Акматбек Султан уулу, төкмө акын: «ЭЛДИН КАЙДЫГЕРЛИГИНЕ ТАҢ КАЛЫП БҮТӨ ЭЛЕКМИН»

– Салам, Акматбек мырза! “Айтыш төр” долбоорунда баш байгенин ээси болушуңуз менен куттуктайбыз!

– Рахмат. Президентибиздин колдоосу менен Улуттук “Манас” театры жана УТРК чогуу уюштурган “Айтыш төр” теледолбоорунда баш байгени багыма буюруптур. Абдан толкундандым. Айтышта жүргөнүмө 10 жылдай болуп калды, Бишкекте өткөн айтыштардан биринчи жолу баш байге алып жатам. Долбоордо оор милдет артылганын сезип турдум. “Төкмө акыныбыз” деп мени менен сыймыктанган адамдар көбөйгөн сайын алардын көңүлүндөгүдөй, тилегениндей, алар элестеткендей болуп жашап, күткөндөй ырдап, эңсегендей мурас жаратуу милдети жүрөгүмө салмак түшүрүп, мени түйшөлтүп, чыйралтып турду.

– Мээнет сиздики. Сыр болбосо баш байгеден уткан 1 миллион сомду эмнеге жумшайын деп жатасыз?

– Негизи үйүмө бир бөлмө кошсомбу деп ойлоп жүргөм. Бир бөлмөлүү үйдө жашайм да. Бирок эл-журттун назары түшкөн акча болду деп элден бата алсамбы деп да ойлонуп жатам. Көрөбүз.

– Айтыштарда оюңуз чачыранды болуп, абалга сүңгүп кире албаган учурлар көп болобу?

– Андай учур ар бир акында болот. Адамбыз да, оюбуз санга бөлүнүп, өзүбүз айтышта, кыялыбыз башка жакта болуп калган учурлар сөзсүз болот. Сен жакшы түшүнбөгөн темаларда айтышуу керек болуп калат. Аларды эл күткөндөй кылып бийикке чыгарып туруп, анан коно турган жерин таба албай калган куштай айланып көпкө чейин жамактап тура берген учурлар жок эмес.

– Шакирттериңиз барбы?

– Шакирт болом дегендер бар. Айтыш 1-2 жылда түшүмүн бере турган өнөр эмес да. Жакшы иштеп, ары жагында таланты болсо, талантты эмгек, изденүү, билим, өнөр менен айкалыштырып кетсе гана үзүрүн бере турган өнөр. Ал үчүн көп жылдар керектелет. Шакирттерим эл алдына чыгып үмүт арттырган кезде гана шакиртим деп айтышым керек го.

– Мага сиздин күйөрмандарыңыз көптөй сезилет...

– Көп болсо керек. Кайсы жерге барбайын эне-аталар, карылар “сени үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз. Ата-энең алыста болсо, бизди ата-энеңдей көр, биз сени өз балабыздай көрөбүз” деп мээрим төгүп турушат. Социалдык желедеги билдирүүлөрдө “ушул жигитке, ата-энесине рахмат, жүрөгү таза” деп көп жазышат. Эл күткөн нерселер менде жок болуп калсачы деген кооптонуу мени аябай кыйнайт.

– Үйүнө чакырып сый көрсөтүп, белек-бечкегин бергендер да болсо керек...

– Ооба, көп. Казакстанда жашаган жумгалдык Айнура деген апам бар. Бир бөлмөлүү батиримдин жарымын ошол апам төлөп, жарымын ата-энем төлөп алып беришкен. Ал киши үйлөнгөндө да башымда туруп, кудалыктын бардык жөрөлгөсүн кылган. Азыркыга чейин апа катары ак тилегин, акыл-кеңешин айтып келет.

Бир жолу Москвага бир иш-чарага баргам. Бир апа түнү бою уктабай сары майга бир себет самсы, каттама бышырып келиптир. Карабайсызбы, эне жүрөгү да. “Эмнеге мынча түйшүк тарттыңыз?” десем, “ой, балам, сени үйүнөн алыс жүрөт, апасын сагынды деп эне мээримин сиңирип өз колум менен жасабадымбы” деп жатпайбы. Эненин жүрөгү ай-ааламдан кең деген чын да. Энелер кай жерге барсак да мээрим төгүп турушат.

– Ата-энеңиз менен көрүшчү күн жакынбы?

– Ооба, акырын жолдор ачылып, убакыт улам жакындап жатат. Үйдөгүлөр келсе керек, Кудай буюрса.

– Эмнени, кимди көбүрөөк сагындыңыз?

– Азамат үчүн туулуп өскөн жеринен ыйык нерсе болбосо керек. Кыргыз туулган жерине киндиги менен байланат дейт. Туулган жеримди, ата-энемди, бир туугандарымды, чогуу ойноп өскөн дос, курдаштарды сагындым. Таенем 85ке барып калды. Кичине кезимде мени бакты эле, аман жүрсө экен деп сарсанаа болом.

– Сиз качан барасыз?

– Ал жакка барсам 5-6 айдай жүрүп калам да. Жаңы долбоорлор болуп жатканда иштеп алайын. Темирди ысыгында чап дейт кыргыз. Темир кызып турган кезде курал-жарагыбызды жасап алалы. От өчүп, жаштык кетип калганда кыйналып калабыз.

– Кыргызстанга жаңы келгенде айрым көрүнүштөргө таң калганыңызды айткансыз. 10 жыл болуп калыптыр, ал нерселерге көнүп калдыңызбы?

– Азыркыга чейин элдин кайдыгерлигине, келечек, мамлекет, эне тилибиз жөнүндө ойлонбогондорго таң калам. Бизде бирөөдөн айлык алып, бирөөгө жалданып иштегенди жакшы көргөндөр көп. Канчалаган жерлер бош жатат. Жер – түгөнбөс байлык да. Канча кендерди чет элдиктерге каздырып жатабыз, үлүш алганыбызга кубанып. Ата-бабаларыбыз Манас атабыздын доорунда, жыл санактан мурдагы заманда эле кен казганды үйрөнүп, “сууруганда узарган, учу өрттөй кызарган” дегендей укмуш курал-жарактарды жасаган да. Убагында Кытай императорлору кыргыздардын кылыч, жебелерин жибекке алмашып алышчу экен. Ошол замандагы жаратмандыгыбызды жоготуп койдук. Мык жасай албаган, дыйканчылыкты мыктылап кыла албай турган калкка айландык. Эмнеге мындай болуп кеттик, улуу элдин тукуму элек го деп көп ойлоном. Колумдан келсе дыйканчылыкты, мал чарбачылыгын, суу чарбачылыгын бийик деңгээлде пайдаланууга жөндөмдүү калктын калың катмарын окутат элем деп ойлонуп калам кээде. Ушул тармакты өнүктүрсөк, Кыргызстанда түбөлүктүү, кыйшайбаган, кемибеген, бөксөрбөгөн, ырыскылуу кесиптер пайда болот эле. Элдин руханиятын көтөрүшүбүз керек. "Тарыхын билбеген адам тамыры жок дарактай" дейт. Тамырыбызга суу куйсак, келечек муун, мөмө-жемиштер даамдуу болот, өзөгүбүзгө курт түшпөйт. Билесиз, бизде тейлөөнүн деңгээли да начар, бул боюнча да адистерди дүйнөгө үлгү болгудай деңгээлде окутуп тарбиялап чыгаруу зарыл. Ал эми таң калтырган жакшы жактары да бар. Кыргыздар калыссыздыкка карап тура албайт, калктын чындыгы бар. Калк канча жылдан бери өзүн-өзү багып келатат. Үйрөнүүгө жөндөмдүү. Балдардын мектеп курагынан эле өзүнүн жолун издөөгө аракет кылышканы суктандырат.

– Кыргыз тилинин көйгөйүн да көп көтөрөсүз...

– Чыңгыз атабыз “ар улуттун эң кымбат, түбөлүктүү байлыгы – анын тили” деген. Улут болуп туруу үчүн тилибизди, маданиятыбызды сактоого ар бирибиз милдеттүүбүз. Көйгөйгө салып жанымды чыркыраткан нерсе – улуттук каада-салтка, ата-бабанын тарыхына, кыргыздын байыртан келаткан дүйнө тааным, ишенимдерине каршы болгондор же ачыктан ачык таманга салып тебелегендер. Ошондуктан кыргыз тили, эгемендүүлүк жөнүндө көп ырдайм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан