АРМЕНИЯ ЖККУДАН ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН ЭКЕНИН КАЙРАДАН ЭСКЕРТТИ

Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгышы же андагы мүчөлүгүн токтото турушу мүмкүн. Мындай пикирди Армениянын премьер-министри Никол Пашинян билдиргенин чет элдик ЖМКлар жарыялашты.

– Эгер Ереван ЖККУ Арменияда иштебей калды деген жыйынтыкка келсе, анда Армения ЖККУдан чыгуу чечимин кабыл алышы мүмкүн. Маселе күн тартибинен алына элек, талкуулай турган нерселер бар. Эгер ЖККУ Армениядан кетсе, анда Армениянын уюмдагы мүчөлүгү башка өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүүгө жана аскердик техника алууга тоскоолдук жаратат. Андай мүмкүнчүлүктөр буга чейин болгон, бирок өлкө ЖККУга мүчө болгондуктан бул тема жабылып калчу,- дейт Пашинян.

Армения ЖККУдан чыгышы мүмкүн деген коңгуроо адегенде 2022-жылдын күзүндө кагылган. Анда расмий Ереван Тоолуу Карабах жаңжалында ЖККУнун аскердик жардам бербей койгонуна “таарыныч” билдирген эле. Аталган жаңжалдагы Азербайжандын аракеттерине баа берилбегенин айткан Пашинян 2022-жылы ноябрда ЖККУнун кезектеги саммитинин жыйынтык декларациясына кол коюудан баш тарткан.

Андан кийин өз аймагында ЖККУнун аскердик машыгууларын өткөрүүдөн баш тартканы белгилүү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан