“ТАМЕКИ ТАРТПАСАМ ДЕЛЕ ТИШТЕРИМ САРЫ”

Тиштин кызматы абдан көп – алгач эле сырткы сулуулукту арттырса, кийин сүйлөө процессине, тамак сиңирүү процессине катышат. Майда чайналган тамак-аш тамак сиңирүү органдарына күч келтирбей, алардагы ооруларды да алдын алат. Мындай маанилүү кызматты аткарып жаткан тишти кантип сактайбыз? Окурмандардан келген ушул сыяктуу суроолорго "Евродент" стоматологиясынын врач-стоматологу Мээрим Абылаева жооп узатты.

– Тамеки тартпасам деле тиштерим саргайып кетти. Эмне себептен болушу мүмкүн? Тамекиден башка эмнелер тиштин саргайышына таасир этет?

Анара, 31 жашта

– Жаш өткөн сайын тиш өзүнөн-өзү эле саргая баштайт, буга эмаль катмарынын жукарып башташы себеп. Ошондой эле тамекиден башка да курамына боёк кошулган таттуулар, чай, кофе сыяктуу азыктар тиштин өңүн бузат.

Дагы бир себептердин бири – тишти таза жуубоо. Бул учурда тишти кебер каптап саргайып калат. Негизи эле саргайышынын, кариестин, ар кандай тиш ооруларынын алдын алуу үчүн эң башкысы эки маал 2 мүнөттөн кем эмес жууну адатка айлантып алсак жакшы болот. Катуу, таттуу азыктардан абайлап, тиш тазалоочу жип менен тиштин араларын да сөзсүз тазалап, ар кандай чайкоочу суюктуктарды да колдонсоңуз тиш көйгөйлөрүнө көп чалдыкпайсыз.

– Кан басымы жогору адамдардын тишин жулууга болбойт дешет. Менин да кан басымым жогору. Кантип тишимди жулдуртуп дарылатсам болот?

Жумабек, 53 жашта

– Кан басымы жогору (гипертоник) адамдар алдын ала текшерүүдөн өтүп, аларга тиешелүү дарылар берилип даярдалат. Тиш жулунарда кан басымды көтөрбөй турган анестезия сайылат. Мындан соң тишиңиз жулунуп, андан кийинки кандай гана процесс болбосун кан басым өлчөнүп көзөмөлдөнүп турушу керек.

Эскерте кетчү нерсе, инфекциялык оорулар, эндоркриндик, психологиялык, неврологиялык, жүрөк-кан тамыр оорулары курч кармап турганда тиш жулууга болбойт. Ошондой эле ооз көңдөйүндөгү стоматит, гингивит сыяктуу оорулар күчөп жатканда жулунбайт. Оору басаңдап калганда гана анализ тапшыртып, анын жыйынтыгын көрүп, анан кийинки кадамдар жасалат. Ал эми кош бойлуу аялдардын биринчи, экинчи үч айлыгында тиш жулунбайт. Кан суюлтуучу дары-дармекти ичип жаткан бейтапка, кээ бир кан ооруларында да тишти жулууга болбойт, анткени кан токтобой калышы мүмкүн.

– Бир жылдан бери тамак-аш чайноодо жаагымдын этин кошо чайнап алам, жаактарым жылышып кеткен эмеспи?

Сапар, 27 жашта

– Жаак эттерин чайнап алууга – жаак муунунун туура эмес болушу, коюлган пломбанын бийиктиги, же коронка, протез, импланттын туура эмес салынышы себепчи болот. Ошондой эле кариестин башталышы, акыл азуу тишинин чыгышы, психикалык себептен, бруксизм (уйку учурунда же психикага күч келгенде тишти кычыратуу, оозду бат-бат чалпылдатуу) сыяктуу ооруларда адам жаак эттерин тиштеп алат. Сөзсүз түрдө стоматологго көрүнүп коюуну сунуштайм.

– Сынган, кетилген тиштерди өстүрүүдө канча убакка чейин чыдайт? Негизи эле пломба канчага чейин чыдашы керек?

Жекшен, 33 жашта

– Семичке чагуу, же башка себептерден тиш кетилип, сынган убакта аны өз калыбына келтирип өстүрүп пломба коёбуз. Маңдайкы тиш болгондуктан ага көп күч келтирбей, катуу нерсе тиштебей туура кам көрсөңүз, тиш доктурга 6 ай сайын каттап, пайда боло баштаган курттарды – кариести тазалатып турсаңыз салынган пломбалар жок дегенде 3-5 жылга чейин чыдайт. Азуу тиштерге салынган пломбалар мындан да узак жүрө бериши мүмкүн. Бирок Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 5 жыл турган эски пломбаны алмаштырып турууну сунуштаган. Ошондуктан 5 жылдан кийин пломбаны жаңысына алмаштырып коюу жакшы.

– Жаак сөөктөрүм тымызын ооруп калган убактар болот. Тиштеримде курт деле жок, баарын дарылаткам. Эмне себептен оорутушу мүмкүн?

Жаңыл, 33 жашта

– Жаак муунунун оорушунун себептери абдан көп. Мисалы, невралгия оорусунда, жаак муунунун дисфункциясында, артрит, артрозунда, тиштен кеткен инфекцияда оорутат. Жаактарыңыз ооруп жатса хирургга, тиш доктурга көрүнүп, себебин аныктап алыңыз. Андан кийин ооруга жараша дарылоо башталат.

– Тишке плазмалифтинг кайсы убакта куюлат? Натыйжасы кандай?

Нурмира, 45 жашта

– Плазмалифтингди стоматологияда гингивит, пародонтит, пародонтоз ооруларында тезирээк айыгышы үчүн жана мындай оорулардын алгачкы белгилеринде алдын алуу үчүн колдонушат. Плазма болсо бейтаптын өз канынан алынат да, сезгенип турган бүйлөлөргө сайылат. Натыйжалуу ыкма, жабыркаган клеткалар бат калыбына келет.

– Стоматологго барганда сөзсүз “кандай пломба салайын?” деп сурайт. Чыдамдуу жана тишиме окшош болушу үчүн кандай пломба тандоом керек?

Эленора, 21 жашта

– Он жыл мурун стоматологдор цемент, амальгама, компазит деген пломбаларды сунушташчу. Учурда тиш доктурлардын 97-100 пайызы фотокомпазиттик – лампа менен ката турган пломбаларды коюшат. Булар тишке абдан окшош, сапаты жакшы жана бат коюлуп, көп убакытка чейин сакталат.

– Нерви алынган тишим саргайып башкача болуп калды. Эмне себептен болот? Кантип агартам?

Айжан, 42 жашта

– Нерви алынган тиштер жыл өткөн сайын өңүн өзгөртөт. Анткени ал тиштеги кан тамырлар алынып салынгандыктан ага азык келбейт, натыйжада тиштин катмарлары кургап, борпоң тартып калат. Жеп-ичкен азыктардын түсүн өзүнө бат кабыл алып сиңирет. Башка тиштерден айырмаланып жатса тиш доктурлар эндоагартуу (тиштин ичине суюктук куюу менен агартылат) же атайын агартуучу препараттарды колдонуу менен агартып беришет.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан