ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТКАН ТҮРК КЕБАБЫ

Кээ бир тарыхы бай, дүйнөгө белгилүү даамдар кенен сөз кылууга арзыйт. Анын жаралышы, жасалышы кызык. Бул жолу биз эле эмес, дүйнө эли сүйүп жеген түрк кебабынын тарыхы, кызыктары менен бөлүшөбүз. Ошондой эле ашпоз Ырыс Зарылбеков менен бирге адана жана килис кебабын даярдадык.

Тарыхы

Кебаб – фарс тилинен келип, “күйгүзүү” дегенди билдирет. Ал Жакынкы Чыгыш, Орто Азия, Балкан аралдарындагы өлкөлөрдүн көбүнчө кой этинен жасалган улуттук тамагы болуп саналат. Кебаб тууралуу орто кылымда жазылган чыгармалардан кездештирүүгө болот. Канаттуунун этинен жасалган кебаб 13-кылымда жашап өткөн Саадинин “Гулистан” китебинде эскерилсе, 15-кылымда жашап өткөн Алишер Навоинин “Жети планета” деген чыгармасында отко какталып бышырылган эт кесимдери Бахрам шахынын сүйгөн тамагы катары жазылган. Ал эми түрк ашканасы грек, араб жана фарстардын салттары менен жуурулушканы маалым.

Эмне үчүн түрктөрдүн кебабы белгилүү болду?

Буга түрк элинин кебаб жасоону улам жакшыртып, жаңыртып жатып төп келишкен даамдык айкалыштарды тапканы, ошондой эле өлкөнүн туристтик аймакка айланышы себеп. Ушул аймактан башка өлкөлөргө тарап, дүйнөдөгү эң сүйүктүү тамактардын катарына кошулду. Түркияга барган туристтер сөзсүз түрдө жеп кетүүчү улуттук даамга айлана алды.

Пиццадан кийинки орунда

Кебаб – дүйнөгө белгилүү, көп желүүчү даамдардын ичинен пиццадан кийинки эле орунда. Түркияда кебабдын жүздөн ашык түрүн жасашат. Мисалы, искендер, люля, донер, патлыжан, адана, урфа, шиш кебаб жана башка. Ар аймак кошулмасын, жасоо жолдорун өзгөчөлөнтүп жатып мыкты кебаб түрлөрүн ойлоп табышкан.

Жасоо сырлары

  • Түрк кебабынын көпчүлүгү колго майда тууралып, ургуланган фарштан даярдалат. Эт туурагычтан пюре сымал өткөрүп салбаш керек.
  • Андан кийинки негизги азык - куйрук май. Жөнөкөй ич май эмес, куйрук май менен жасалганы өтө даамдуу болот.
  • Даамын арттыруу үчүн сөзсүз түрдө пияз, ашкөктүн түрлөрү жана татымалдар кошулат.
  • Бардык азыктар аралашкандан кийин баары биригип, бириндеп чыкпай калганга чейин ургулаш керек. 20-30 сантиметр алыстыктан ургулай берүү керек. Ошондо шиштен түшүп кетпейт.
  • Муздаткычка кем дегенде 1-2 саатка салып тыныктыруу шарт.
  • Шиш ичке эмес, жайпак болгону жакшы. Канчалык жайпак болсо бат даярдап, бат бышат.
  • Даярдалган чок өтө күчтүү, өтө жай да болбой бир калыпта болгону дурус.

Адана кебаб

• Адана жана урфа кебабы бири-бирине окшош эле, болгону адана кебаб ачуу келет.

Керектелүүчү азыктар:

Кой этинен фарш – 500 грамм

Куйрук – 100 грамм

Пияз – 1 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Петрушка – жарым боо

Паприка – 1 аш кашык

Ачуу кызыл калемпир – 1 чай кашык

Томат пастасы – 1 аш кашык

Колду майлоо үчүн өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык

Туз жана башка татымалдар – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Куйрук майды майда туурап алабыз. Аны фаршка аралаштырып, майда тууралган пияз менен болгар калемпирин, калган татымалдарды, томатты кошуп аралаштырабыз. Кол менен ургулап бир массага келтиребиз. Үстүн жаап 2 саатка муздаткычка сала турабыз.

2. Мангалга от жагып, отундан чок даярдайбыз. Кебаб үчүн шиш жайык жалпак болгону жакшы. Колубузду өсүмдүк майы менен майлап аралашмадан бир ууч алып шиштерге узатасынан өтө жука, өтө калың эмес жармаштырабыз.

3. Даяр болгон шиштерди бир калыптагы ысык чокко эки тарабынан улам айлантып кактап бышырабыз. Кебаб менен кошо жашылчаларды да чокко кактап чогуу берсеңиз, утушуңуз. Чокко какталган помидор, болгар калемпири, баклажан эт менен жакшы айкалышып берет.

Бышып жатканда курамындагы май эрип баштайт, аны отко тамызбастан лаваш менен сүрүп алабыз. Ошол лаваш кебаб менен кошо берилет.

Килис кебаб

• Бул да Түркиянын Килис деген аймагынан белгилүү болгондуктан аты ошол аймактыкын алып жүрөт. Килис тава деп да аталат. Тава – табада бышканынын белгиси. Үйдө жасоого ыңгайлуу түрү.

Керектелүүчү азыктар:

Фарш – 500 грамм

Пияз – 1 даана

Болгар калемпири – кызылынан 1 даана, жашылынан 2 даана, бышканы калганда колдонуу үчүн 2-3 даана

Помидор – 1 даана, бышканы калганда колдонуу үчүн 3 даана

Сарымсак – 2 тишче

Каймак май – 15 грамм

Томат пастасы – 1 аш кашык

Петрушка – 1 боо

Ысык суу – 180 грамм

Зайтун майы – 50 миллилитр

Туз, паприка, калемпир, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчаларды жууп-тазалап, чоң бөлүктөргө бөлөбүз. Аларды блендерге салып, үстүнө петрушканы кошуп майдалап алабыз.

2. Майдаланган жашылчага фаршты, татымалдарды, 2 аш кашык зайтун майын кошуп аралаштырабыз.

3. Диаметри 30 сантиметр болгон электр табасына зайтун майынын калганын куюп четтерине чейин жеткизип сүртүп чыгабыз да, фаршты салабыз. Тегиз жайып, үстүн тамак-аш плёнкасы менен жаап 1 саат муздаткычка сала туруу керек.

4. Томат пастасы менен каймак майга туз татытып, ысык суудан аз-аздан куюп эзебиз. Муздаткычтагы фаршты алып чыгып, аны пицца сымал 6-8 бөлүккө бөлүп, үстүнө томат суусун куябыз да, 190 градуста ысып турган электр мешине 25 мүнөткө салабыз. 25 мүнөттөн соң помидор, болгар калемпири, пияз сыяктуу жашылчалардан чоң туурап үстүнө салып кайрадан мешке салабыз. 15-20 мүнөттөн соң килис кебабы даяр болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан