– Азыркы учурда тышкы карызды төлөп салууга биздин кудуретибиз жетет. Бирок карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Тышкы карызды убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык,- дейт президент.
Расмий маалыматка таянсак, тышкы карызды төлөөгө 2004-жылы 3,1 миллиард сом, 2008-жылы 5 миллиард, 2011-жылы 9,4 миллиард, 2017-жылы 20,6 миллиард, 2019-жылы 28,1 миллиард, 2022-жылы 33,6 миллиард сом жумшалган. Быйыл 48,6 миллиард сом төлөнөт. 2024-жылы 64,7 миллиард сом, 2025-жылы 75,1 миллиард сом төлөнүүгө тийиш.