22-майда Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев парламент комитетинин жыйынында Аскар Акаевди министрлик чакырбаганын, эгер ректорлор чакырган болсо алардын өз иши экенин айтты.
– Аны лекция окутпай коюуга менин укугум жок. Бирок ал коомду дүрбөтпөшү керек, эгер кандайдыр бир саясий чагымчылдык болсо, анда ар бир ректор жеке жоопкерчилик тартат,- деди Иманалиев.
Аскар Акаев 2021-жылы Кыргызстанга 2 жолу келип, “Кумтөр” боюнча УКМКда сурак берип кеткен. Кыргыз коомчулугу Акаевдин өлкөдө ээн-эркин жүрүшүн сындап, бул көрүнүштү мурдагы президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо жана өлкөгө алып келүү аракети деп баалап жатышат.
23-майда ондогон жарандар "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгып, Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүүгө каршы экенин билдиришти. Алар Минскке барып Бакиевден маек алган журналист, Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевди сындап, “Бакиевди актап, аны өлкөгө алып келерден мурун Апрель окуясында каза болгон балдарды ата-энелерине кайтарып коюңуз” дешти.
Буга чейин Кошалиевдин Бакиевден алган маеги социалдык желеге жарыяланып, катуу сынга кабылган эле. 23-майда Кошалиев УТРКдагы жумушунан кеткени жарыяланды.