ПСИХИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДАҢЫЗ

Психикалык ден соолук жабыр тартканда түрдүү физикалык оорулар жаралат. Азыркы заманда жашоо үчүн болуп жаткан күрөш, күнүмдүк тиричилик көпчүлүк адамдарга стресс, депрессия тартуулайт. Натыйжада адамдын психикасы жабыркайт. Канткенде психикалык ден соолукту сактап жана чыңдай алабыз? Психологдордун кеңешине көз жүгүртөлү.

Психикалык ден соолукка терс таасир берчү факторлор

• Үй-бүлөдөгү же түгөйлөр ортосундагы келишпестиктер

• Жумуштагы, кесиптештер арасындагы оорчулуктар

• Моюндагы жоопкерчилик (үй-бүлө, достор, кесиптештер алдындагы)

• Каржылык жетишпестик

• Жашоо-тиричилик шарттарынын начардыгы

• Мүнөздөгү өзгөчөлүк (бардык нерсени жүрөккө жакын кабыл алуу, кичинекей маселени чоң көрүү жана башка)

• Туура эмес тамактануу

• Жаныңдагы адамдардын таасири

• Бат-баттан кайталанган стресс чакырган окуялар

• Эс алуусуз иштөө, уйку канбагандык жана башка

Психикалык ден соолуктун жабыркашынын белгилери

• Адамдар менен тил табыша албай түнт тартуу же болбосо кичинекей нерсеге кызуу кандуулук кылып урушуп кетүү

• Стресс учурунда адекватсыз кыймыл-аракеттерди жасоо, эмоцияны көзөмөлгө албоо

• Апатия

• Коркуу сезими күч алат

• Өзүн ишенимсиз, жөндөмсүз, талантсыз, эч кимге кереги жок сезүү

• Эч нерсеге жоопкерчилик алгысы келбей, качып калат

• Мурда жасабаган, жат адаттарга ээ болот жана башка

Кантип коргош керек?

Психикалык ден соолук жабыркагандан кийин аны калыпка келтириш оор болот. Өтүшүп кеткен учурда сөзсүз түрдө психолог, психотерапевт адистерине кайрылуу зарыл. Ошол эле учурда мындай абалды алдын алып, же акырындык менен жеңип чыкса болот.

1. Күнүңүздү иретке келтириңиз. Эгер көп иштеп, аз уктасаңыз, албетте, нерв системине күч келет. Андыктан чү дегенде эле уйку режимин калыпка салуу керек. Күндө бир маалда жатып, бир убакта турганга аракет кылыңыз. Уйкунун узактыгы 7-8 сааттан кем болбосун. Эс албай иштегенде организм өзүнүн запастарын, энергиясын коротуп салат. Кубаты жок телефон өчүп калган сыяктуу эле, энергиясы жок адамдын иштегенинен натыйжа чыкпайт. Эс алганды билиңиз!

2. Нерв системине керектүү дагы бир жагдай – тамак-аш. Убагында жана айдалуу азыктар менен тамактаныңыз. Жашылча-жемиш жана башка организмге витамин топтомдорун бере турган азыктарды жеңиз. Алкоголдук ичимдик, фаст-фуд, газдалган суусундуктар, туздалган, таттуу тамак-аштар. Булар адамды кылтакка бат илген азыктар, бирок зыянынан башка пайдасы жок экенин билесиз да.

3. Убагында ден соолукка көңүл буруңуз!

Ооруп, мына-мына деп чыдабай калганда ооруканага барбай, жылына 1-2 жолу бардык тармактын (стоматолог, терапевт жана башка) дарыгерлеринен текшерүүдөн өтүп туруңуз. Өзүңүздүн ден соолугуңуз чың экенин билсеңиз көңүлүңүз да ордунда болуп, нерв системиңизге позитивдүү маанай тартуулайсыз.

4. Эмоцияны көзөмөлдөңүз.

Канчалык эмоционалдуу, импульсивдүү болсоңуз да эмоцияны көзөмөлдөй билиңиз. Бул оорчулук жаратчу процесс. Бирок аң-сезимиңизди машыктырсаңыз эле көнүп кетесиз. “Бомба” болуп жарылардын алдында 2-3 секундга ойлоно калыңыз. Жарылганыңыз ишке жардам береби, кайра мурунку ордуна келеби, балким башка жолу бардыр... 10го чейин санаңыз, кайра 10дон 0гө чейин... Терең-терең дем алыңыз. Бара-бара негативди позитив менен жеңген адамга айланасыз.

5. Жаратылышка чыгыңыз.

Негизи эле бир күн кечке бир жайда, бөлмөдө отуруу, иштөө адамда негатив жаратат, стресс чакырат. Ошон үчүн стресс көз ирмемдеринде же ага чейин деле 5-10 мүнөт болсо да көчөгө чыгыңыз, айланага көз чаптырыңыз, көзүңүздү эс алдырыңыз, көздү жумуп кере-кере дем алыңыз, колу-бутту кыймылдатып “уктап” бараткан организмди ойготуңуз. Дем алыш күндөрү уктап жата бербей, же үй тиричилигине көмүлүп калбай жаратылышка чыгыңыз. Эч ким үй жумуштарынын баарын жасап бүткөн эмес, бүтпөйт дагы. Андыктан адамга бейпилдик, тынчтык тартуулаган жаратылыш менен дос болуңуз.

6. Жардам сурагандан коркпоңуз.

“Баарын мен жасашым керек” деп болгон түйшүктү өзү эле моюнуна жүктөп алган адамдар бар. Ызылдап, дайыма шашып-бушуп эле жүрүшөт, же бир маселеси бүтпөйт. Баары бир адамдын маңдайына жазылган эмес. Адам робот эмес. Андыктан колуңуздан келбей жатса, жетишпей жатсаңыз, жардам сураңыз. Түгөйүңүздөн, тууганыңыздан, кошунаңыздан, дос-курбулардан... Анын эч уяты жок.

7. Баары жакшы болот!

Жашоо ак-кара сызыктан турат. Азыр эле эч чечилбей, ушуну менен баары бүтчүдөй болгон маселени бир нече убакыттан кийин жылмаюу менен эстеп каласыз. Андыктан кыйынчылыктын артынан ийгилик келерин унутпаңыз. Бардык нерседен позитив издеңиз. Буюрса, баары жакшы болот.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан