СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бокс: Кыргыз мушкери тарых жаратты

1-майдан 14-майга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында бокс боюнча дүйнө чемпиондугу өттү. Биринчиликке дүйнөнүн 107 өлкөсүнөн 500дөн ашык спортчу катышышты.

Кыргыз мушкери, Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1-майда 1/32 финалдык баскычтан старт алган. Ал Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика, Тажикстандын спортчуларын 4 жолу катары менен жеңип, жарым финалга чыккан.

Мунарбек Сейитбек уулу 12-майда өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, ага жеңилип калды. Бул салмак категориясында кыргызстандык спортчу 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды.

Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу Кыргыз тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыккан алгачкы боксчу болду.

Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" футболдук клубунан күтүүсүздөн кетти

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жана "Кайрат" футболдук клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов алматылык клубдан кетти. Мындай маалымат клубдун расмий сайтына жарыяланды. Ага ылайык, кыргыз футболчусу менен келишим тараптардын өз ара макулдашуусу менен токтотулду. Бул тууралуу футболчу өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мындай билдирүү жасады.

"Бардыгы үчүн рахмат, "Кайрат"! Ушул 2 жарым жылдын ичинде мени менен болгон атмосфера дайыма эсимде калат. Баарына, өзгөчө күйөрмандарыбызга жана командалаштарыбызга ыраазычылык билдирем!".

Белгилей кетсек, 22 жаштагы жарым коргоочу "Кайрат" клубуна 2020-жылы кошулган. Ага чейин ал беларустук "Неман" клубунда ойноп келген.

Ысык-Көлдө чуркоо боюнча эл аралык марафон өттү

13-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Шанхай Кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” аталышындагы Ысык-Көл эл аралык марафону өттү. Марафонго 20дан ашык өлкөдөн 3 миңдей адам катышты. Жарышта Казакстан, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргыздан келген алдынкы спортчулар күч сынашты.

Спорттук иш-чаранын алкагында марафон (42 чакырым 195 метр), жарым марафон (21 чакырым 97 метр), 10 чакырым, 3 чакырым аралыктарында жана скандинавиялык басуу боюнча жарыштар болуп өттү. Жалпы байге фонду 1 миллион 534 миң сомду түзгөн.

Мындан тышкары, марафондун алкагында 42, 21, 10 чакырым аралыктарда эркектер жана аялдардын арасында жаш курактык категориялар боюнча (35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогору) жана майыптыгы бар адамдардын арасында жеңүүчүлөр белгилүү болуп, баалуу белектер менен сыйланышты.

Армрестлинг: Кыргызстан Азия чемпиондугунда 21 алтын медаль жеңди

Армрестлинг боюнча курама команда Азия биринчилигинде 21 алтын байге багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

"Ажман шаарында (БАЭ) өткөн армрестлинг боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы жалпы 21 алтын, 21 күмүш жана 16 коло медаль жеңди", - деп айтылат маалыматта.

Мелдеш 28-апрелден 4-майга чейин өткөн жана ага 8 мамлекеттен спортчулар катышышкан.

Бишкектик спортчулар эл аралык веложарышта жеңүүчү аталды

Бишкектик спортчулар Казакстанда өткөн "Gran Fondo Giant Kazakhstan" эл аралык веложарышта жеңүүчү аталды. Маалыматка ылайык, веложарышка 200 дөн ашуун анын ичинде Кыргыздын спорт мектебинен 6 велоспортчу катышышты.

Жыйынтыгында эркектер арасында Александр Дядичкин 2-орунду жана жалпы эсепте 3-орунду ээледи. Кыздар арасында Евгения Березовская 2-орунду ал эми жалпы эсепте 3-орунду жеңип алган.

Белгилей кетсек, мелдештер ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, велоспортту өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан