Белгилүү обончу, аткаруучу Майрамбек Осмонов агабыздын “бир жолу аккордеон тартып берилип ырдап жатсам аккордеонумдун бир жагы үзүлүп кетсе болобу?” деп күлдүргөн жайы бар. Анын сыңарындай, бул жолу аккордеончулар кабылган кызыктуу окуяларды сунуштайлы дедик. Равшан Момунов: “Ырдап жатканда көзүмө чиркей кирип кетип...”
– Бир жолу аккордеончулар Оштон Бишкекке Түмөнбай Колдошовдун концертине барып калдык. Концерттин башында аккордеончулар белгилүү ырлардан бир куплеттен попурри ырдамакпыз. Май айы, зал аябай ысык эле. Попурри ырдап бүткүчө аябай тердедим, араң чыдап ырдадым. Ырдап бүтүп сахнанын артына өтсөм “Асанкалый Керимбаевдин “Ак булуттарын” суранып жатышат” деп алып баруучу мени кайра сахнага чакырып жатпайбы. Чөнтөгүмө же жүз аарчы салып албаптырмын, бир кагаз таап бетимди аарчый коюп сахнага кайра чыктым. “Ак булуттар” ырдаганга татаал ыр, 1-куплетин ырдап, кайырмасына келгенде маңдайымдан аккан тер көзүмө кирип кетсе болобу? Баягы тер көзүмдү ачыштырып, көзүмдөн жаш агып кирди. Же аккордеонду токтотуп аарчый албайм, эптеп ырдап бүтүп сахнанын артына өтсөм “сен бул ырды аябай берилип, жеткире ырдайт экенсиң, ыйлап да жибердиң” деп жатышпайбы (күлүп). Кечээ жакында да ушундай окуя болду. Кадамжайга 50 жылдык юбилейге бардык. Той ээси “Ак булуттарды”, анан Апаз Жайнаковдун “Бадам гүлүн” суранды. “Ак булуттарды” бүтүп, “Бадам гүлүн” ырдап жатсам көзүмө чиркей кирип кетсе... Же ырымды токтотуп коё албайм, эл тим эле берилип угуп жатат, көзүмдөн жаш кетти дагы. Ырдап бүтүп эле сыртка чыктым, артымдан бир киши кошо чыгып, “ай, уулум, аябай сонун ырдайт экенсиң, баарыбызды ыйлаттың, өзүң дагы кошо ыйлап” десе эле күлүп жибердим. Көзүмө чиркей кирип кеткенин ага айтсам, ал да күлүп калды.
Бир жолу тойдо Исмаил Бакиров деген агайымдан Рыспай Абдыкадыровдун “Издейм сени” деген ырын суранып калышты. Аккордеонду берип, алдына дептерди ачып койдум. Дептердин бир бетинде “Жолугарым билгемин”, экинчи бетинде “Издейм сенинин” тексти турат. Агай аккордеондон “Издейм сенинин” музыкасын ойноп туруп “Жолугарым билгеминдин” текстин ырдап кирсе болобу. Акырын барып айтсам, андан аркысын “Сен ааламга издетүүгө жаралсаң” деп улап кетип жатпайбы. Залдагы байкагандар каткырып эле калышты. Азамат Жоробаев: “Тойдо 6 саат тынбай ырдагам”
– 6-7-классымдан баштап эле күйөө жолдоштор менен тойлордо аккордеон ойноп ырдачумун. Өзгөн районунан болом, аккордеон менен Ош облусунун бардык айылына тойлорго бардым десем болот. Андайда аккордеончуларга көп күч келчү. Күйөө балдар келгенде жеңелер күйөө баланы “сатуу” ырым-жырымдары бар эмеспи, баалашып тура беришет, же киргизбей сыртта күйөө балдарды ырдатып коюшат. Анан кызды бекитип коюшат, бул процесстин баары бүткүчө аккордеончу тынбай ырдап турушу керек. Мындай тойлордо эң узак ырдаганым 6 саат болду окшойт. Болушунча шайыр ырларды ырдаганга аракет кылып жатсаң, кайра “аккордеончу, шайыр ырлардан ырдачы” дешет да. Моюнуңдагы 15 килограммдык аккордеон аз келгенсип, кыйкырып бийик ырдашың керек, ал аз келгенсип сени ары-бери жулкулдатып сүйрөшөт, бийлешет. Андай тойлордо аккордеончулардын мээнети ак деп ойлойм. Бир тойдо күйөө жолдоштордун бут кийимдери менен меникин да бекитип салышыптыр. Батинкемди таппай, галошчон шаарга келип, базардан бут кийим сатып алып анан үйгө кеткеним эсимде. Бут кийим көп жоготтум. Бут кийимди эле эмес, аккордеонду да бекитип коюшчу. Кийин тажрыйбалуу болуп калганда “бут кийимимди таап берсеңер ырдайм” деп аккордеонго отуруп алчу болдум (күлүп). Төлөгөн Мамыров: “5000 сомду мага кыстарат деп күтүп жатсам...”
– Бир жолу бир тойго буюртма алгам. Анан ошол күнү тойканага барып ырдап, сыртка чыгып той ээлерине чалсам эле, “биздин той эртең да” деп жатышпайбы. Мен бир күн мурда барып, башка эле тойдо ырдай берипмин. Уялганымдан той ээлеринен акымды сурай албай эле кетип калгам.
Бир тойдо аккордеон менен ырдап бүтсөм эле бирөө келип “сени менен сүрөткө түшүп алышым керек, ырларың жагат” деп калды. Анан мен тарапка басып келатканынан сүрөткө түшүүгө даярданып жатсам жанымдан өтүп кетип жатпайбы. Ыңгайсыз болуп эле туруп калдым. Ошол жерде отургандар байкап аябай күлүшкөн. Көрсө, ал ары жактан телефонун алып келгени бараткан экен. Салт боюнча, сыйлуу конокторго уча тартылат эмеспи. Бир тойдо аккордеон менен ырдап жаткам, бир маалда отургандардын бири 5000 сомду көтөрүп эле мени көздөй келатат. Ал келгиче мен аябай берилип ырдадым, мага 5000 сом кыстарат депчи (күлүп). Келип эле акчаны уча тарткан кишиге берип жатпайбы. Көрсө, уча тарткан киши менин жанымда туруп калган экен.Динмухаммед Тайлаков: “Бут кийимим жоголуп, тапичке менен шаарга келгем”
– Рыспай Абдыкадыровдун 70тен ашуун ырын жатка билем. Анын туулган күнүнө арналган иш-чаралардын биринде “Мыкты Рыспайчы” деген наам да алгам. Тойлорго 2014-2015-жылдары, Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында окуп жүргөндө чыга баштагам. Көбүнчө даректерин туура эмес берип коюшуп, адашып кала берчүбүз. Тойдогу кызыктуу окуялардан айтсам, бир жолу Жумгалга тойго барып калдым. Анан кайтарда сыртка чыксам эле бут кийимим жок, бирөө кийип кетип калган окшойт. Ошону менен таппай, Бишкекке тапичке кийип келгем.
Бир жолу тойдо абдан шаңдуу ырларды ырдап жатсак, бир киши кайра-кайра келип эле “шаңдуу ырдагыла” дей берди. Анан “келиңиз, сиз ырдап бериңиз” деп ырдатсак, калчылдап-титиреп ырдай албай калса... Кийин “ой, кечиргиле, жигиттер, ырдаган кыйын экен” деп кечирим сураган. Бир ирет Аскат Мусабеков менен жеңебиздин концерти Нарын шаарында болуп, аны менен гостролдоп келип эле, уктабай тойго чыктым. Ошондо бир ырдын “проигрышын” ойноп бүтүп, башка эле ырды ырдап салыптырмын. Кийин эстеп күлүп жатпаймынбы.
Гулийпа Маметосмон кызы