ТАЛАШ ЖАРАТКАН КУРУЛТАЙ ИНСТИТУТУ: 5-бийликтин кереги барбы?

Жогорку Кеңеш 10-май күнү “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун талаш-тартыштардын коштоосунда 1-окууда кабыл алды. Экинчи окууда талкуу кызыйт, аталган институттун канат-куйругу кыркылат, таасири азайтылат деп күтүлүүдө. Коомчулукта болсо “Курултай институту керекпи?”, “Жогорку Кеңештин функциясын талашкан, пайдасы жок артык баш орган” деген өңүттө талкуу токтой элек. Конституцияга жазылып калган Курултай институту жөнүндө эксперттердин пикирин сурап көрдүк.

Эмил Жороев, саясий серепчи: “Жогорку Кеңеш турганда курултайдын кереги жок”

– Элдик курултай институтунун бизге кереги жок. Алардын аткара турган функциясы, идеясы, маани-маңызынын баары биздин парламентте бар. Курултайдын делегаттары өздөрү жашаган аймактардагы көйгөйдү көтөрүшөт, бул ишти парламент депутаттары ансыз деле жасап жатышат. Парламент жетишпесе, жергиликтүү кеңештин депутаттары турат. Курултай институтун формалдуу түрдө Конституцияга жазып алуунун түпкү максатын түшүнбөй турам. Курултай болсо бейрасмий түрдө, мурун ата-бабалар колдонуп жүргөн чогулуш, кеңешүү жыйыны болсун. Конституцияга байланган курултайдын бийликке да, элге да кереги жок. Унаанын бешинчи дөңгөлөгүндөй эле нерсе бул.

Бейшенбек Абдразаков, Элдик курултайдын төрагасынын орун басары: “Ата-баба жолуна кайтсак гана өнүгөбүз”

–Бизде Баш мыйзам 32 жылдан бери 9-10 жолу өзгөрдү. Акыркы өзгөртүү гана мурункуларга окшошпой, Конституцияга Курултай институту киргизилди. 32 жылда 5 президент алмашты, 3 төңкөрүш болду, 32 жолу өкмөт алмашты, биздин мамлекет “проходной двор”, эксперимент талаасына айланды, кайсы гана башкаруу формасын колдонуп көргөн жокпуз. Жыйынтыгында эмне болду? Эки төңкөрүштөн кийин Тажикстан кол салды, Ош окуясы, Апрель окуяларында жүздөгөн адамдар курман болушту. Ушул жол менен кете берсек Ооганстан же Сомали болобуз. Кыргыз ата-бабаларынын жолуна кайтышы керек. Кыргызда 7 институт болгон: үй-бүлө, аксакалдар, ак элечек энелер, жаштар, курултай жана башка институттар. Буга чейинки башкаруудан кайсы институттарды бекемдедик санап берем: коррупция, "каралар" институту, зордук-зомбулук, аракечтик, радикалдар жана башкалар. Казино боюнча мыйзамдарды өткөрүп берген парламент эмнеге Курултай институту жөнүндө мыйзамды өткөрбөшү керек? Жогорку Кеңеш менен Курултайды салыштыруу туура эмес, парламент мыйзам чыгарат, аны көзөмөлдөйт, бюджетти бекитет. Курултайдын функциясы – байкоо, сунуш берүү, баа берүү. Ата-бабабыздын жолун улап өзөгүбүзгө, түпкүлүгүбүзгө кайтсак гана өсүп-өнүгөбүз азыркыдай жетимдер, карылар үйү болбойт. Көрдүк го, Акаев келип “каалаганыңарды алгыла, чөнтөгүңөргө салгыла” деп элдин баарын сатылма кылды, Бакиев анын жолун улантты. Атамбаев келип “акшакал” деди эле, эми аларды аксакалга айландыра албай айлабыз куруп жатат. Отунбаева келип жылаңач аялды музейге коюп маданият, анын денесиндеги жазууну руханият деди. Жээнбеков паспорттогу “улуту” деген графаны жок кылды. Бул чечимдин кесепетин кийин тартабыз, көрөсүңөр. Кечээ Чүйдүн Дмитриевка айылында болгон атышуу ушул нерсенин өзөгүнө барып такалат. Ошондуктан ата-бабалардын жолуна кайтышыбыз керек.

Сабыр Муканбетов, саясий серепчи: “Конституцияга курултай деп жазылса эле элдик бийлик орноп калбайт”

– Азыр бөйрөктөн шыйрак чыгарган заман болуп жатпайбы. Бизде Курултай институту бар – азыркы Жогорку Кеңеш. Жогорку Кеңеш – бул Курултай деп жазып койсок эле болду, азыркы курултай, мурултай деп чурулдап жаткандардын оозу жабылат. Бизде мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги бар. Массалык маалымат каражаттары бейформал түрдө “төртүнчү бийлик” делинип жүрөт. Ошондо биздикилер дүйнөдө жок бешинчи бийликти таап жатышпайбы. Менин оюмча, Курултай институту Конституцияда болсо эле элдик бийлик орноп калат деген бул жаңылыштык. Азыр делегаттардын ыйгарым укуктары боюнча талашып-тартышып жатышат. Тарыхына токтолсок, чынында кыргызда курултай деген болбоптур. Ормон ханды Көтмалды (азыркы Балыкчы) шаарында шайлаганда курултай эмес, топ жыйын эле деп коюшчу экен. Эгер ушунчалык эле бул институтту түзүп, элдик бийликти орнотобуз дешсе, анда делегаттардын санын 1000ге чыгарбай 300-350 кылып, жылына бир жолу келип сессияга катыша тургандай кылсын. Анын ичинен 50сүн туруктуу иштеп айлык ала турган кылып коюш керек.

Жанар Акаев, депутат: “Элден 1 добуш албаган делегат кантип элдин атынан сүйлөйт?”

– Элдин атынан ким сүйлөйт бизде? Президент жана Жогорку Кеңеш. Эл өзү буларга “сен менин атымдан барып сүйлө” деп укук берет. 10 миңдеген добуш алган эл өкүлү тартынбай элдин атынан сүйлөй алат. Анан шайлоого катышпай, бир добуш албай туруп, курултай делегаттарынын өлкөнү башкаруу саясатына кийлигишем дегени логикага сыйбайт. Ооба, “кеңешип кескен бармак оорубайт” дейт, аксакалдарды сыйлайбыз. Бизде сүйлөсө ааламдан сүйлөп, шайлоодо 10 эле добуш алчулар бар, мына ошолор төргө өтүп кетпеши керек. Баш мыйзамда Курултай институту деп жазылып калыптыр, мейли, иштесин, бирок ыйгарым укуктарын азайтуу зарыл. Делегаттар 3 жылга шайланат деп турат мыйзамда, аны 1 жылга шайланат деп өзгөртүү керек. Делегаттар бир гана жолу шайланууга укуктуу болушу керек. Курултайга мүчө болгондор, көрөсүңөр, эртең акимдерди, мэрлерди иштетпей “бул таанышымды жумушка аласың, болбосо сенин маселеңди курултайга алып чыгам” деп жүдөтөт. Айыл өкмөттөр аларды кой союп конок кыла тургандай абал түзүлөт. Сотторду тандай алат, акимге ишеним көрсөтпөй коюуга укуктуу дейт, мынча укукту аларга берүүнүн кандай зарылчылыгы бар?

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: “Биз эл алдында милдеттенмеси жокторго мамлекетти 5 жылга берип жатабыз”

– Элдик курултай – бул утурумдук эмес, түбөлүктүү маселе. Ата-бабадан калган үлгү, тажрыйба. Эмне үчүн бул маселеге улам-улам кайрылып жатабыз? Мисалы, сен мага автоунааңды, иштетип жаткан бизнесиңди эч кандай милдеттенмеси жок шартта жөн эле берип койсоң, мен аны эки айга жетпей талкалайм же банкрот кылам. Биз эл алдында эч качан жооп бербеген президент, премьер-министр, парламентке 5 жылга мамлекетти берип жатабыз. Жыйынтыгын да көрдүк, казынабыз бош, эки президентибиз качты, бирөөсү абакка отуруп чыкты, 3 жолу төңкөрүш жолу менен бийлик алмашты. Эгер бийлик эл мүдөөсүн чечпесе, өз билгенин кыла берсе, эл менен эсептешпесе эл чыдабайт, Ак үйдү басып алуулар улана берет. Муну токтотуш керек. Кантип? Элдик курултайдын делегаттары президенттен, Жогорку Соттон, башкы прокурордон отчёт алышы керек. Ак үйдү басып албай эле, курултайдан эле нааразычылык билдирип жумуштан алыш керек. Миңдей делегаттын 500-600ү отчётун канааттандырбаса, ишеним көрсөтпөсө, ал жетекчи жумуштан кетиши зарыл. Курултай – бул өлкөдөгү кайра-кайра кайталанып жаткан баш аламандыктарга чекит коё турган рычаг. Болбосо бийлик демократия деген көйнөктү кийип алып, милдети жок болуп жатпайбы.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан