КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧТҮН РАГЫ: Себепкери – ысык чай жана насыбай

Кызыл өңгөчтүн рак дарты менен мурда орто жана жана улуу муундагылар ооруса, соңку жылдары 30-40 жаштагылар да ооруй баштады деп жатышат врачтар. “Мындан 30 жыл мурун аталган дарт онкологиялык оорулардын ичинен 7-орунда турса, азыркы учурда 4-орунга чыкты. Рактын бул түрүнүн жаралышына ысык чай жана насыбай да себеп болот”,- дейт Онкология жана гематология улуттук борборунун торакалдык бөлүмүнүн жетекчиси Мукаш Бейшембаев.

Рак былжыр челден өсүп чыгат

Кызыл өңгөчтүн залалдуу шишиги анын ички былжыр челинен өсүп чыгат. Андагы 1 клетка кандайдыр бир терс фактордун айынан убагы келсе да өлбөй көбөйүп отуруп, ракты жаратат. Акырындап чоңоюп, кызыл өңгөчтү жарым-жартылай же толук жаап калат. Кызыл өңгөчтүн капталын тешип чыгып, коңшу органдарга, өпкө, боор, ашказан жана башкаларга тарай баштайт. Башкача айканда, метастазга айланат. Ооругандардын 10 пайызында рак кызыл өңгөчтүн жогору жагында, 35 пайызында ортоңку, 55 пайызында төмөнкү жагында жайгашат.

Түрлөрү

Жалпак клеткалуу карцинома. Бул кызыл өңгөчтүн былжыр челинин жалпак эпителий клеткаларынан өсүп чыгат. Кызыл өңгөчтүн жогорку жагында жайгашса гана дарылоо жакшыраак жүрөт.

Аденокарцинома. Кызыл өңгөчтү коргоочу былжырларды иштеп чыгаруучу клеткалардан өсүп чыгат. Рак кызыл өңгөчтүн кайсы жеринде болсо да дарылоо абдан кыйын.

Дарттын жаралышына таасир берүүчү себептер

Дайыма тамеки, насыбай чегүү. Спирт ичимдиктерин жана өтө ысык тамактарды ичүү. Булар кызыл өңгөчтүн былжыр челин күйгүзөт. Демек, “ысыгында ичели” деп ысык чай, шорпо жана башка тамактарды казандан чыгары менен ичүүгө шашуу жакшы эмес.

Уксус ичип алуу. Кызыл өңгөчтүн күйгөн жериндеги клеткалар бузулуп, берчке айланат. Рак ошол жерден өсүп чыгат.

Рефлюкс-эзофагит оорусу. Бул дарттан дүйнө элинин орточо 46 пайызы жабыркайт. Ашказанга барып, андагы туз кычкылы менен аралашкан тамак-аштын кайсы бир бөлүгү кайра артка, кулкунга куюлат. Тамактагы туз кычкылы кызыл өңгөчтүн былжыр челин дүүлүктүрүп, канча бир пайызын күйгүзөт. Былжыр чел сезгенип, рефлюкс-эзофагит жаралат. Дартта адам көп зарна болот.

Көгөрүп кеткен дандын унунан жасалган тамактар

Адамдын папиллома вирусу

Химиялык заттар менен көп иштөө, радиация

Хеликобактер пилоринин айынан келип чыгат деген да көз караштар бар

Оорунун белгилери

Дарттын алгачкы белгилери кеч билинет. Бул учурда рактын өлчөмү бир нече сантиметр болуп калган болот. Башка ооруну изилдеп жатканда кокустан билинип калышы мүмкүн.

Белгилерине төмөнкүлөр кирет:

Тамакта дайым тоголок бир нерсе тургандай болуу

Тамакты, айрыкча катуу тамакты жутканда кызыл өңгөчтүн кырылып кетиши. Адам суюк, жумшак тамактарга басым жасай баштайт. Тамакты көп жей албагандыктан арыктайт

Тамак жебесе деле шилекейдин көп бөлүнүп чыга башташы

Оорутуу

Айрымдарда көп ыктытуу, жөтөл, үндүн өзгөрүшү мүмкүн

Кызыл өңгөчтөн кан кетүү. Ошондуктан заңдын өңү карарып калат. Акырындап анемия, шалдыроо жаралат

Кызыл өңгөчтөн тамактын өтпөй калышы

Стадиялары

0-стадия. Шишик былжыр челдин эпителий катмарынын үстүнкү бетинде гана, кичинекей өлчөмдө болот.

1-стадия. Шишик эпителий катмарынын баарына жайылып кетет

2-стадия. Шишик кызыл өңгөчтүн капталдарын тешип чыгып, кызыл өңгөчтүн булчуңуна жайылат

3-стадия. Шишик коңшу органдарга жана лимфа бездерине жайылып кеткен учур. Кызыл өңгөчтөн тамак өтпөй калат.

4-стадия. Метастаз күчөп кеткен учур.

Диагноз

• Кызыл өңгөчтүн рентгени жана компьютердик-резонанстык томография. Рентгенге тартууда бром заты ичирилет, аны ичкенде рактын өлчөмү, каякта жайгашканы, кызыл өңгөчтүн канчалык ичкергени даана көрүнөт

• Эзофагогастроскопия. Мында видеокамерасы бар зонд жуткурулуп, текшерилет

• Курсак көңдөйүнүн УЗИси. Бул метастаз бар же жок экендигин аныктоо үчүн керек

• Гистологиялык (шишиктен үзүп алып текшерүү), биохимиялык анализдер

Дарылоо ыкмалары

Дарылоо ыкмасы рактын стадиясына, жайгашкан ордуна, анализдердин жыйынтыгына, адамдын кошумча өнөкөт оорулары бар же жок экендигине карата тандалып алынат. Кандай ыкманы тандоону онколог хирург, радиолог, терапевт консилиумда чечишет. Рак метастазга айлана элек болсо, бейтап наркозду көтөрө алса, анда операция аркылуу шишик алынып салат. Операцияда льюис жана гарлок деген 2 ыкманын бири тандалат.

Льюис ыкмасы. Алгач ашказан көк боор, боор, ичегилерден ажыратып алынат. Кызыл өңгөчтүн ракка чалдыккан бөлүгү жана ашказандын төрттөн бир бөлүгү кесилет. Анан ашказандын кесилген жерлери тигилип, бүтөлөт. Эми кезек кызыл өңгөч менен ашказанды туташтырууга келет. Ашказан өйдөгө тартылып, экөө акырек туштан туташтырылат.

Гарлок ыкмасы. Алгач көөдөндөн 6-7-кабыргалардын ортосу, анан курсактын териси киндикке чейин ачылат. Кабыргалардын асты жагында жайгашкан боор эт (диафрагма) ылдыйынан ашказанга, өйдөсүнөн кызыл өңгөчкө чейин кесилип, ачылып, кызыл өңгөчкө жетүүгө жол ачылат. Анан ашказандын үчтөн бир бөлүгү жана кызыл өңгөчтүн ракка чалдыккан бөлүгү кесип алынат. Ашказан жана кызыл өңгөч туташтырылат.

Аталган 2 ыкмада тең операция 5-9 саатка чейин созулат. Операциядан кийин бейтап 2 жылга чейин ар бир 3 айда, анан 6 ай сайын врачка текшерилип турат. Операциядан кийин 6 айга чейин диета кармалат. Сууга, бууга бышкан тамактар сунушталат. Көбүнчө блендерден өткөрүлүп берилет.

Эгер бейтаптын кошумча оорулары болуп наркозду көтөрө албастыгы аныкталса же операция жасоо жыйынтык бербейт деп табылса (метастазда), анда химия же нур терапиясы колдонулат.

Тамак ичпей калгандан улам абалы өтө жаман болсо, анда кызыл өңгөчкө стент коюлат. Бейтап тамак ичип, абалы жакшырып калганда стент алынып, анан нур же химия терапиясы колдонулат. Оору өтүшүп кеткен болсо, кызыл өңгөч кайра бүтөлүп калбашы үчүн стент ошол бойдон биротоло калтырылат.

Оорусун өтүштүрүп врачка кеч кайрылгандар көз жумуп кетет же аз убакыт гана жашап калышат.

Оорунун алдын алуу

Өтө ысык чай, шорпо, дегеле абдан ысык тамактарды ичип-жебей, аларды бир аз муздатып ичүүнү адатка айлантуу керек.

Тамеки, насыбай чегүү, спирт ичимдиктерин ичүүнү таштоо зарыл.

Кызыл өңгөч оорутса дароо врачка текшертүү шарт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан