«БАЛАМДЫН ТИРҮҮ ЭКЕНИНЕ ИШЕНЕМ»

Кайра жанчылдым. Дүйнөм эле эмес, өпкө, боорум, жүрөгүм, денем жүзгө бөлүндү. Ушундай сезимди кайра жашап жатканыма чыдабай баратам. Билесизби, мен азыркы турпатымды бир канча жыл мурунку жарааттарымдан айыктырыш үчүн бир-бирден жамап отуруп курап чыккам. Ал окуя мени жаргылчактай жанчып кеткен. Жүрөгүм өзүмдүкү экенин, колу-бутум бар экенин сезбей калгам. Ал эле эмес, акыл-эсимди да башкара албайт элем. Бала деген энеге ушундай азап берет тура. Окуямды башынан айтайын.

Жолдошум экөөбүз баягы эле кыргыздардын аймактык бөлүнүүсүнүн курмандыгы болдук. Мен түштүк, ал түндүк жергесинен. Ошентсе да сүйүүбүз ич ара каршылыктарды жеңип, баш коштук. Бирок туугандык мамилени жөнгө сала албай бир топ түйшүк тарттык. Кайненем айылдан келип, мени теңине албай көп сөздөрдү айтып кетчү. Ага карабай жолдошум экөөбүз бактылуу элек, ортобузда сүйүү бар эле. Ал аңгыча уулдуу да болдук. Балам 6 айлык болуп калганда кайненем айылдан келди. Дегеле мурдагыдай эмес, мага жакшы сүйлөп, баламды эркелетип отурду. Ошондогу сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. Андан кийин кайненем биздикине тез-тез каттап калды. Бир күнү “балаңды айылга алып барып багып берейин, балам экөөлөп иштеп үй-жай курап алгыла” деди. Негедир муну укканда жүрөгүм бир зырп эте түштү. Бирок жолдошум үй-бүлөнү жалгыз иштеп багып, батирге акы төлөп, каражат жагынан кыйналып жатканбыз, макул болдук. Ошентип баламды айылга алып кетти. Мен жумушка кирип, антип-минткиче эки ай өтүп кетти. Бир күнү кайненем баламдын сууга агып кеткени жөнүндө кабар айттырып жибериптир. Кандай жеткенимди билбейм, баламды издеп жаттым. Бирок мага анын денесин көрсөтүшкөн жок, “табылган жок” дешти. Мен “балам тирүү, баламды бергиле” деп чырылдадым. Эч ким уккан жок. Баламдын сууга акканына ишенген жокмун, энелик жүрөгүм “балаң тирүү” деп жатты. Бизди кайра шаарга кетиришти. Бир жума өтпөй кайра айылга бардым, бирок кайненем мени үйүнө киргизбей койду. Баягы жакшы сүйлөп калган кайненем кайра жекире карап, мени кабыл албай турду. А мен кайра-кайра айылга бара бердим. Эмнеге билбейм, балам ошол жакта жүргөндөй боло берчү. Баары менден баламды катып коюп, көрсөтпөй жатышкандай туюлчу. Жадакалса күйөөм да мени алдап жаткандай эле. Ошентип дүйнөм жанчылды. Кээде эмне кылып жатканымды, эмне сүйлөп жатканымды деле билбей калчу болдум. Роботтой эле жашап калдым, иштеген да жокмун. Жолдошумдун алып келгенин аш кылып, кээде үйдү тытынып жыйнап калам, кээде ыйлап баарын талкалап салам. Унчукпайт, күнөөлүүдөй эле томсорот. Ошентип жүрүп, арадан 7 жыл өттү, бул аралыкта 2 кыздуу да болдук. Бирок мен аларды кантип курсакта көтөрүп, кантип төрөгөнүмдү, кандай чоңоюп жатышканын билбейм, сезбейм...

Акыркы эки жылдан бери психолог менен иштешип, өзүмдү колго алып, адам болуп келаткам. Күйөөмдүн агасы бар эле, көп жылдан бери балалуу боло албай жүрүшкөнүн айткан эле. Жакында ошол абысынымды көрдүм, бала жетелеп алыптыр. Баласы апалап бирдемелерди сүйлөп жатат. Айылда жашашчу. Абысыным мени көрөрү менен баласынын жүзүн көрсөтпөй, кандай демиш болуп эле кетип калды. Жолдошумдан сурасам “сен стресс болуп жүрүп билбей калсаң керек” деп койду. Ошондон бери кайра күмөн ойлор пайда болуп, жанымды коёрго жай таппай жүрөм...

Назгүл

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан