Улуттук курамдын жылдыздары: «КЫРГЫЗ ФУТБОЛУ ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ КӨТӨРҮЛӨТ ДЕП ОЙЛОЙБУЗ»

Быйыл апрелде футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жумуштан кеткен. Жакында анын ордуна словакиялык Штефан Таркович дайындалып, ишке киришти. Штефан Таркович улуттук курамдын июнь айында өтө турган окуу-машыгуу сборуна 33 оюнчуну чакырды. Жаңы машыктыруучу, Кыргыз футболунун эртеңи жаатында Улуттук курамдын жылдыздары Антон Землянухин, Александр Мищенко жана Султан Чомоев менен маек курдук.

– Кандайсыңар, жигиттер? Жаңы башкы машыктыруучуңар кут болсун! Штефан Таркович менен иштешүү кандай башталды?

Александр Мищенко: – Саламатчылык, чоң рахмат. Башкы курам жаңы машыктыруучу менен тааныша элекпиз. Буюрса, жакынкы күндөрү жолугуп, жеке таанышуу болот деген ойдобуз. Штефан Тарковичтин буга чейин европалык клубдарды, Словакия улуттук курамасын, Азия командаларын машыктырып ийгиликке жеткирип жүргөнүн билебиз. Жакында анын адамдык сапаттарын да билүүгө мүмкүнчүлүк болот деген ойдомун.

Султан Чомоев: – Биз андан билбеген нерселерибизди үйрөнгүбүз келет. Кантсе да европалык клубдардын деңгээли алда канча жогору, алардын тажрыйбасы бизге абдан керек деп ойлойбуз.

Антон Землянухин: – Ооба, андан кайсы бир жаңы нерселерди же оюн техникаларын сөзсүз үйрөнөбүз. Анын келиши менен Кыргыз футболунун деңгээли кайсы бир тепкичке көтөрүлөт, бийиктейт деген ойдобуз.

– Антон, 4 жылдан бери улуттук курамда ойнобой жүрдүңүз. Жаңы машыктыруучунун сизди кайрадан улуттук курамга чакырганынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

А.З.: – Мени башкы курамга чакырышканда сунушту сүйүнүү менен кабыл алдым. Бирок мен азыр кеңейтилген тизмедемин. Эми негизги тизмеге кирсек улуттук курамда ойноп баштайбыз.

– Быйыл июнь айында Бишкекте Ооганстан, Иран курамалары менен беттештер болот, даярдыктар кандай?

А.З.: – Машыгуулар кызуу жүрүп жатат. Күрөшкө даярбыз. Менимче, бардык кыргыз футбол күйөрмандары, футболчулар өзүбүз да үйүбүздөгү футболду сагынып калдык окшойт. Баары бир өз талааңдагы оюндар башкача болот эмеспи. Биз күйөрмандарды кубантууга, гол киргизип эмоцияга бөлөөгө даярбыз.

– Жигиттер, айтсаңар, футбол дүйнөсүнө кантип келип калгансыңар?

А.М.: – Мен Ивановка айылында төрөлгөм, 2 жашымда үй-бүлөбүз менен Германияга көчүп кеткенбиз. Германияда чоңоюп өстүм. Улуу агам такай футболго барып машыкчу, анын кызыгуусу кийин мага өтүп, мен да аны менен машыгууларга бара баштадым. Футболдо 4 жаштан бери жүрөм. Германиянын “Боруссия” клубунун жаштар курамында ойногом. 2017-жылы үй-бүлөм, жеке агентим менен кеңешип Кыргызстандын командасына келгем. Бул жакта жарым жыл жашагандан кийин жарандык алдым.

С.Ч.: – Футбол менен 11 жаштан бери алектенем. “Илбирс” клубунда ойногон досторум бар эле, ошолор менен чогуу келип жүрүп эле кызыгып кеткем.

– Кандай ойлойсуңар, футболчу карьерасын жыйынтыктоого мезгил келгенин качан түшүнүшү керек?

А.З.: – Бул суроо мага окшойт (күлүп). Футболчу топ тээп талаада ойногонго каалоосу калбай калганда карьерасын жыйынтыкташы керек. Менде азыр андай сезим жок. Тескерисинче, ойноого каалоом күч, алдыга койгон максаттарымды багынткым келет.

– Көчөдө футбол ойноп, мыкты клубдарда машыккысы келген өспүрүмдөргө кандай кеңеш берет элеңер?

А.М.: – Топ ойногонду токтотпосун. Футбол – бул өзүңдүн үстүңдөн иштөө, тартип, такай машыгуулар. Канчалык кыйналбасын машыгууларды калтырбашы керек. Эртең менен саат 6да тур да, машыгууга жөнө. Машыгуу бул жөн эле каалоо эмес, кумар болуш керек. Кумарланып, ырахаттанып машыксаң гана ийгилик жаратасың.

А.З.: – Ар бир футболчу белгилүү болгусу келет. Ал үчүн аракет жана өжөрлүк керек.

– Футбол силер үчүн эмне?

А.З.: – Футбол – бул биздин жашообуз. Сүйүктүү ишиң менен алектенип жана ал кызматың үчүн акча төлөнүп жатса бул эки эсе ырахат. Бизде футболчулар жакшы эле акча табышат, бирок европалык футболчулардай эмес. Эми ал жактын деңгээли башка да.

А.М.: – Мен үчүн башкысы акча табуу эмес. Мисалы, өлкөнүн башкы курамында ойноп, намысын коргоп жатканыма сыймыктанам. Баалуулуктарым бир аз башкача.

– Талаада ойноп жатканда күйөрмандардын кыйкырып сүрөгөнү кулакка сонун угулабы, дегеле угулабы?

С.Ч.: – Эгер стадиондо аз көрүүчү отурса угулат. Бирок эл көп болсо күү-шаадан бөлөк үн угулбайт.

А.З.: – Мен, мисалы, хор менен гимн ырдашса же баары “алга, алга” же “гооол!” деп кыйкырса угам.

А.М.: – Мен фокусту көбүнчө тышкы жагдайларга эмес, оюнга коём. Балким, ошол үчүн да укпайт чыгармын. Оюнга концентрация койгондуктан өзүмдү сырттагы кубулуштар менен алагды кылбаганга аракет кылам.

– Футболдон тышкары эмне менен алектенесиңер? Башка кызыгуулар да барбы?

А.З.: – Мага үй-бүлөм менен сейилдеп, кинотеатрга барып, убактымды, көңүлүмдү жакындарыма арнаган жагат.

С.Ч.: – Китеп окуганды жакшы көрөм. Кичинекей карындашым бар, бош убактымдын көбүн аны менен өткөрөм.

А.М.: – Футболдон тышкары убактым болсо жөн эле үйдө сыналгы көрүп отурган жагат. Бирок мындай көрүнүш менде аз эле болот.

– Командада бири-бириңер менен мамилеңер кандай?

А.З.: – Жогоруда айткандай, улуттук курам эми гана чогулуп жатат. Бири-бирибизди жакындан таанып биле элекпиз. Бирок буга чейин оюндарда таанышып, көрүшүп эле жүргөн оюнчулар.

С.Ч.: – Бизде бири-бирибизге жаман мамиле кылуу деген жок.

– Дүйнөнүн кайсы мыкты клубунда ойноо кыялыңар бар?

А.З.: – “Барселонада”, Испаниянын чемпиондугунда ойногум келет.

С.Ч.: – Англия Премьер-лигасында, “Ливерпулда” ойномокмун...

А.М.: – Мен өзүм “Боруссияда” ойноп келгем. Кыялым – Германиянын Бундеслигасында ойноо.

– Чоң рахмат, жигиттер, ийгилик каалайбыз!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан