Бейонсе салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда
Белгилүү америкалык ырчы Бейонсени АКШнын салык кызматы 2,69 миллион доллар суммасында салык төлөөдөн качкан деп айыптап жатат. Ырчы 2018-жыл үчүн 805 850 доллар, 2019-жыл үчүн 1 442 747 доллар карыз деп белгилешүүдө мамлекеттик айыптоочулар. Мындан сырткары акыркы эки жыл үчүн да тийишүү салыкты төлөгөн эмес деп маалымдалды. Бейонсенин жактоочусу учурда салык кызматы менен активдүү иштешип жатканын жана бул маселени жакынкы күндө чечерин билдирди. Ырчынын өкүлүнүн айтымында, алар салык кызматы менен 868 766 доллар боюнча талашып-тартышып жатышат. Бул сумманы ырчы кайрымдуулукка иштеткенин айтат жактоочусу. Эске салсак, 2022-жылы “Forbes” журналы Бейонсенин байлыгын 450 миллион доллар деп баалаган.
Орусияны таштап качкан жылдыздар үйлөрүн сата албай жатышабы?
Орусия басылмалары саясий көз карашынан улам Орусияны таштап качкан белгилүүлөр Москвадагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрүн сата албай жатканын жазып чыгышты. Алсак, Вера Брежнева 700 чарчы метр аянтты ээлеген үйүн 300 миллион рублга, Светлана Лобода аянты 1400 чарчы метрди түзгөн үйүн 600 миллион рублга сата албай жатканы айтылат. Актриса Чулпан Хаматова да батирин 120 миллион рублга сата албай жатканын, София Ротарунун Москванын чок ортосундагы батирин 50 миллион рублга да эч ким албай жатканы кабарланат. Кыймылсыз мүлк боюнча эксперттер “сатып алуучулардын маанайы көбүнчө саясий кырдаалга ылайык түзүлөт. Орусияны чанып кеткен жылдыздардын үйлөрү ошол себептен да өтпөй жатат. Эми ири арзандатуу менен гана сатпаса, алардын кыймылсыз мүлкү сатылышы күмөн” дешет эксперттер.
Жеки Чан өзүнө окшош адамды таппай жүрөт
Чет элдик басылмаларга берген маегинде белгилүү актёр Жеки Чан өзүнө окшош көп кырдуу талантты таппай жүргөнүн билдирди. “Голливудда азыр адистер көп, монтаждоочу монтаж гана жасайт, оператор өз ишин кылат. Мендей актёр, каскадёр, режиссёр да болуп, сценарий жазуу көбүнүн колунан келе бербейт. Мен тасмадагы бардык трюктарды өзүм жасап көнүп калгам, азыр графика, атайын эффекттер менен иштелип чыгат. Азыр супер баатырдын ролун ойносом деле баары бир мурунку ролдорума жетпейт. Мен өзүмө окшош кинонун бардык тармагында эптүү Жеки Чанды издеп жүрөм. Бирок таба элекмин”,- дейт атактуу актёр.