БИР БҮРКҮМ. 4 САЛЫКЧЫ КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛҮҮДӨ...

  • Өлкөдө каржы пирамидаларын жарнамалоого тыюу салынды, жарнамалоонун айынан бирөө зыян тартса жарнамалагандарга айып пул салынат.
  • Жайыл райондук электр тармактары ишканасынын мурдагы директору ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалды.
  • Мамлекеттик салык кызматынын 4 кызматкери мыйзамсыз ишкердикти калкалап жүрүшкөн деп айыпталууда.
  • 2022-жылга салыштырмалуу өлкөдө жол кырсыгы 8 пайызга өскөнү маалымдалды.
  • Алимжан Байгазаков Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды.
  • Бишкек мэриясы: Шаардык таштанды полигонундагы өрт толук өчүрүлдү.
  • Быйыл ажылык сапарга барчулардын биринчи тобу 12-июнда жолго чыгышарын Муфтият маалымдады.
  • Ысык-Көлдө айрым мамлекеттик нотариустарга келишимдерди мыйзамсыз каттаганы үчүн кылмыш иши козголгону кабарланды.
  • Соцфонд: 2023-жылдын 4 айында өлкөдө 26 155 жаранга пенсия берилди.
  • Кыргызгидромет: 18-20-май күндөрү жаан-чачындан улам Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.
  • Президент Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапары менен 17-майда Кытайга учуп барды.
  • Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 17-майда Кыргызстандан кармалганы кабарланды.
  • Кыргыз-Тажик чек арасында эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөнү айтылды.
  • Бишкекте 6-кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калганы үчүн 2 милиция кызматкери сыйланды.
  • Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип 53 жаштагы аял кармалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан