ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 29-майдан 4-июнга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Сөзсүз мурун бүтпөй калган жумуштарыңызды аягына чыгарышыңыз керек болот. Кеп профессионалдык иштерге гана эмес, аткарылбай калган жеке убадаларга да тиешелүү. Болбосо жетекчи, кесиптеш, жубайыңыз, туугандар же достордун бири менен чыр-чатак чыгышы мүмкүн. Карыз алып жана берүү сунушталбайт. Насыясы барлар мөөнөтүн өткөрбөй эртерээк төлөгөнгө аракет кылышы керек.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Сизди катардагы, кадимки жума күтөт. Алыста жашаган тууганыңыздан же эски достордон кабар келет, бирок анда өзгөчө эч нерсе камтылбайт. Сүйүү мамилесин жаңы баштагандар сүйүктүүсүнүн алгачкы “каприздерин” сезе башташат. Анын мындай кылык-жоругуна кескин реакция кылбай эле койгону туура, тескерсинче көнүп баштаганы оң. Бул апта романтикалык жолугушууларга жана ар кандай саякат сапарларына ылайыктуу эмес.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Апта түйшүк жана тынчсыздануу менен өтөт. Эң чоң түйшүктөр жана кыйынчылыктар үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу болот. Сиз биринчи кезекте жумушта жаралган көйгөйлөрдү чечишиңиз керек. Кесиптештер менен пикир алышууда сабырдуу болуңуз, билимиңизге жана тажрыйбаңызга таянып бардык тоскоолдуктардан чыгып кете аласыз. Бойдоктор виртуалдык таанышууга басым жасабаганы туура, сүйүктүүсүн реалдуу жашоодон табышат.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Көптөн бери жашоосунда бир нерсени өзгөрткүсү келген бөйөндөр иш-аракет кылууга убакыт келди. Сиздин эксперименттериңиздин жана долбоорлоруңуздун кайсынысы болбосун бул аптада эң сонун жыйынтык алып келет. Жумушта өзгөчө идеяларды сунуштай аласыз, жогорку айлык акы же кызмат үчүн күрөшөсүз. Сырткы келбетин өзгөрткүсү келгендер эңсеген жыйынтыкка жетип, карама-каршы жыныстагы адамдардын көңүл борборунда боло алышат.


АРСТАН (23.07–23.08)

Арстандар мурда пландаштырылган жооптуу иш-чаралардан, бизнес боюнча жолугушуулардан, потенциалдуу иш берүүчү менен маектешүүдөн жана башка ушул сыяктуу нерселерден баш тартып турушканы жакшы. Кесиптик ийгилик жаратуу үчүн азыр жакшы убакыт эмес. Бирок үй-бүлө же жакын адамдар менен эс алуу үчүн жакшы мезгил. Жакындарыңыз менен мамилени жөнгө салып, алар менен чечиле сырдашууга убакыт бөлүңүз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Орой жана ой жүгүртүүсү тар адамдар менен иштешип каласыз, бирок алардын деңгээлине түшүп теңелбеңиз. Ал эми жумушта, соода кылып жаткан учурда, коомдук транспортто чыр чыгарышса алардан алыс болуп, чырга аралашпоого аракет кылыңыз. Үй-бүлөлүк жашоодо толук гармония жана өз ара түшүнүшүү орун алат. Үй-бүлөдөгү маанилүү маселени узак убакыт бою талкуулашыңыз керек болсо, бул учурду колдонуңуз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Жумушта да, үйдө да көп нерсени жасап, бул өзүңүз менен сыймыктанууга негиз болот. Сиз үлгү туткан адам менен жолугушуңуз мүмкүн. Документ иштерине так болуңуз, документти толтуруу мөөнөтүн өткөрүп ири суммада айып пул төлөп каласыз. Сүйүүдө эски мамилелер эске түшөт, бир кездеги эски сүрөттөрдү карап ал учурдан ностальгия аласыз. Бирок көңүлүңүздү кайгылуу эскерүүлөрдүн тузагына түшүрүп албаңыз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Энергияңыз 3-4кө бөлүнүп, чарчап баратканыңыз сезиле баштайт. Өтө активдүү болбой, жаныңызды ашыкча кыйнабай иштеңиз. Жакын адамдарыңыздын бири сизден кражылык жардам сурайт, кол сунуудан баш тартпаңыз. Ата-энеңиз менен мамиле чыңалуу абалында болот, кайсы бир маселеде келишпестик чыгат. Бирок аларды таарынтпай оюңузду туура жеткириңиз. Балалуу чаяндар алардын ийгиликтери менен сыймыктанышат.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Кызматтагы сүйүү романы орун алышы мүмкүн, бирок жылдыздар кесиптештердин арасынан өнөктөш издебөөнү сунушташат. Ал мамиле кыска жана маанисиз болуп калуусу ыктымал. Бардык позитивдүү нерселер үйдө, жакындарыңыз менен баарлашууда болот. Үй-бүлөлүк майрамдар жана башка иш-чаралар ийгиликтүү өтөт. Чыгармачыл багытта иш алып барган жаачылардын айлык маянасы көтөрүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Бул апта текечерлер жумушта да, үйдө да талашсыз лидер болушат. Сиз жетектеген бардык бизнес ийгиликтүү жүрүп, сонун натыйжаларга алып келет. Болгону өз бийлигиңиз менен башкаларга ашыкча басым жасап, зулумдукка айлантып албаңыз, анткени сиз башкарган кемеде козголоң болсо өзүңүз кошо чөгүп кетериңизди унутпаңыз. Бойдок текечерлердин жашоосунда азырынча олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

“Көмөк көрсөтөм, жардам берем” деп убада берген жакындарыңыздын шашылыш иштери чыгып, ара жолдо каласыз. Андыктан өзүңүзгө гана ишенип иш кылыңыз. Айрым маанилүү жумуштарыңызды кийинкиге калтырууга туура келет. Сүйүүдө жолдуу болосуз, айрыкча бойдоктор көптөн бери ашык болуп жүргөн адамына тайманбай барып сезимдерин билдире беришсе болот. Ал адам бул эрдигиңизди туура баалайт.


БАЛЫК (20.02–20.03

Жумуш тууралуу сунуштар болсо кылдат мамиле кылыңыз, алданып калышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөлүү балыктар түгөйү менен никесин бекемдеп, олуттуу этаптагы мамилеге өтө алышат. Ал эми бойдоктор узак мөөнөттүү романтикалык мамилени башташат. Каржылык маселеде көп жылыш күтүлбөйт. Жумушта сиздин аброюңузга шек келтирүүгө аракет кылган жашыруун жана ачык тоскоолдуктарды байкай баштайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан