Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун божомолу боюнча, сынчыл ой жүгүртүү – 2025-жылы эң маанилүү жана суроо-талап жогору көндүмдөрдүн бири болот. Анткени иш берүүчүлөр сынчыл ой жүгүртүүсү өнүккөн кызматкерлерди тез жумушка алышат дешет. Сынчыл ой жүгүртүү деген эмне? Ал эмне үчүн керек? Анын пайдасы, артыкчылыгы эмнеде? Аны кантип үйрөнүү зарыл? Төмөндө ушул суроолорго жооп издейбиз.
Сынчыл ой жүгүртүү деген эмне?
Сынчыл ой жүгүртүү (critical thinking) – адамдын кырдаалга же окуяга туура баа берүүсү, уккан маалыматына, ал тургай өзүнүн ишенимине жана чечимине шек коюу жөндөмү. Маалыматты талдоого, андан жыйынтык чыгарууга жана талдоонун негизинде чечим кабыл алууга, ошондой эле өз пикириңди калыптандырууга жана позицияңды коргоого мүмкүнчүлүк берген маанилүү көндүмдөрдүн бири. Ойду туура багытка буруу, жагдайды, көйгөйдү, натыйжаларды туура колдонууга мүмкүндүк берүү. Жөнөкөй тил менен айтканда – жогорку деңгээлде ой жүгүртүү. Адатта, “меники гана туура” деп башканын оюн уккусу келбеген, эмоциянын таасиринде ишенимин бат өзгөрткөн, жашы бир топко барып калса да жаш баланыкындай психикада жүргөн адамдарды сынчыл ой жүгүртүүсү жок деп билсеңиз болот. Ал эми кызыгуусу, байкоочулук сапаты өнүккөн, логикасы күчтүү, талдоосу туура, түрдүү тараптарга ачык адамдарда бул көндүм бар деп саналат. Психологдор дүйнө элинин 40-50 пайызында сынчыл ой жүгүртүү калыптанган дешет. Бул көндүм адамдын жаш курагы өткөн сайын өөрчүйт, анын турмуш тажрыйбасы, жетилгендиги буга көмөкчү боло алат деп айтышат.
Сынчыл ой жүгүртүүнүн 5 стадиясы
Кантип өнүктүрөбүз
• Билим казынаңызды толуктаңыз. Курчап турган дүйнө жөнүндө жетиштүү көлөмдөгү билимиңиз болбосо сынчыл ой жүгүртүү мүмкүн эмес. Билимиңиз канчалык терең болсо, салыштыруу да, талдоо да оңой. Көйгөйгө сын көз менен баа берүүдөн мурун, аны ар тараптан кароо зарыл.
• Көркөм жана илимий-популярдуу адабияттарды окуңуз. Окуганда чыгармада автордун берейин, айтайын деген оюн түшүнүңүз. Балким, анда баалуу маалымат катылып жатат. Чыгармадан жооп таба албаган кызыктуу суроолорду түзүңүз. Бул учурда аналитикалык ой жүгүртүүңүз иштеп баштайт.
• Адамдарды жана алардын жүрүм-турумун байкоо – бул алардын иш-аракетинин себебин түшүнүүгө жана ар кандай кырдаалдарда өз ара аракеттенүү стратегиясын иштеп чыгууга жардам берет.
• Суроо бергенди үйрөнүңүз. Ар кандай темада суроолорду берүүгө машыгыңыз. Мисалы, өзүңүзгө жаккан кино, китеп, сүрөт, кубулуштар же окуялар жөнүндө элүү суроо түзөм деп план коюңуз. Кандайдыр бир суроону изилдеп жатканда, бардык жагдайларга кызыгып, көйгөйдү ар тараптуу карап, суроолорду берүү менен деталдарын тактаңыз.
• Тексттерди окуп, талдап чыгыңыз. Сынчыл ой жүгүртүү китептерден жана интернеттен алынган маалыматтарды ар дайым талдоонун аркасында өнүгөт.
• Альтернативдүү маалымат булактарына кайрылыңыз. Сынчыл ой жүгүртүү берилген көйгөй жөнүндө ар кандай, кээде карама-каршы көз караштар менен таанышууну сунуштайт. Маселени изилдеп жатып, ар кандай булактарга кайрылып, алынган маалыматтарды салыштырып, ырааттуулукка, толуктукка, ишенимдүүлүккө баа бериңиз жана карама-каршылыктарды аныктаңыз.
• Шахмат ойноңуз. Бул оюн логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрөт, себеп-натыйжа байланышын көрүүгө жана окуялардын өнүгүшүн алдын ала айтууга үйрөтөт.
• Кубик-рубик, пазлдар, ар кандай баш катырма оюндар. Табышмактарды жана баш катырмаларды чечүү ой жүгүртүүнүн ылдамдыгын жакшыртат, майда деталдарды байкаганга, негизгини экинчиден ажыратууга үйрөтөт.
Сынчыл ой жүгүртүү эмне үчүн керек?
Кеңешбек Сайназаров, билим берүү тармагында серепчи:
– Бизде эки түрдүү сабаттуулук бар. Жөнөкөй сабаттуулук – бул окуп, жаза алган адамдар. Экинчиси – функционалдык сабаттуулук. Ушул экинчиге сынчыл ой жүгүртүү жөндөмү кирет. Бизде азыр мектептерде окуучунун аналитикалык, креативдүү, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрүшпөйт. Көбүнчө сабактар фактылар, эрежелер, жылдар, ысымдар, терминдерди жаттап алып, муну билим деп, кийин студенттерди эркин ой жүгүрттүрө албай кыйналып жатпайбызбы. Мисалы, ыр жаттап келип окуучулар баа алышат, бирок ал ырдагы автордун сезими талданбайт. Геометриядан теория жаттап айтып беришет, бирок ал теория эмнеге жазылганын, эмне үчүн жашоосунда керек, пайдасы канчалык, эмнеге аны билиши керек десе жооп бере алышпайт. Сынчыл ой жүгүртүү менен биз окуучуларга эркин ой жүгүртүп, туура нерсени алууга, көрүүгө үйрөтөбүз. Мына мен азыр таксиде баратам, айдоочу менен кайсы маркадагы унаалар күйүүчү майды аз ичет, үнөмдүү болот, ошол унаа менен такси айдаш керек деп талкуулап баратабыз. Бул да сынчыл ой жүгүртүүгө кирет.
Элмурат Кочкор уулу, теолог:
– Сынчыл ой жүгүртүү – туура нерсени баамдоо, актан караны бөлүп кароо жөндөмү. Саясатта бул сөздү кирдетип алышты, сынчыл ой жүгүртүү десе саясатчыларды сындоо, кемчилигин айтуу деп түшүнөт. Негизи бул бизге абдан керек көндүм. Мисалы, сиз жаман көрүп жүргөн кошунаңыздын канча бир жылдардан кийин андай деле жаман эмес экенин түшүнүшүңүз мүмкүн. Ага болгон оюңузду өзгөрткөнүңүз сынчыл ой жүгүртүүнүн натыйжасынан келди. Бул нерсе сизде болгон ишеним, түшүнүк, билимди дагы бир жолу башынан карап талдоо жүргүзүү искусствосу. Же тескерисинче канча жылдар бою колдоп жүргөн саясатчыңыздан көңүл калды дейли. Демек, сиз ал адам тууралуу маалыматтын баарын сынчыл электен өткөрдүңүз. Бул көндүмдөн эч качан коркпош керек, эгер ал чынында эле жакшы адам болсо, бир эмес, жүз жолу сынчыл байкоодон өтсө да жакшы бойдон кала берет. Учурда жарандарга ушул темага байланыштуу курс окутуп жатам, каалоочулар келсе болот.
Лунара Бекиева