ДАРЫ-ДАРМЕК ДЕПАРТАМЕНТИНИН ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар департаментинин директору Айнура Абалиева кармалганын 24-майда УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Абалиевага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

– Дары-дармектерди каттоо жана тастыктама берүү процедурасын тездетүү багытында департаменттин директору тарабынан уюшулган коррупциялык схема аныкталды. Департаменттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып мыйзамсыз киреше табуу максатында, маселени оң жагына чечүү жана тастыктама бергени үчүн фармацевтикалык компаниялардан акча каражатын алып турган,- деп билдирет УКМК.

Абалиева УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан