ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 22-майдан 28-майга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Алыс туугандар менен мамиле түзүүдө абайлаңыз. Алардын бири сизге каршы жеке максатын ишке ашырып кетиши мүмкүн. Тынчыңызды алчу жагдайлар болбойт, күндөр тынч жана ойдогудай өтөт. Саякатка чыгууга, соода иштерин баштоого ыңгайлуу. Кесиптештер арасында баркыңыз артып, аброюңуз өсөт. Олуттуу ооруга чалдыккан адамдарга жардам колун сунасыз. Бул ишиңиз өзүңүзгө жагып, кылган ишиңизге көңүл тоюп, ыраазы болосуз.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Үй-бүлөдө жан шеригиңиз менен келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Маселени тереңдетпей дароо тактап, чечүүгө аракет кылыңыз. Жумушта чыңалуу абалы күтүлбөйт, бирок кесиптештериңиз менен ачык сүйлөшпөй туруңуз, сиз айткан бардык маалыматтар өзүңүзгө каршы иштеп калат. Бирөөгө карызга акча бербеңиз, кайра кайтарып ала албай кыйналасыз. Соттук иштериңиз болсо тажрыйбалуу адис менен иштешиңиз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Достук жолугушуулардан баш тартпаңыз, чер жаза сүйлөшүп, сырдашуу сизге энергия тартуулайт. Сүйүшкөндөр унутулгус таасирлерге, эмоцияларга бөлөнүшөт, бул учурда ар бир көз ирмемден ырахат алып гана жашаңыз. Тажатма күндөрдөн чарчасаңыз, балким, 3-4 күнгө алыс эмес жерге саякатка чыгуу сизге жардам берет. Документ иштерине байланыштуу маселеңизди кийинкиге калтырыңыз, бул жума аракет кылганыңыз менен, жакшы жыйынтыкка жетпейсиз.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Жакындарыңыздын бирине психологиялык жардам көрсөтөсүз. Аны шыктандырып, мактап, жакшы сөздөрүңүздү аябаңыз. Карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр болот. Алыска жол тартууну пландагандардын сапары ийгиликтүү жана жеңил болот. Бойдоктор жашоосунда чоң бурулуш жасаган сезимдерге тушугушат, бирок ал адамга байланып, андан көз каранды болуп калгандан сак болуңуз. Баары ченеми менен болгону туура, ашыкча нерсе өзүңүзгө зыян.


АРСТАН (23.07–23.08)

Аткарууга мүмкүн болбогон убадаларды бербеңиз. Кимдир бирөөгө жек көрүү сезимиңиз ойгонуп, өзүңүздүн абройлуу, андан кыйын экениңизди далилдегиңиз келет. Мындай аракет менен тескерисинче, чөйрөңүздөгүлөрдү иренжитип аласыз. Акчаны үнөмдүү пайдаланыңыз, күнүмдүк керектөөдөн сырткары ашыкча чыгымдарды кыскартыңыз. Жеке жашоодо мурун жактырып жүргөн адам менен мамилеңизди жаңыртасыз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Сизди сенсациялуу сюрприздер күтөт, позитивдүү маанай бир жума бою сиз менен чогуу жүрөт. Жакшы жумуш издеп жаткандар эң оор долбоорду баштоодон баш тартпашы керек. Түгөйүн издеген бийкечтер буга чейин кызыгуу жарата албаган бир адам менен сүйүү мамилесин куруп калышы ыктымал. Үй-бүлө мүчөлөрү менен чечише албаган, талаштуу маселе жаралса улуулардын кеңешине кулак салып жыйынтык чыгарыңыз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Жумушта өзүңүз тууралуу чоң жаңылык угасыз. Бул сиздин айлык маянаңыздын жогорулашына байланыштуу. Профессионалдык ийгилигиңиз эми сиздин активдүүлүгүңүзгө жана аракетиңизге жараша болот. Туугандык алака-катышты бекемдеңиз, алардын колдоосуна жакында муктаж болосуз. Никедеги таразалар жубайына сюрприз жасаганды унутпашы керек, кымбат болбосо да чакан белек ар бир адамдын маанайын өзгөртө алат.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз, кемчилик, артыкчылыгыңыз менен өзүңүздү кабыл алсаңыз гана апта сонун өтөт. Жумушта кесиптештердин, жетекчилердин мактоо сөзүнө татыйсыз. Келбетин өзгөртүү үчүн пластикалык операция жасатууга даярданып жаткандардын операциясы ийгиликтүү болот. Кирешеңиз көбөйүп, ири сатып алууларды жасайсыз. Алыскы сапардан азырынча баш тартып турганыңыз оң.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Өзүңүздүн алтынчы туюмуңузду иштетип чечим кабыл алыңыз. Көпчүлүк арасында айтчу сөзүңүздү алдын ала дайындап алыңыз, болбосо сүрдөп, туура эмес сүйлөп аласыз. Талаштуу маселеде унчукпай кутулганыңыз туура. Сүйүктүү адамыңыз майда-чүйдө нерселерге таарынып жатса, демек, сиздин көңүл бурууңузду каалап жатат. Бизнес баштайм деп жаткандар алдын ала бизнес-план түзүп, анын негизинде кадам ташташы керек.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Бейтааныш адамдардын жашоосуна кызыгууңуз күчөйт, бирок алар тууралуу маалымат чогултууда аша чаап кетпеңиз. Жаңы өнөр өздөштүрүүнү каалаган текечерлерди ийгилик коштойт. Көптөн бери балалуу боло албай жүргөн текечер айымдар кош бойлуу болушат. Эригүү депрессияга айланып кетпеши үчүн чарба жумуштары менен алек болушуңуз керек. Эс алуу күндөрү курбуларыңызды чайга чакырып коноктосоңуз болот.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Жалкоолук – чечилбеген көйгөйлөрдөн убактылуу бекинүү экенин түшүнүшүңүз керек. Карызга батып калгандар каржы маселесин толугу менен чечип жан дүйнөсү тынчтанат. Суу куяр мырзалар мактоолорду угуп кубанышат, аны менен катар сезимдерин ойготкон селкилердин көңүл буруусу төбөсүн көккө жеткирет. Мамиледе эң башкысы туруктуулук экенине өз тажрыйбаңызда ынанасыз.


БАЛЫК (20.02–20.03

Ийгилик жалгыз келбейт, апта бири экинчисин ээрчитип келген кубанычтуу жаңылыктарга бай болот. Айтканыңыз айткандай орундалып, оюңуздагы нерселер өзүнөн-өзү аткарыла берет. Учурдан пайдаланып амбицияларыңызды билдирип, кошумча ыйгарым укуктарды алуудан коркпоңуз. Кымбат баадагы мүлк, айрыкча автоунаа сатып алууга ылайыктуу учур эмес. Үй-бүлөлүк жашоодо тынчтык жана гармония өкүм сүрөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан