“АМЕРИКАЛЫК КЫЯЛЫНА” ЖЕТКЕН КАМИЛА КАБЕЛЬО

Өзгөчө үнү, өзгөчө келбети менен миллиондогон күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан Камила Кабельо. Камиланын чыгармачылык чыйыр жолу бизге да кызык болду. Ырчынын “Havana”, “Senorita” ырлары учурунда музыка жаңырта алчу ар бир аппараттан жаңырган, жаңырып да келет....

Аты-жөнү: Карла Камила Кабельо Эстрабао

Туулган жери: Куба, Гавана

Туулган жылы: 1997-жыл, 3-март

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 157 сантиметр

Белгилүү ырлары: «Havana», «Señorita», «My Oh My», «She Loves Control», «Bam Bam», «June Gloom» жана башка

Тартылган тасмасы: “Күлчү кыз” (2021)

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 67,1 миллион

Альбомдору: “Camila” (2018), “Romance” (2019), “Familia” (2022)

ЭРНЕСТ ХЕМИНГУЭЙДИН КҮЙӨРМАНЫ

Камиланын атасы Алехандро табылган жумушта иштей берген жөнөкөй адам эле. Апасы Синанын жогорку билими бар, архитектор кесибинин ээси. Бирок кесибине ылайыктуу жумуш тапкан жок. Бири Мексикада, экинчиси Кубада төрөлгөн жубайлар жумуш издеп эки өлкөгө бат-баттан көчүп жашашты. Камила болсо Гавана шаарынын четиндеги Кохимар айылында жарык дүйнөгө келген. Балыкчылыктын арты менен күн кечирген айылда башка кызыктуу эч нерсе жок дешчү жергиликтүү тургундар. Бирок Камила эң бактылуу учурларын Кохимар менен байланыштырат. Мектепке чейин эле окуганды үйрөнүп алган, китеп кучактап алып деңиз жээгинде отурганды жакшы көрөр эле. Анан да дал ушул айылда атактуу жазуучу Эрнест Хемингуэй жашаганын, классикага айланган чыгармаларын жазганын укканда анын чыгармачылыгына, китепке болгон сүйүүсү арткан. Камилага ашыкча достордун деле кереги жок болчу, анын чыныгы досу – китеп эле. Өз дүйнөсүнө бекинген кыз түнт болуп, бейтааныш адамдар менен байланыш түзүүсү оор болду. Ал эмес ата-энеси “кызым, сонун ырдайт турбайсыңбы, бизге да ырдап берчи” десе уялып, башка бөлмөгө качып кетчү. Ички туюму менен уялчаактык сапаттан арылыш керек экенин түшүнөт эле, антпесе өзүнө эле оор болмок.

БУТ ЖЕТПЕГЕН “ДИСНЕЙЛЕНД”

Камила 6 жашка келгенде үй-бүлөсү кыйынчылык менен күн кечирип жашаарын түшүнө баштады. Бир күнү апасы ага “сени АКШдагы “Диснейлендге” алып барабыз” деди. Анда ата-энесинин айла жоктон жумуш издеп жер которуп жатышканынан кабары жок болчу. “Гарри Поттер” китебинин томдорун чемоданына салып алып, кызыктуу саякатка даярданып алган. Кетерге убакыт жеткенде атасынын документтери туура эмес болуп калып, АКШга апасы экөө гана жол тартышты. Узак жолдо зериккенде “Гарри Поттерди” окуп кете берди. Азыр да Камиладан Гарри Поттер жөнүндө сурасаңыз, уктап жатса да майда-чүйдөсүнө чейин айтып бергенге даяр. Ата-энесинин бир досунун үйүнө келип жашап калышты, атасы болсо өз мекенинде күнү-түнү иштеп үй-бүлөсүнө акча жөнөтүп турчу, “Диснейлендден” болсо кабар жок... Кыз да аны эскертип сураган жок. Апасы дүкөнгө сатуучу болуп орношту. Атасы болсо 1,5 жылдан кийин гана үй-бүлөсүнө кошулуп, автожуугуч салонунда иштеп калган.

КАПАСТАН КАЧКАН КУШ

Алгач келгенде англис тилинде сүйлөй албайт эле, бирок чет тилди бат эле өздөштүрүп, мектеп босогосун англисче суудай сүйлөп аттаган. Анан классташтарын, мугалимдерин ырчылык өнөрү менен таң калтыра баштады. Мукам үнүнө Мексика-Кубанын акценти кошулуп өзгөчөлүк бар эле. Канчалык уялса да “ырдап берчи” деген суранычтарды четке каккан жок, муну менен ал өзүн кыйнап келген сапаттардан арыла баштаган. 13-14 жашка келгенде ырчылыкка олуттуу көңүл бөлүш керек деген кыз 9-класстан кийин мектептен чыгып кеткен.

Түрдүү музыкалык сынактардын арасынан Камиланын жашоосун өзгөрткөн 2012-жылдагы «X-Factor» музыкалык сынагы болду. Жыйынтыгында “Fifth Harmony” кыздар тобуна кошулат. 4 жыл аралыгында канчалаган хиттер жаралды, топтун айрым ырлары менен сиз да тааныш болсоңуз керек. Топто ырдап жүргөндө Камилага эркиндик жетпей, өзүн капастагы куш элестете берчү. Акыры 2016-жылы жеке ырчы болорун жарыялаган. Алгач эле ырчы Шон Мендес менен «I know What You Did Last Summer» дуэти жарык көрдү. Бир нече өлкөдө хит болгон чыгармадан кийин Камила Кабельо аттуу жеке ырчынын популярдуулугу арткан.

КҮЛЧҮ КЫЗ ХАНБИЙКЕГЕ АЙЛАНГАНДА

Чыгармачылык жолунда Кабельо 3 альбом жаздырды. Анын айрым ырлары азыркыга чейин 200гө жакын өлкөдө тарыхка кала турган ТОП ырлардын тизмегинде турат, бул тизмек дагы да толукталат деген ишенимдебиз. Шон Мендес, Питбуль, Жей Бальвин, DaBaby, Эд Ширан жана башка дүйнөгө белгилүү музыканттар менен дуэттерди жаздырып келет.

2021-жылы “Күлчү кыз” тасмасына тартылды. Актрисалык талантына сындар айтылбасын деп алдын ала актёрдук чеберчилик курсуна да барган. Тасманы көрдүңүз беле, Камилага күлчү кыздын ролу жарашат бекен? Негизи эле Камиланын жашоосу күлчү кыздан ханбийкеге айланган жомокту элестетет.

Качандыр бир кезде өзү калыстардын алдында талантын сынатып турган Камила Кабельо 2022-жылы америкалык “Үн” музыкалык сынагында устаттын креслосунда отурду.

Азыр Камиланын атасы Алехандро курулуш тармагында иш алып барган компаниянын ээси. Апасы болсо кызынын карьерасына жардамдашып келет. Баса, 2007-жылы Кабельолордун үй-бүлөсүн София аттуу татынакай кыз толуктаган.

ШОН МЕНДЕС МЕНЕН ЖАРАШТЫБЫ?

Жеке жашоосун, өзүндөгү өзгөрүүлөрдү жашырбаган атактуулардын катарында Камила Кабельо турат. Ошентсе да аны келбетине карата айтылган сындар капа кыларын айтып келет. Ырчынын айтымында, ар ким өзүнүн организминдеги өзгөрүүлөргө өзү гана жоопкерчиликтүү. Ансыз деле “паникалык атака” деп аталган психологиялык дарт менен жабыркайт. Маал-маалы менен психолог, психотерапевттерге барып турат.

Жеке жашоо демекчи, сулуу кыздын бир нече сүйүү мамилесин курганы маалым. Арасынан Шон Мендес менен романы көпчүлүктүн көз алдында болду окшойт. 2019-жылы чыккан «Senorita» дуэтинен кийин экөөнүн мамилеси ачыкталып, роман 2 жылга созулган. Кийин “Достук мамилебизди сактап калдык” деп ажырашып жатышкан. Бирок жакында өткөн Coachella фестивалында экөө өздөрүн түгөй катары алып жүрүштү. Ошондон бери Шон менен Камиланын артынан папарацци калбай жүрөт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан