ПИЕЛОНЕФРИТ: Бел эмес, бөйрөк ооруп жатканын байкаңыз

Пиелонефрит – бөйрөктүн дарты, Кыргызстанда көп кездешкен оорулардын бири. Айрыкча ички миграция күчөгөндөн кийин бул илдеттен жабыркагандардын саны кескин өстү дешет адистер. Улуттук госпиталдын урологу Жуман Мырзалиев кеңеш берет.

Эмне болгон дарт

– Пиелонефрит – бөйрөктүн күлтүкчөсүнүн жана чөйчөкчөсүнүн инфекциялардан улам сезгениши. Ооруну ичеги жана кургак учук таякчасы, энтерококк, стафилококк, стрептококк, микоплазма жана козу карын сымал микроорганизмдер жана вирустар козгойт. Ал эми инфекциянын булагы болуп өнөкөт таңдай бездеринин сезгенүүсү (тонзиллит), тиштердин кариеси, мастит, көтөн чучуктун тегерегиндеги ткандардын сезгенүүсү, уретрит, аялдардын жыныстык органдарынын сезгенүүсү, простатит, цистит, гайморит жана башкалар эсептелет. Башкача айтканда, аталган дарттарды убагында дарылабаса оору козгогучтар бөйрөккө өтүп кетет. Инфекция бөйрөккө 3 түрдүү жол менен өтөт: кан, заара чыгаруучу түтүкчө жана лимфа аркылуу.

Айрымдар бөйрөгү ооруп жатканын билбей, “белим ооруп жатат” деп жылуу таңып же дары май сыйпап жүрө беришет. Ал эми сезгенүү улам күчөй берет.

Дарттын жаралышына шарт түзөт

• Заара чыгаруучу каналдын ичкерип кетиши

• Бөйрөктүн жана табарсыктын таш оорусу

• Табарсыктын моюнчасынын склерозу

• Урук чыктагыч бездин залалсыз шишиги

• Кант диабети

• Кургак учук

• Боордун циррозу

• Иммунитеттин төмөндүгү

• Авитаминоздун оор формасы

• Бөйрөктүн суукка катуу урунуусу

• Бойго бүтүрбөөчү гормоналдык дары-дармектерди такай колдонуу

Дарт курч кармаган жана өнөкөт түрү деп экиге бөлүнөт.

Курч кармаган түрү

Бул кескин өнүгүп өмүргө коркунуч жараткан түрү. Инфекциядан улам бөйрөктө илешме суюктук жана ириң жаралып, ириң организмди ууландырат.

Оорунун белгилери:

• Бел туштагы оорутуу

• Чыйрыгып-калтыроо, дене табынын көтөрүлүшү

• Шалдыроо, баш оору

• Көңүл айлануу, кусуу

• Ооздун кургашы, ичтин көбүшү жана башка.

Оору белгилери билингенде бейтап дарыланбаса организминде инфекциялык уулануу жүрөт. Кан басымы түшөт, өңү бозорот, жүрөгүнүн кагышы ылдамдайт, акыл-эстен танат. Ошентип оору тез өнүгүп, дарыланбаса адамды көз жумууга чейин жеткирет.

Мунун себеби – денедеги кандын 25 пайызы бөйрөк аркылуу өткөндүгүндө. Андыктан бөйрөк ириңдесе, ал ириң кан аркылуу бүт организмге тарайт.

Курч кармаган пиелонефрит 3 түргө ажыратылат:

• Апостематоздук: бөйрөк кыртышында көптөгөн майда ириң уячаларынын жаралышы

• Карбункулдук: бөйрөктүн ириңдүү – некроздуу жабыркоосу

• Абсцесстик: ириңден улам бөйрөк ткандарынын эрүүсү

Өнөкөт түрү

Ооруну өз убагында же толук дарылабагандан өнөкөткө айланган түрү. Дарыланбоо бөйрөктүн иштен чыгып, куурап калышына, гемодиализге же көз жумууга жеткирет. Мүмкүнчүлүгү барлар бөйрөгүн алмаштырса, каражаты жоктор өмүр бою гемодиализге көз каранды болот.

Өнөкөт пиелонефриттин 2 фазасы бар:

• Ремиссия – оорунун билинбей өнүгүшү. Кээде оору жылдап кармабайт. Бирок бөйрөк жана бел туш бир аз уютуп оорутуп турат, айрыкча нымдуу аба ырайында. Дарттан улам иммунитет алсырап, табарсыктын иштеши бузулат. Бат-баттан заара ушатуу күтүлөт.

• Курчушу дене тап көтөрүлүп, тамакка табит жоголот. Шалдыроо, бел тушта оорутуу жаралат, өң бозорот. Зааранын анализинде лейкоциттин, бактериялардын өлчөмү жогорулайт. Бөйрөктүн иштешинин бузулушу суусоого, ооздун кургашына, бат-баттан заара кылууга жеткирет.

Дартта колдонулуучу диета

Бөйрөккө күч келтирбей, зааранын жакшы чыгышына, шишиктин тарашына, артериалдык кан басымдын төмөндөшүнө түрткү бере турган тамак-аштар сунушталат. Тамак-аштарга туз аз кошулушу шарт. Адам күнүнө 1 литрден ашык суюктук ичпеши керек.

• Жашылча жана сүттөн жасалган суюк тамактар

• Бууга, сууга бышкан балык, тоок, уй эти

• Сүт жана сүттөн жасалган азыктар

• Жашылчалар, жемиштер

• Кактан жасалган компот

• Бал, кыям өтө аз өлчөмдө

• Татымал чөптөр

Көбүнчө аялдар оорушат

– Пиелонефрит менен аялдар да, эркектер да оорушат. Бирок негизинен аялдарга тиешелүү дарт. Анткени алар кир жууп, тамак-аш даярдап, айтор, сууга колун көп салып, сезгенүүгө учурашат. Анын үстүнө аялдардын жыныстык кыны уретрага (заара чыгаруучу канал) жакын жайгашкандыктан жыныстык органдардагы инфекциялар уретрага өтүп кетет да, заара түтүкчөсү аркылуу жогору өрдөп бөйрөккө барып, аны сезгентет.

Кош бойлуу кезде гормоналдык тең салмак бузулгандыктан бөйрөктүн күлтүкчөсү жана заара чыгаруучу түтүкчөнүн жыйрылып иштөөсү начарлап, заара бөйрөктөн убагында чыкпай бөйрөктү сезгентиши мүмкүн. Анын үстүнө жатын чоңойгон сайын заара чыгаруучу түтүкчөнү кысып, зааранын чыгышын начарлатат.

Кош бойлуу аялга айрым антибиотиктерди колдонууга болбогондуктан оорусу күчөшү мүмкүн. Андыктан аял гинеколог жана урологдун көзөмөлүндө болуп, анын кеңештерин аткарат, сунуштаган дары чөптөрдү ичет. Оору күчөп баратат деп табылса заара чыгаруучу түтүкчөгө стент коюлуп, зааранын калыптагыдай чыгышы шартталат.

Этек кир келген кезде да гигиеналык каражаттарды убагында которуп турбаса жылуу жана нымдуу жерде бат көбөйгөн микробдор уретрага өтүп кетет.

Диагноз

• Зааранын жана кандын анализи

• Бөйрөктүн УЗИси

• Компьютердик томография

• Урография

• Бөйрөктүн рентгенограммасы

Дарылоо

Дарылоо оорунун түрүнө карап жүргүзүлөт жана өз ичине антибиотик дары-дармектерди, физиотерапияны, катетер коюуну камтыйт. Ошондой эле E, A, C витаминдери берилет. Диета кармалат. Суюктук көп, туз аз ичилет. Өнөкөт түрүн дарылоо өтө узакка созулат. Бөйрөктө өзгөрүү көп болуп, консервативдүү дарылоо жардам бербей турган учурда операция жасалат. Дарылоого да, операцияга да кеч болуп калса, гемодиализ сунушталат.

Оорунун алдын алуу

• Жеке гигиенаны сактоо

• Суукка урунбай, жылуу кийинүү

• 1 жылда 1-2 ирет УЗИ аркылуу бөйрөктү текшертип туруу

• Оорунун белгилери билингенде дароо врачка текшерилүү

• Тонзиллит, тиштин кариеси, гайморит жана башка ириңдүү оору болгондо сөзсүз дарылануу жана башка.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан