“КЫРГЫЗ ИНДУСТРИЯ” ИШКАНАСЫ МИЛЛИОНДОРДУ МАКСАТСЫЗ КОРОТКОНБУ?

Депутат Жеңишбек Токторбаев “Кыргыз индустрия” ишканасын мамлекеттин акчасын ысырап пайдаланууга айыптап чыкты. Айтымында, ишканада 65 кызматкер иштесе, аларды 1 президент, 4 вице-президент башкарат.

– Сиз 170 миң сом, вице-президенттер 130 миң сомдон, кеңешчилер 120 миң сомдон, жардамчы 90 миң сом айлык алат экен. 65 кызматкерге 1 президент менен 4 вице-президенттин эмне кереги бар?- деди депутат 16-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында “Кыргыз индустриянын” жетекчиси Жарасул Абдраимовго кайрылып.

Депутат аталган ишкана 1 жарым жылда 843 миллион сом чыгым кылып, бирок 1 сом да киреше тапкан эмес, тескерисинче, 300 миллион сом карыз болуп, 65 кызматкер 3 айдан бери айлык албай иштеп жатат деп да билдирди.

Токторбаевдин айтканына таянсак, “Кыргыз индустрия” ишканасы жаңы 19 ишкана түзүп, мамлекет бөлгөн 1 миллиард сомду аларга жумшаган.

– “Кыргызчеттранс-Ош” ишканасын түзүүгө 203 миллион сом жумшаган. Акчага болгону 10 КамАЗ сатып алышкан. 5 гектар жер тилкеси 10 миллион сом болсун дейли, калган акча кайда? Ошондо алар алган бир КамАЗдын баасы 300 миң доллардан айланып жатпайбы?- деген депутат Жарасул Абдраимовду кызматтан кетүүгө жана ишканага бөлүнгөн акчаны кайтарууга чакырды.

Абдраимов депутат айткан маалыматтардын көбү жалган дейт. Ал Эсептөө палатасы жаңылыштык кетирип, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жокко чыгарылган деп кошумчалады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан