ИИМ: ЧҮЙДӨ 1 ТЕРРОРЧУ ЖОК КЫЛЫНДЫ

17-майда таң эрте Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Дмитриевка айылындагы атайын операция учурунда ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери курчоого алып, атышууда 1 террорчу жок кылынды. Кылмышка шектүү аталган айылдагы үйлөрдүн бирин ижарага алып жашап жатканы айтылды. ИИМдин билдиришинче, “террорчуну” колго түшүрүүдө ал куралдуу каршылык көрсөтүп, атышууда 2 укук коргоо кызматкери жаракат алды. Алардын бири Бишкекке жеткирилип, Улуттук госпиталда чукул операция жасалды. Ок анын санына тийген, дарыгерлер абалын туруктуу деп билдиришти. Экинчи жабырлануучу дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө жөнөтүлдү.

Айта кетсек, кылмышка шектүү баш калкалап турган үйдүн бир бөлүгүндө чет элдик туристтер да убактылуу жашап жатышкан. Аларды алып чыгып кетип, коопсуз жерге жайгаштырууга үлгүрүштү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан