– Былтыр курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары көп экен деген сын айтылып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Биз алардын укуктарын кыскарттык. Азыр баары мени жаман көрүп жатышат. Мындан ары делегат 1 жолу гана шайланат, курултайга катышып сөз сүйлөп, сүрөткө түшөт, бүттү. Ушуну менен анын ыйгарым укугу түгөнөт. Буга чейин 3 жылга шайланат, айыл, райондордо курултай өткөрүп жергиликтүү бийликтен отчёт сурайт, акимге ишенбестик көрсөтөт деп сунушталып жаткан,- деди депутат Жанар Акаев.
Депутат Эмил Токтошев элдик курултайдын делегаттарын 2 жылда 1 чогула турган кылыш керек дейт.
– Эч нерсе деле чечишпейт. 2 жылда 1 чогулуп, мактачу кишисин мактасын да, тарап кетишсин,- деди ал.
Айта кетсек, былтыр Элдик курултай жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитети колдоодон баш тартып, аны толуктап иштеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окуудан кабыл алды, депутаттык комиссиянын сунуштары 2-окууда талкууланат.