КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Салкын эженин постун окуп, кайра сизге келдим. «Караңгыда» отурсам, «мен жолумду таптым, жарыкты таптым, Кудайды таптым» деп пост жазыптыр. Булар жолун деле, жарыкты деле, Кудайды деле, бактысын деле неге мынча тез таап алат? Кантип таап алат?

– «Таптым» десе эле ишене бересиңби? Алар деле биздей эле ары-бери урунган нерселер. Жазганы жөн эле кооз сөздөрдүн топтому. Эл көзүнө деп коё берет да.

– Билбейм. Өзүмдү жаман сезип жатам. Мага менден башканын баары жарыгын, жолун тапкандай сезилип жатат...

– Туура эмес сүйүү деле баары бир сүйүү, сүйүү бойдон калат. Аны танып, ал үчүн кейигендин өзү туура эмес. Жолуңду тапкың келсе камалып үйдө отурбай, адегенде эшикке чык... Эшикке чыксаң, жол өзү эле табылат... А жарык адамдын жүрөгүндө, жарыкты жүрөгүңдөн изде...

– Адамда жүрөк болбосо, жарык болушу кыйынбы?

– Кыйын эмей... Жүрөк аз эле адамда бар. Көп адамдарда өпкө, ашказан, жатын, ооз, тил, мээ эле да.

– Анда жүрөк менен аз эле киши жашайт экен да?

– Аз эле киши жашайт, анан аз эле жашайт...

– Мен эмне менен жашайм?

– Жүрөк менен эле жашайсың.

– Билбейм.. Менде жүрөктүн жанында «кошумча жүрөк» бар окшойт деп ойлоп кеттим.

– Мүмкүн... Анча сүйүүнү, анча ажырашууну, анча сөздү жалгыз жүрөк көтөрмөк эмес.

– Жиниңиз келдиби мага?

– Жок, эмнеге жиним келсин? Тескерисинче, сенин сүйүү блокнотторуңду эстесем эле жылмаям. Мен сендей сүйө алганда, ырды дүңгүрөтүп салмакмын да. Ошо сүйө албаганыма капамын. Көптөн бери элжиреп, күйүп, эстеп, сагынып, бирөөнүн сүрөтүн маңдайыма илип жашай элекмин.

– А мен ошентип сүйө бергениме капамын. Биринин сүрөтүнүн үстүнө экинчисинин сүрөтүн чаптап жатсаң, балээге ыр жазасыңбы? Ошондо жазылбайт экен да. Мага деле оор.

– Сага оор экенин билем. Экөөбүзгө тең оор. Өзүңдүн ким экениңди, эмне күткөнүңдү, эмне каалаганыңды билбесең кыйын. «Кошумча жүрөгүң» бар экенин билсең, эки эсе кыйын.

– Анын кайсы жерде жайгашканын билбесең, андан да кыйын.

– Менимче, сенин өзүңдү жакшы билгениң деле чоң ийгилик. Адамдар «мен укмушмун, мен таптазамын, мен аруумун» деп жазып, айтып жатып эле бирөөнү тизеге карс тээп, бирөөнү орго түртүп, анан кайра адамдык тууралуу сүйлөп уялбай эле жашап жүрөт... Мына ушул чоң жалган. Алардын алдында сенин ашыкча жүрөгүң, альбомдоруң – баланын оюну.

ххх

– Макмал ыйлап чалды. Аптыгып ыйлаганынан көп сөзүн түшүнгөн жокмун. Эри таштап кеткенин түшүндүм.Өлгүсү келип жатканын түшүндүм. Чындап эле өлчүдөй болуп ыйлады, мен жеткенче өлүп алчудай болуп ыйлады. Ага кошулуп баланын чырылдап ыйлаганы нары жактан угулуп жатты. Анын артынан Айшат чалды. «Мен жумуштан уруксат алдым, чыгып жатам. Тез, бол, жүгүр!»- деп трубканы коюп салды. Жүгүрдүм. Жоо чаап алчудай болуп Айшат экөөбүз жетип бардык. Макмалдын эринин Кыргызстанга кеткенин, ал жакта үй салып жүргөнүн билчү элек. Кээ-кээде келип-кетип жүргөнүн билчү элек. Макмал иштеп акча салат, ал курулуш менен алек. Иштейт да деген, бирок иштегени жалган экен. Айшат экөөбүз «эриң жатып ичер!» деп тынбай асыла бергенибизден улам, бизден уялганынан ошентип коюптур. Анын эмне иш кылып жүргөнү минтип эми билинип жатпайбы... Көрсө, эри үй салып жүрүп, үйлөнүп да үлгүрүптүр. Бала төрөп берген кыз жапжаш экен. Эшиктен кирип эле укканыбыз ушул болду. Үйлөнүп алыптыр деген сөз жаккан жок. Үйлөнгөн киши, үй-бүлөсү бар киши кантип үйлөнүп алат? «Бирөө менен жатыптыр, бузулуп кетиптир, жаш кызды бузуптур, катын-баласын унутуп, бирөөнү боюна бүтүрүп, төрөтүп коюптур» десе бир жөн. Апасы ыйлаган сайын коркуп кошулуп ыйлай берсе керек, бала энтигип калыптыр, Макмал өзү шишип-көөп кеткен. Ыйлаганда көзү бүтүйүп калчу эле. Бул жолу мурду да шишиптир, эриндери да калбыят. Мен эмне кыларымды билбей баланы ала койдум. Мындайга Айшат жакшы. Ал дароо Макмалдын бетин жууп, колдорун ушалай калып, дары таап келип ичирип, чай коюп, балага тамак жасап, заматта бар-жокту иреттеп салды.

– Ким экен тиги канчык? Канча жашта экен? Бирөөнүн эринен тууган кандай нерсе экен? Көрсөтчү?- деди Айшат. Ал биринчи ошону сурады. Мен материалист болуп баратсам керек. «Кыргызстандан алган жер тилкең, куруп жаткан үйүң кимдин атында?»- деп сурадым. Биринчи ошону сурадым. «Өзүмдүн атымда» дегенди укканда, «өөх» дей түштүм. Үйүн да алдырып жиберди го деп ойлогом да. «Эри кетсе кетсин, үйү кетпесин» дедим ичимден. Макмал тиги кыз тууралуу көп деле нерсе билбейт экен. «Жаңы эле төрөптүр, баласынын кыркы эми эле чыккан окшойт. Үнүнө караганда жаш кыз» дейт. Кечээ кыз өзү чалып, «бизди тынч коюңуз, бизге тоскоол болбоңуз, биздин балабыз бар» дептир. Ишенбей эрине чалса «мени өлтүрсөң деле чындык ошол.Мен буларды таштай албайм. Кааласаң экөөң менен тең жашайм. Уулумду таштабайм, каралашып турам» деп жооп бериптир. Анан бир тиги кыз Макмалга чалып, бир ал тиги кызга чалып, бир эри чалып, ал жаш аялына болушуп, үчөө түнү менен ыйкы-тыйкы болуп, урушуп чыгыптыр... Айшат болсо кадимкидей эле тиги кызга чалып, кадимкидей эле бирөөнүн эрин бирөөдөн талашып кирчүдөй түрү бар. Мен аны тиги кызга да, Макмалдын эрине да чалдырбай койдум. Бирок ал талашып убара болгонго татыксыз киши экенин экөөнө тең түшүндүрө албадым.Макмал «анын аялы менмин, тиги кыз бирөөнүн бүлөсүн бузду, баары бир эрим аны таштап, мени менен жашашы керек» деген ойго ооп турду, Айшат аны улам колдойт. Мен «кереги жок» дейм. Чоң эле аялдарга «мен сени кой дебедим беле, мен силерге айтпадым беле?» дей бергенден тажап калыпмын. «Эриң мындай эмес беле, тигиндей эмес беле»- дегенден да тажап калыпмын. Айлам кетип «ал кишиден мындан көптү күтсө болбойт, болгон деңгээли ошол, кутулганыңа сүйүн, балдарыңды ансыз деле өзүң багып жатпайсыңбы, дагы да өзүң багып кетесиң, ал бүгүн болбосо, эртең баары бир ушуну кылмак» дедим. Макмал андан бетер күчөп ыйлады. «Эмнеге мага эле ушуну жасай беришет?!»- деп ыйлады.

– Бир эле сага эмес, аялдардын баарынын көргөн күнү ошол. Эркектин баары окшош. Мен деле сендеймин, билесиң го,- деди Айшат. Анан мени карады. Мен шашып кетип «ооба, эркектер баары окшош, мен деле сендеймин» дей салдым. Бирок Тилектин кандай экенин билбейм деле, эрим кандай адам экенин, бүлөгө кандай экенин түшүнүп үлгүргөн жокмун, түшүнгөнгө жетпей эле кетип калдым. Жаман жактарын, мага жаман мамилесин көрүп, түшүнүп үлгүрбөдүм. Ошого сүйүнүп кеттим. Айшат экөөбүз үйүбүзгө кетпей калдык. Макмалды угуп отурдук. Ал ыйлай албай калды, ага болбой эле сүйлөп отурду. Эрин жамандады, бүт тескери кылыктарын айтты. Угуп отурсаң чындап эле киши эмес. Ага кошулуп биз да бүт эркек аттууну жамандадык. Айшат ортодо өзүнүн жигитин кошуп кетти. Экөө чындап эле окшош экен. Айшаттын жигити анын акчасына үйлөнүптүр, Макмалдын эри анын тапкан акчасына жаш кыз менен шапар тээп жүрүптүр. «Эркектердин баары окшош» деген сөз деле чын окшойт да. Мен экөөнү угуп отуруп чарчап калдым. Кыжырым келди. Акыры чыдабай «силер ушундай эркектерди атайын издеп жүрүп табасыңарбы? Чындап эле эмнеге силерге ушундай эркектер туш келе берет?» деп сурадым.Айшаттын дароо жини келди. Экөөбүз чыртылдаша түштүк.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан