ЖЫЛДЫЗДАР 20 ЖЫЛДЫКТЫ КАНТИП БЕЛГИЛЕШЕТ?

Жашообузда көптөгөн досторду күтөбүз, бала бакчада, мектепте, жогорку окуу жайда, жумушта... Ошолордун ичинен балалыктын аруу, таза кезиндеги досторубуз – классташтар. 25-май – Акыркы коңгуроо салтанаты, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн, мектепти бүтүргөнүнө 10 жыл, 20 жыл болгондордун майрамы. Быйыл 20 жылдыгы болуп жаткан айрым шоу-бизнес өкүлдөрүнөн майрамды кантип белгилей турганын сурап көрдүк.

Акбар Сүйүнбаев, ырчы: «20 ЖЫЛДЫКТЫ КҮЗҮНДӨ БЕЛГИЛЕЙБИЗ»

– Быйыл мектепти бүтүргөнүбүзгө 20 жыл болуп калыптыр. 1985-жылкы тааныш дос балдар жолугуп 24-майда Бишкек шаарында, 25-майда Кочкордо белгилейбиз. Ал эми өзүм окуган мектептеги классташтарыбыз менен күзүндө өткөрөлү деп турабыз, буюрса. Өзгөчөлүктөр болот деп деле айта албайм, ошентсе да айылыбызга сейил бак, балдар ойноочу аянтча салсакпы деп пландап жатабыз. Ушул иштерге байланыштуу күзгө жылып калды. Азырынча иш баштала элек, буюрса, күзгө чейин куруп алып, анан күзүндө белгилейбиз.

Шоу-бизнес чөйрөсүнөн Султан Садыралиев менен кечээ жолугуп бири-бирибизди куттукташтык, ал Таласка кетти. Өзгөчө деле жаңылык жок, эл катары эле.

Султан Садыралиев, ырчы: «МЕКТЕПКЕ БАРЫП, АЙЫЛДАН БЕЛГИЛЕЙБИЗ»

– 20 жылдыкты айылдан өткөрөбүз, Талас облусундагы Көк-Ой айылында. Буюрса, классташтардын арасында, эл катары эле отурабыз, мектепке барабыз, 2-3 күн айылда көрбөгөн классташтарды көрүп сагынычты таратып майрамдап келебиз. 10 жылдыкта жакшы иш-чараларды өткөргөнбүз. Мунусунда өзүбүзчө эле отуралы деп жатабыз, анткени шаан-шөкөткө убакыт көп кетип калат экен. Анча-мынча кайрымдуулук кылабыз, аны эми айтыштын кажети жок.

Динара Тилекеева, ырчы: «ҮЧ МЕКТЕПТЕГИ КЛАССТАШТАРЫМА ЖОЛУГАМ»

– Мен үч мектептен окугам, ошон үчүн үч мектептен тең классташтарымдын чакырууларын алып, баарына жетишейин деп чуркап жүргөн кезим. 3-класска чейин Сузак районунун Кырк-Көл айылындагы мектептен окугам. Андан кийин турмуш шартка байланыштуу Жашасын айылындагы мектепте 9-класска чейин окудум. Андан кийин Кочкор Эрматов атындагы лицей жатак-мектебин жактырып, ыйлап отуруп ошол мектепке которулганмын. 10-11-классты ал жактан окудум. Бул жатак-мектеп болгон үчүн классташтар менен башкача ынак болдук. Алар менен 23-майда жолуктук. Эжеке-агайларга тамак-аш уюштуруп, көзү өтүп кеткен эжеке-агайларга куран окуттук. Мектептеги физика классына телевизор керек болгон экен, аны алып бердик. Көптөн бери көрө элек классташтарымды көрүп абдан толкундандым. Бир башкача, сонун 20 жылдык болду.

Эми айылдагы эки мектебиме барам. Буга кошумча кызым дагы быйыл бүтүрүүчү, кызымдын акыркы коңгуроосуна катышып, анан айылга кетем. Ошого кечки отуруштарына барып катышам. Жашасындагы классташтарым да жылкы союп катуу даярданып жатышат. Баарын балдар уюштурууда. Классташтарга бай болгонума кубанычтамын, ар биринин өзүнүн орду бар. Жолукканда укмуш сезимдер болот экен.

Мирбек Иманбеков, ырчы: «10 ЖЫЛДЫКТА ОЙНОП ЖҮРСӨК, 20 ЖЫЛДЫКТА ОЙЛОНУП КАЛДЫК»

– “Убакыт – учкан куш” дегендей, минтип 20 жылдыгыбыз да келип калды. Белгилейбиз деп турабыз, буюрса. 10 жылдыкта биз 27-28 жашта элек. Абдан сонун өткөн, анда шаан-шөкөт менен чоң деңгээлде өткөргөнбүз. Мектепке барып, тоого чыгып, дагы башка жактарга барып 3 күн, 3 күн жакшы майрамдаганбыз. 10 жылдык менен 20 жылдыктын айырмасы – 10 жылдыкта ойноп жүрсөк, 20 жылдыкта ойлонуп калдык. Эми 20 жылдыкта бир топ токтолуп калат экенсиң. Классташтарды сагынып, көргүң, сүйлөшүп отургуң келип калат экен. Ошондуктан бир эле күндү белгилеп, кыздарыбызды чакырып, даярданып жатабыз, жакшы жерде тынч отуруп сүйлөшүп, сагынычтарды таркатып, өткөн-кеткендерди эстеп бир жакшы отуралы деп жатабыз. Бардык бүтүрүүчүлөрдү, 10, 20, 30 жылдыгын белгилеп жаткандардын баарын куттуктайм.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан