ЖАНЫБЕКТИН ЖАШ АНЫКТОО ЫКМАСЫ

Кадимки эле Жаныбек жөн турбай бир кызга тийишип атат дейт:
– Чоң кыз, “аялзатынын жашын сурабайт” деп коюшат. Бирок, сиздей кыздан кантип сурабай коё алам? Атыңызды сурабаганым үчүн кечиресиз, жашыңыз канчада?
– Канчада экеним сыртымдан эле көрүнүп турса керек, канча бересиз?- десе, анда Жаныбек:
– Эми-и, оймоктой оозуңузга караганда, 16да окшойсуз. Кашыңыздын серпилишине карап, «17деби?» деп да ойлоп кеттим. Жүзүңүздөн чачыраган нурлардын айтымында, 20да экенсиз. Ачыгын айтсам, бул жаштарыңыздын баарын кошкондо 53тө турбайсызбы, ээ?- деп жинине тийген экен.


КУУДУЛДАРДЫН АРАМ ОЮ

Жаныбек шорпо башка куудулдар менен чогуу Жамбылдын үйүнө барып калат. Сырттан эле келген жайларын айтып туруп калышат. Бир маалда Жамбыл ака эсине келгенсип:
– Эмне турасыңар? Ушу силердин “үйгө кирип чай ичели” деген арам оюңар бар окшойт, ээ?- деген тура.


ЭКИ ДОСТУН УРУШУ

Жаныбек бир кездерде көп ичип жүрүп, анан кайра “башкача турмуш баштайын” деп ал жаман адатын таштап жүргөн кез. Туугандарынын бири той берип, конокко чакырып калышат.
– Кел, Жаныбек байке, алып иели,- дейт ыстакан сунуп турган жигитке.
– Жок, мен өткөндө бөтөлкө дос менен катуу кагышып кетип, экинчи достошпойм деп сөз бергем.
– Кантсе да эски досуңуз го, келиңиз эми, таарынып калбасын.
Анда:
– Таарынса көзүнөн чыксын, аялым мени ушул досумдан да кызганып, өткөндө “кетем” деп коркутпадыбы,- дептир.


ЧУМОСУН ЧЫГАРГАН МАНАС

Манас Бердибековго куудулдардын бири чуркап келип:
– Уф-ф, сизди издеп жүрүп чумом чыгып кетпедиби. Деги кайда жүрөсүз?- дейт.
Анда куудул кебелбей туруп:
– Ошол чумоңдун чыгып кеткени жакшы болуптур. Эмесе, дагы эле чумо болуп жүрө бермексиң,- деген экен.


РАХМАНДЫН ЖАҢЫ ЫРЫ

Рахман Разыков ыраматылык Манас Бердибековдун жаркын элесине арнап ыр жазып алып, Жамбылга окуп берип:
– Дос, кандай жазыптырмын?- десе, Жамбыл:
– Чынында эле жакшы ыр экен,- дептир суктана.
– Эгерде сага бул ыр чындап жаккан болсо, сен өлгөндө мындан да сонун кылып жазам, ээ?!- дептир.


ЖАМБЫЛ МЕНЕН РАХМАНДЫН АРМАНЫ

Белгилүү куудулдар Рахман менен Жамбыл үйдө армандарын айтып отурушат дейт. Жамбыл “чачым жок” деп ыйласа, ага кошулуп алып Рахман “ашыкча семизмин” деп ыйлайт экен. Рахман токтобой эле көзүн жумуп алып ыйлап отурса, Жамбыл аны сооротумуш болуп: “Эй, Рахман, сен семиз болсоң деле бир күнү баары бир арыктайсың да. А менин чачым баары бир чыкпайт”,- деп өкүрүп баштаптыр. Анда Рахман аны эмне деп сооротоорун билбей: “Эй, болдучу, сен башыңдагы төрт чачыңды көтөрө албай ыйлайсың. Мени карачы, канча килограмм майды көтө­рүп жүрсөм да арыктабай деле, өлбөй деле жүрбөй­мүнбү”,- деген экен.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан