушундан кийин ким Конституцияга ишенет? Мисалы, Баш мыйзам боюнча жарандарга жалпы билим берүү – милдеттүү. Эртең бир мектеп “биз анте албайбыз” деп чыкса эмне кыласыңар? Өкмөт өзү аткарбаса боло берет, биз аткарбасак болбой калабы деген маселе көтөрүлөт. Мен мыйзамдын аткарылышын гана талап кылып баарыңарга жаман көрүнүп жатам, туура эмес айтып жатсам, аргумент келтиргиле,- деди.

Депутат Мирлан Самыйкожо Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү менен маселе чечилбей турганын, андан көрө Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүүнү сунушташы керек экенин айтып чыкты.

– Азыркы Конституция шашылыш, популизм менен кабыл алынганы чын. Балээнин баары ушунда болуп жатат. Ошондуктан Баш мыйзамдын редакциясын кайра карап чыгууну сунушташ керек,- деди Самыйкожо.

Парламенттин тийиштүү комитети “Бүтүн Кыргызстандын” сунушун четке кагууну сунуштап, сунуш көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан