УКРАИНА КМШдагы ӨЛКӨ ЛИДЕРЛЕРИНИН МОСКВАГА БАРЫШЫН СЫНДАДЫ

Украина КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин Москвага барып, Кызыл аянттагы парадга катышканын достукка жатпаган кадам деп баалайт. Мындай маалыматты Украинанын Тышкы иштер министрлиги жарыялады. Маалыматта "Кыргызстан, Казакстан, Армения, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын президенттеринин Москвада коомдук иш-чарага катышканын Украинага карата адепке сыйбаган жана достукка жатпаган, Украина элине урматсыздыкты көрсөткөн кадам катары карайбыз",- деп айтылат. ЖМКлар Украина бийлиги бул билдирүүсүндө Беларусь президентин белгилебегенине көңүл бурушту. Болбосо ал деле Москвадагы парадга катышкан.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Мария Захарова "фашизмге ыктаган Украина бийлигинин КМШ лидерлеринин Москвадагы Жеңиш парадына катышуусуна баа берүүгө моралдык укугу жок" деп билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан