"ЕВРОВИДЕНИЕ-2023". Ийгилик Швецияга жылмайды

13-майдан 14үнө караган түнү Англиянын Ливерпуль шаарында “Евровидение-2023” музыкалык сынагы өттү. Негизи аталган сынак быйыл Украинада өтмөк, бирок согуштан улам бул мүмкүн болгон жок. Сынакка 37 өлкөнүн ырчылары катышып, ийгилик швециялык Лоринге жылмайды. Финалда Лорин “Tattoo” (“Тату”) ыры менен жеңүүчү аталды. Муну менен ал 2024-жылы “Евровидение” сынагын өз өлкөсү Швецияда өткөрүүгө укук алып берди. Лорин аталган сынакта 2-жолу жеңүүчү аталды, 2012-жылы да биринчи орунду багынтканы белгилүү.

ЛОРИН ДЕГЕН КИМ?

Толук аты-жөнү – Лорина Зинеб Нора Талхауи. 1983-жылы 16-октябрда Стокгольмдо жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси Мароккодон Швецияга көчүп келип отурукташып калышкан. Ырчы болуу кыялы Лоринди кичинесинен бери коштоп келген. Балалык күндөрү токойлор жана сейил бактардын көптүгү менен өзгөчөлөнгөн Энста-Грюта аймагында өткөн. Дал ушул жаратылышка жакындык Лориндин эстрада ырчысы катары кайталангыс образын жараткан.

Бала кезинде тартынчаак эле. Коркуу сезимин жеңүү жана өзүнө ишенимди бекемдөө үчүн вокалдык ийримдерге барган. 12 жашында атасы каза болуп, 7 баланы тарбиялоо түйшүгү апасынын моюнуна жүктөлөт. Лорин бир туугандардын улуусу болгондуктан өз алдынчалыкка эрте жашынан үйрөнөт. Ал 2004-жылы Idol аттуу музыкалык долбоорго катышып, өлкөсүндө таанымал боло баштайт. Бирок эмнегедир ырчылыктан алыстап, борбордук телеканалдардын биринде маданий долбоордун алып баруучусу жана продюсери болуп иштей баштайт. Жыйынтыгында анын жетекчилиги менен үч долбоор эфирге чыгат.

2011-жылы Лорин "My heart is refusing me" аттуу ыры менен сахнага кайтат. Аталган ыр сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, ырчынын кыялы ишке ашпай, ийгилик башка ырчыга жылмаят.Кийин ушул эле долбоорго "Euphoria" ыры менен катышат. Аталган ыр өз элинин реккорддук добушун алып, Бакуда өтө турган "Евровидение-2012" сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүн алат. Бирок бул күрөштүн башталышы гана болот. Себеби продюсерлер афроамерикалыктар европалык сынактарда чанда гана жеңишке жетишерин айтышып, ырчыга имиджин өзгөртүүнү сунуш кылышкан. Ал бул сунушка макул болуп, сынакта өзгөчө имиджи жана бийи менен чыккан. Ошентип 28 жаштагы Лорин 372 добуш менен сынактын жеңүүчүсү аталат. Анын ыры, номердин коюлушу, аткаруусу, ырдын тексти Европанын түрдүү сыйлыктарына татыган.

“Евровидениедеги” биринчи жеңишинен кийин Лориндин атактуулугу артып, кызматташуу боюнча ага ар тараптан сунуштар түшүп баштайт. “Баш айланткан ийгиликти көтөрүү деле жеңил эмес тура” деген ырчы 2012-жылы “Heal” дебюттук альбомун коомчулукка тартуулаган. Ал 2017-жылы экинчи ирет сынакка катышууну пландайт. Бирок ал тандаган “Statements” чыгармасы улуттук тандоодон өтпөй калган. Ушул эле жылы мындай ийгиликсиздигинин ордун ал “Ride” альбомун чыгаруу менен толуктайт.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ КӨПЧҮЛҮККӨ СЫР

Ырчынын жеке жашоосу тууралуу маалымат жокко эсе. Маектеринде жалгыздыкка көнүп калганын, андай адам үчүн жеке жашоону жөнгө салуу жана ылайыктуу жар табуу кыйын экенин айтып жүрөт. Бош убактысында йога менен алектенүүнү жактырат, спирт ичимдиктеринен алыс, сыналгы көрбөйт. Тарыхый мекени Марокко – мусулман өлкөсү экенине карабай, Лорин эч бир динди тутунбайт.

Музыкалык карьерасынан тышкары саясий активист катары да белгилүү. Азербайжанда аялдардын укугун коргогон көптөгөн уюмдардын иш-чараларына катышып турат. Беларуста “саясий туткун” делгендердин аялдары менен расмий жолугушуу өткөргөнү да ЖМКлардын талкуусуна түшкөн.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан