Назира Бердигулова, телеалпаруучу: "ӨЗҮМ КААЛАГАН ЖАШООГО ЖЕТТИМ”

Маектешим телеалпаруучу Назира Бердигулова. Назира айым менен аялдык бакыт, жан дүйнөнүн тынчтыгы, үй-бүлөдөгү гармония, балага бата берүү, айтор, кызыктуу темаларда сүйлөштүк.

– Назира айым, саламатсызбы? Белгилүү адамдар менен маектешип, аларга тамак жасатып жүрөсүз. Кепти ошондон баштагым келип жатат, сиз үйдө кандай кожойкесиз?

– Салам! Бизди кичинебизден апабыз оокатка тың кылып чоңойткон. Үйдө тамакты көбүнчө мен жасачумун. Анткени апам тамакты даамдуу жасаарымды билчү да. 4 бир тууганбыз, улуусу менмин. 2 сиңдим сырттагы жумуштарды, талаа иштерин кылышчу. Мен тамак жасагандан эринбейм. Өзгөчө камыр тамактарды жакшы жасайм. Ага да фантазия керек. Аялдын кандай кожойке экенин, менимче, жасаган тамагынан билсе болот.

– Азыр айрымдар убактысы жоктугун айтып, тамакты буюртма аркылуу кафеден алдырып жеп калышпадыбы...

– Байкайсызбы, мен кафелерди жарнама кылбайм. Анткени биздин үйдө сырттан тамак алдырып жегенге тыюу салынган. Мен чет өлкөдө болуп калганда гана үйдөгүлөр буюртма беришпесе, мен үйдө кезде тамак сөзсүз жасалат. Бошобой каларымды билсем, бир күн мурун алдын ала тамак жасап коём. Эң негизгиси – балдар ачка калбашы үчүн муздаткычта дайыма тамак болушу керек.

– Сиз менен байланышсак эле чет өлкөгө учканы жаткан болосуз... Көп саякаттайсызбы?

– Ооба, өткөн айда Дубайга барып эс алып келдим. Жыл сайын апрелде Дубайда эс алууну салтка айландырып алгам. Ошол шаарга суктанам, эргүү алам. Ал эми октябрдын аягында Түркияга барам, ошол учурда өтө сонун атмосфера болот ал жакта, күн жылуу, айлана кооз. Жакшы идеялар менен кайтам. Чет өлкөгө чыккандан ырахат алам. Башка жашоо, башка дүйнөдө болуп келесиң. Жакында эле Түркиядан келдим. Бул ирет жумуш боюнча бардым.

– Назира Бердигулова жыл өткөн сайын жашарып бараткандай...

– Алган эри жарашса, кара катын ак болот деген макал бар эмеспи. Жолдошу аялды түшүнүп, колдосо, тоодой күч болуп берсе, аял киши жашарат. Үй тиричилигинен да ырахат алганды үйрөндүм. Азыр мен өзүмө-өзүм канааттанам. Келбетим, салмагым өзүмө жагат. Бул нерсеге келиш оңой болгон жок, аябай көп кыйынчылыктардан өттүм. Анан өзүм каалаган жашоого жеттим. Үй-бүлөмдү тыңдап алдым, жумушум жакшы, кыз десе кызым, уул десе уулум бар. Шүгүрчүлүк гана айтам. Эч нерсеге жан талашпайм, жашаган жакшынакай үйүм, алдымда унаам, дасторконумда наным бар. Аял киши бактылуу болгусу келсе, күйөөсүн ыраазы кылышы керек. Күйөөңүздөр канчалык ыраазы болсо, сиздер ошончолук бактылуу болосуздар. Бирөөдөн сүйүү талап кылардан мурун, ошол адамды сүйүшүң керек. Сен берген нерсе сага эселеп кайтып келет, ушуга ишендим. Сен канчалык ийилсең, мырза тараптан сага болгон мамиле да ошончолук жакшы болот экен. Жолдошубуздун сөзүн эки кылбай, каалаган тамагын жасап берип, уруш-талашты көп чыгарбай тынч жашасак, жашообуз сонун эле болот. Бир күн уруш болгон үйдөн 40 күн береке качат деп коёт го. Ошол нерсеге ынанып, жашоого башкача көз карашта карадым. Бирок бул чек эмес, мамиленин үстүнөн дагы иштеш керек.

– Жан дүйнөңүздүн тынчтыгын табыш үчүн, бактылуу Назира болушуңуз үчүн канча убакыт кетти?

– Жан дүйнө тынчтыгы качан келет? Өз миссияңды түшүнгөндөн кийин. Айрымдардын миссиясы мисалы, жакшы апа, үй кожойкеси болуу. Менин миссиям – элге кызмат кылуу. Ошондон ырахат алам. Адамдардын жүзүнө жылмаюу тартуулагым келет. Кайрымдуулук кылып жүргөнүмдү көрсөңүздөр керек. Майда-бараттан ырахат алганды үйрөндүм. Жаан жааса деле кейий берген адамдар бар. Бардык нерсенин кереметин издеген туура. Кейий берсең, ишиң жүрүшпөйт. Наалыган энеден бактысыз балдар чоңоюшат.

– Дайыма эле күлүп, бактылуу болуп жүрүү деле мүмкүн болбосо керек. Кээде кайгырып, депрессия болгон учуруңуз деле болобу?

– Эч качан бир нерседен тажап, наалыган эмесмин. Мен каалаган нерсе сөзсүз болот деп ишенем. Бүгүн ачылбаган эшик, эртең сөзсүз ачылат дейм. Мен депрессиянын өзүн депрессия кылып салам (күлүп). Жашоо ушуналык кыска, баарыбыз бир күнү өлөбүз. Кыска өмүрдө эмнеге бирөөгө таарынып, каргап-шилеп жашашыбыз керек? Кечирип коюп, сен жакшысың деп эле аракетибизди кыла берели. Ошондо анан думшаның да душман болуудан тажайт.

– Жолдошуңуз жөнүндө кененирээк айтсаңыз...

– Эгер сулуу аял көрсөң, анын жолдошунун колун бекем кысып кой дейт экен. Жүдөгөн, кейиген, наалыган, өзүнө ишенбеген айымды көрсөң, күйөөсүнө “аялыңды кор кылып койдуң” деш керек дейт. Жаңы үйлөнгөндө кандай сонун кыз эле, анан эле 2-3 жылдан кийин баягы күйүп-жанып турган от өчүп калат. Ал оттун өчкөнүнүн бир себеби - жолдошу. Келин жаман эмес, келген жери жаман деп коёт го. Бир мырза Кудайга кайрылып “Кудай, сенден татынакай, сулуу, ыймандуу аял сурадым эле” десе, Кудай “мен сага ошондойду бергем” дептир. Чын эле кыздар сонун болуп турмушка чыгышат, анан эле жүдөп калышат. Аялды бар кылган да, жок кылган да эркек. Аял кишини канчалык сүйүп, бапестеп турса, эркек киши да ошончолук ийгиликке жетет.

– Балдарыңыз жакшы жүрүшөбү? Улуу кызыңыз сиздин оң колуңуз болуп калса керек...

– Үйдөгү тиричиликтин баары ошол кызымдын моюнунда. Бала карайт, үй жумуштарынын баарын жасайт. Балдарды мектепке, бала бакчага, курстарга алып барат.

Өзү 14 жашта. Быйыл, буюрса, 7-классты бүтөт. Мектепте жакшы окуйт, акылдуу, зирек кыз. Корей тилин үйрөнүп жатат, Кореяга кетем дейт. Мен ага “18 жашка чыккандан кийин үйдөн кетесиң. Эгер окууга өтпөй, Бишкекте калсаң, анда үйдө жаткан төшөгүңө да акы төлөйсүң” деп айткам. Ал “эмнеге?” деп таң калды. “Анткени 18 жаштан кийин бала өз алдынча болушу керек, өзүң акча таап иштешиң керек болот. Мен сени окуттум-чокуттум, билим бердим. Андан аркы жашооңду алып кетишиң керек” дегем. Кызымдын доктур болуу кыялы бар.

– Демек, чыгармачылыктан башка жолду тандаптыр...

– Такай элдин көзүндө болуу аябай оор. Кызымдын мүнөзү жумшак. Анча-мынча сөздөрдү көтөрө алабы-албайбы деп да ойлойсуң. Аял киши үчүн жашоодогу эң чоң миссия – жакшы аял, жакшы эне болуу. Кызымдын бактысын тилейм. Бизди күйөө балалуу кылбай, жакшы уулдуу кылса экен дейм.

– Тилегиңизди берсин! Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан