Медер Кеңешбеков, Мүзүр Мамбетов менен Гүлмира Шерипованын уулу: «СПОРТТУ ЭМЕС, БИЗНЕСТИ ТАНДАДЫМ»

“Аккан арыктан суу агат” дейт. “Кеңеш” тобунун ырчылары Мүзүр Мамбетов менен Гүлмира Шерипованын тун уулу, 16 жаштагы Медер Кеңешбековду тааныштырабыз.

– Медер, кандайсыз? Кайсы жакта окуйсуз?

– 9-классты бүткөндөн кийин Бишкек инновациялык колледжине тапшыргам, менеджмент багыты боюнча. Бирок ал жердин системи жаккан жок, чыгып кеттим. Менеджментке бизнесмен болом деп тапшыргам. Бизнеске ылайыктуу эч нерсе деле үйрөткөн жок. Ал жактан кетип, өзүмө керектүү курстарда окугум келет деген оюмду айтсам, ата-энем колдоду. 6-класстан тарта бат чоңоюп, тез акча тапкым келчү. Лексус айдап, жакшы үйдө жашаган адамдарды көрсөм, “байке, кантип акча табасыз?” деп сурай берчүмүн. Кээ бирлери “ЖОЖдо окуган эмесмин, 8-класстан кийин эле иштеп баштагам” дешчү. 2-3 кызыл диплому барлардан “дипломуңуздун кереги тийдиби?” деп сурасам, “Кыргызстанда айлык аз. Айлыкка иштейм десең жакшы унаа айдап, жакшы үйдө жашай албайсың” дешчү. Ошол кезде эле теңтуштарым ойноп жүргөндө мен интернеттен ийгиликтүү болуунун сырлары боюнча видеолорду көрүп, макалаларды окучумун. Кыргызстанда айлык менен жакшы жашоодо жашай албай турганымды эрте түшүнгөнүмө сүйүнөм. Атам да, апам да ЖОЖдо окуган эмес, бирок көп жетишкендиктерге жетишишти. Учурда маркетология, СММ, англис тили курстарында окуйм. Трейдинг, криптовалютага да кызыгып изилдеп жүрөм.

– Чыгармачылыкка кызыгууңуз жокпу?

– Жок, кызыккан жокмун. Шоу-бизнес менен алектенбей эле коёюн дедим. Анткени ата-энем айлап гастролдорго кетип калганда аларды аябай сагынчумун. Андан тышкары, адамдардын көзү, сөзү тиет экен. Жакшы жолдо жүрсөң деле, жакшылык кылсаң деле жамандай беришет тура. Карантинде атам менен апам элге жардам берип, ошонун видеосун жүктөп коюшканда да жаман сөздөрдү жазгандар болду. Ошондо таң калгам.

– Ата-энеңиз менен кээде талашып-тартышып каласызбы?

– Кичинекей кезимде аябай тентек болчумун. 6-классымдан баштап спорт менен машыктым да, бокско, кикбоксингге, ММАга, футболго бардым. Мектепте бирөө жаман көзү менен карап койсо деле мушташып кетчүмүн, кыздарга тийишчүмүн. Айтор, дайыма эле ата-энемди мектепке чакыра беришчү. Алар болсо бири-бирине “сен бар” деп тартышып жатып, жыйынтыгында таятам же таенем барчу. Ата-энем менен такыр айтышпайм, алар айткандын баарына эле макулмун. Бир нерсе кааласам акырын айтып түшүндүргөнгө аракет кылам, түшүнүшөт. Биздин үйдө уруш болбойт, кофликттер жеңил эле чечилет.

Атам менен апам ырчы болуп, карындашым экөөбүз таене, таятамдын колунда чоңойгонбуз. Алар бизге мээрим, сүйүү берип, ата-энебиз жаныбызда эмес экенин билдирчү эмес. 7-класска чейин ошол жакта болдум. Карындашым азыр деле алардын колунда. Анткени ата-энемдин колу азыр деле бошобойт.

– Анан спортко да кызыкпай калдыңызбы?

– Мурда турнирлерге катышчумун, медалдарым көп. 12 жашымда кикбоксингден турнирге чыгып, финалга жеткем. Финалда каршылашым менден эки эсе чоң болуп калган. Калыска “мындай болбойт да, азыр таразага түшсүн” десем болбой коюшкан. Ошондо утулуп калдым, бул күтүлгөн эле нерсе болуп калган да. Ошондон кийин турнирге чыккым келбей калды. Андан кийин футбол ойноп баштадым. Футбол апама жакчу эмес, “бутуңду оорутуп аласың” деп капа боло берчү. Бир жолу ар кайсы өлкөлөрдөн скауттар келип футболчуларды тандап алып кетишкен. Тандоодон мен да өткөм. Өзүм каалап жүргөн “Иркутск” клубунан сунуш алгам. Бирок ошондо футболчу эмес, Бишкекте эле иштеп бизнесмен болгум келерин түшүндүм. Анан да футболдон канчалык акча тапсам да, азыркы убакты кайтара албайт болчумун. Жакындарымдын жанында болгум келди, аларды аябай сагынам деп ойлодум. Азыр фитнес-залга барып машыгып турам.

– Ата-энеңиз кандай кеңештерди беришет?

– Апам менен бизнес боюнча көп сүйлөшөм, досторум менен урушуп кетсем же дагы башка жашоодогу ар кандай учурларда атам менен кеңешем. Атам көбүнчө “тамеки чекпе, ичпе, жаман жолго барба, кумар оюндарын ойнобо, досторуң жаман жолго түшүп кетсе, аларды жакшы жолго тарт” дейт. Апам болсо “өзүңдү таза, тыкан алып жүр” дегендей кеңештерин айтат.

– Ата-энеңиздин ырларын угасызбы, кайсы ырлары жагат?

– “Ханышам”, “Күтө берем” деген ырларынын клибине тартылгам, ошон үчүн ошол ырлары жагат (күлүп). Чындыгында бардык эле ырларын жактырам. Ата-энем ырдап жатса кантип жакпасын? Кээде “ырларыңардын баары сүйүү жөнүндө го” десем, атам “Гүлмирага болгон сүйүүм чексиз” деп коёт. Атам чыгармачылык менен алектенгенди жакшы көрөт. Элге чыгарбаса деле ыр жаза берет. Кээде “мага тоскоол болбой үйдөн кетип тургулачы” деп да калат. Атамдын талантына суктанам.

– Оор учурлар да башыңыздардан өттү...

– Ооба, бир жолу апам Москвадан Бишкекке келе албай жарым жылдай жүрүп калган. Ошондо карындашым экөөбүзгө апамдын жоктугу аябай билинди. Түндө ыйлап, келип калса экен деп Кудайдан тиленчүмүн. Атам билдирбегенге аракет кылды. Бирок апанын мээримине жетпейт экен. Апанын бетиңден бир өөп койгону атаңдын машина алып бергенинен да бийик тура. Аябай сагынгам. Апам ооруп 3-4 айдай үйдөн чыкпай калган учур да болду. Сахнага чыкпай калганда “экөө ажырашып кетти” деген да сөздөр чыкты. Ал сөздөр жүрөгүмө катуу тийди. Ошондо атам сүйүүсүн көрсөтүп, мээримин төгүп, жардам берип, апамдын айыгып кетишине аракет кылып дайым анын жанында болду. Ошондо үй-бүлөдө сүйүү, жакшы мамиле болсо, бардык кыйынчылыкты жеңсе болорун билдим. Ошондо кандай эркек болушум керек, кандай учурда кандай кылышым шарт, эмне кылбашым керек деген суроолор боюнча жакшы сабак алдым десем болот.

– Келечегиңиз кең болсун. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан