Юрий Бобков, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «БАСЫП КЕТЕМ ДЕГЕН ҮМҮТҮМ ЧОҢ»

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, маданиятты өнүктүрүүдө зор эмгеги бар Юрий Бобков агабыздын бутуна кезектеги операция жасалды. Анын ден соолугун сурап, кыскача маектештик.

– Саламатсызбы, Юрий ага? Ден соолугуңуз жакшыбы?

– Саламатчылык, Кудайга шүгүр. Ден соолук жакшы, буюрса. Кечээ (ред.: 23-майда) операция жасалды. Учурда Орусиянын Новосибирск шаарындабыз, ушул жактан операция жасаттык. Негизи 18-майда келип, 23-майда операция жасалмак. Бирок 17сине билет жок болуп калып, 16-майда учуп келгенбиз бул жакка, батир ижарага алдык. Жанымда жубайым Асель бар. Дарылаган врач келип “операция штаттык режимде өттү, буюрса, жакшы. Эртең операция жасаган врач келип кенен түшүндүрүп берет” деп кетти. Операция 2,5-3 сааттай убакытка созулуптур, андан кийин бир суткадай реанимацияда жаттым, жаңы эле палатага которулдум. Калыбыма келгиче дагы 2 жумадай ооруканада жатсам керек.

Мени сүйүнткөнү – учуп келерибиз менен Новосибирск шаарындагы кыргыз мекендештерибиз тамак-аш, мөмө-жемишин көтөрүп, “учурашып коёлу дедик эле” деп абалымды сурап келишиптир. Андан бери тынбай келип кабар алышууда. Ооруканада да 2-3 кыргыз жигит иштейт экен, алар да келип “биз бул оорукананын башка бөлүмүндө иштейбиз, Бобков келди дегенин угуп учурашып коёлу деп келдик” деп атайын келишиптир. Аларга да аябай ыраазы болуп отурабыз.

Операцияга чейин Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек мырза жана юрист Нуралы мырза келип кетишти. Тааныбаган, тааныш эмес эле адамдар келип ден соолугумду, акыбалымды сурап жатышат. Жүрөгүм жылып, өзүмө батпай сүйүндүм. Чындыгында, көңүлүм көтөрүлүп, кыргыз элимдин боорукерлигине, кайрымдуулугуна сыймыктанып отурам. Жалпы кыргыз элиме терең ыраазычылык билдирем. Абдан ыраазыбыз.

Биздин гезитке 2021-жылы берген маегиңизде “эми 2022-жылдын жаз айларында кезектеги операция жасалат” деген элеңиз. Ошол операция эми жасалдыбы?

– Биринчи операция 2021-жылы Түркияда жасалган. 2022-жылы жаз айларында экинчи бутума операция жасашмак. Бирок ага жете элекпиз, бул жолу Түркияда операция жасалган бутума кайра жасалды. Темири, эндопротез кыйшайып кетиптир, анан өлчөмү да кичинекейби, билбейм. Ошону азыр бул жактан кайра жасаттык. Эми экинчи тиземе, буюрса, жарым жылдан кийин жасатабыз. Кайра эле Новосибирскке келебиз го. Албетте, операциянын алдында “басып кетсем экен” деп үмүт кыласың. Бул жолу деле ошондой чоң үмүттөмүн.

– Ден соолук каалайбыз сизге. Өзүңүз түптөгөн “Ырдайлы кыргыз ырларын” долбоорун жубайыңыз менен бирге алып барып жатасыздар. Алдыда дагы кандай максаттар бар?

– Операцияга келерге чейин “коляска” менен студияга барып 2 берүү тартып даярдадык. Дагы бирин мына, эртең Орусияга учабыз деген күнү тартып, даярдоого жетиштик. Буюрса, басып калсам алдыда чоң долбоорлор, пландар бар, ошону ишке ашырууга аракет кылабыз.

– Тилектериңиз ишке ашсын! Оорубаңыз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан