Элзар Тиленбаев, ырчы: «КУБАНГАНЫМ – ТАРТКАН КЛИПТЕРИМ БИРӨӨЛӨРГӨ САБАК БОЛУУДА»

– Салам, Элзар! Клиптерге өзүңүз сценарий жазып, өзүңүз режиссёр болуп жатасыз. Элге тарбиялык мааниси бар, узак клиптериңиз менен да таанылгыңыз келип жатабы?

– Салам! Айрыкча “Өзүмдү айыптадым” деген ырымдын клиби тууралуу айтып жатсаңыз керек. Бул клипти 15 мүнөттүк кылып тарткам, кыскарткандан кийин 13 мүнөт болду. Көптөн бери жаңылануу киргизейин, жарым сааттык клип тартайын деп пландап жүргөм. Ошол максатыма жеттим.

– Азыр көрүүчү жарым сааттык клипти көрөбү?

– Кино-клип сыяктуу кылып тартайын дегем. Мындайды биринчи жолу мен тартмак эмесмин да, башка өлкөдө, мисалы, өзбектердин клиптери бар ошондой. Кызыктуу тартсаң көрүлөт деп ойлойм. Бул клипке бир жылдай даярданып жүрдүм. Сценарийин былтыр жайында жазгам. Тартам деп жүрүп ортодо ири суммада акча жоготуп алдым. Аракет кылып жүрүп сааты ушул учурда чыгыптыр. Тартып, монтажын жасап бир ай дегенде эл сынына койдук.

– Клипте кумар оюндарын чагылдырып тартууңузга эмне түрткү болду?

– Арам акчанын арты жакшылык менен бүтпөйт дегенди көрсөткүм келди. Бир жолу балдарга кошулуп оюн автоматтарына кирип калгам. Тагыраагы, бир досумду күтүп жатып үшүгөнүбүздө жаныбызда турган оюн залына кирип кеткенбиз. Жанымдагы досум мурда 1-2 жолу кирген окшойт. 200 сом берип ойноп баштады да 15 мүнөттүн ичинде 1500 сом утуп алды. Эртеси дагы бардык. Досум ойноп жатты, мен түшүнбөйм да, карап отурдум. Башка оюнчуларды карадым. Баштарын мыкчып ыйлап отургандарды, кыйкырып-сөгүнүп жаткандарды көрдүм. Ушунчалык жаман аура бар экен. Алардын андан аркы жашоосун элестетип жибердим. Жакындары “кеттик, ойнобо болду” деп жалдырап жатышты. Аңгыча досум да 40 миң сомдой акчасын уттуруп жиберди. Окуудагы келишим акысына бере турган акчасы экен ал. Ал жактан чыгып үйгө баратканда сценарийдин каркасы мээмде түзүлүп калган. Үйгө түнкү саат 1лерде жетип, таң атканча сценарийди жаздым. Ушунчалык берилип кетиптирмин, терезени карасам, таң атып калыптыр. Клиптин жыйынтыгы мен ойлогондон да жакшы болду. Өзүм канча жолу көрсөм, ошончо жолу ыйладым. Бет ачарын уюштургам. Келген адамдардын баарынын эмоциясы сыртка чыгып жатты, мындай реакция мага жагымдуу болду.

– Акыркы эмгегиңиз Калыс Жакыповдун “Апа, кайрадан жаралайынчы” ырына тартылган клип болду, анда да актуалдуу көйгөйдү чагылдырыпсыз...

– Бул сценарийди 2-3 жыл мурун жазгам. Өзүмдүн “Асыл жансың, апакем” ырыма арнап жазгам. Ал кезде жаңыдан гана клип тарта баштагандыктан коркуп көп нерсеге кирише албай калчумун. Ошентип ал ырга башка клип тартып, бул сценарий калып калган. Калыстын ырын уксам, көп жаштарга тарбия берчү сонун ыр экен. “Катамды оңдоп алышка, кайрадан төрөлөйүнчү, апа” деп жатпайбы. Канча бала ката кылып өкүнүп жүрөт. Ошону чагылдыргым келди. Дагы көп жакшы кадрлар клипке кошулбай калды. Сценарий жазып жатканда токтоно албай көп жазып алам. Кино тартсамбы деп да ойлонуп жүрөм. Өзүм жазган сценарийди өзүм элестеткендей кылып тарта алам да. Ошондо купулума толот. Менин купулума толгон нерсе элдин да купулуна толорун байкайм.

– Кесипкөй актёрлор менен иштешүүгө да басым жасайт экенсиз...

– Алар менен иштешүү оңой, тим эле берилип ойноп беришет. Ошондуктан алгач актёрлорду элестетип алып, анан ошого ылайыктап сценарий жазам. Сценарийди көтөрүп барып “сизди элестетип жазган болчумун” деп айтам. Ал актёр “бошобойм” десе, канча убак болсо да күтөм. “Болбоюн талашкандай” деген ырымдын клибине сценарийди Эркин Нурбаевди элестетип жазгам. Эркин байке ошол учурда бошобой калып, 3 айдай күттүм. Анан Кымбат байкени тарттым. Күчтүү актёр экен, жакшы ачып берди ролду. Жакын арада “Жетимдерде эмне күнөө?” деген жарым сааттык кыска метраждуу кино тартып, ырымды ага саундтрек кылайын деп жатам. Ушуну мурдатан бери кыялданып жүрөм. Ата-энелер клипти көрүп балдарын таштабай калса экен деген ниетте тарткым келет. Баланы таштагандан кийин ал кантип чоңоёт, кайда барат, кимдер менен жүрөт, кантип тамактанат, ошону көрсөткүм келет. Баласын балдар үйүнө, көчөгө же ар кимдин колуна таштап кеткендер да “балам ушундай болуп чоңойгон турбайбы” деп ойлонушун каалайм.

– Ушинтип отуруп кинорежиссёр болуп кетет окшойсуз?

– Окуш керек го. Көз болжол менен эле жасай бербей, ар ишти билим менен жасаса жакшы жыйынтык чыгат. Буга чейинки тарткан клиптерим мага тажрыйба болуп жатат, көптү үйрөндүм. Алдыда режиссёрлукту окуюн деген планым бар.

– Клиптердин сценарийлерине буюртма көп түшүп жатса керек?

– Ооба, көп болуп кетти.

– Кандай комплименттерди угуп жатасыз?

– Тааныштарга караганда тааныбаган адамдардын пикири жакшы таасир берет. Анткени тааныган бирөө көңүлүмө карап деле мактап коюшу мүмкүн. Андыктан комментарийлерди окуйм. “Менин жашоомду тартыптырсың” дегендер бар. “Иним, сенин клибиңди көрүп кумар оюнун ойнобой калды” деген пикирлерди окуп өзүмө ыраазы болуп, кубанып калам. Анткени ар бир ишти баштап жатканда “ушул эмгегим 1-2 кишиге болсо да таасир берип, пайдасы тийсе экен” деп тиленем. Тилегиңдин ишке ашканын укканда кубанат экенсиң.

– Жеке жашооңузда кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Баягыдай эле, тынч. Баары эле “качан той?” деп жатышат. Аракет кылып жатам, көрө жатарбыз. Негизгиси түгөйүм түшүнүктүү болсо, урушпай-талашапай, бири-бирибизди түшүнсөк экен деп тилейм. Түшүнбөй, билбей туруп жыйынтык чыгара бергендер жакпайт.

– Өзүңүз кыялдангандай жубайга жолугуңуз, ишиңизге ийгилик!

КЫСКА-НУСКА

– Атактуулукпу же миллиардер болуубу?

– Элге пайдам тийген атактуу болгум келет.

– Ачуу чындыкпы же таттуу калппы?

– Ачуу чындык.

– Жалындаган кыска сүйүүбү же узакка созулган бир калыптагы сүйүүбү?

– Узакка созулган бир калыптагы сүйүү. Сүйүүлөр кыска боло берсе, келечегибиз жок болуп калат го.

– Карьера үчүн үй бетин көрбөй иштөөбү же көп убакытты үй-бүлөгө арнообу?

– Экөөсүн чогуу алып кетким келет. Бирок тандаш керек болсо үй-бүлөгө көңүл бурууну тандамакмын. Тартиптүү, билимдүү балдарды чоңойтуу менен мамлекетке, коомго опол тоодой салым кошсо болот.

– Келечекке күтүүсүз түшүп калуубу же балалыкка кайтуубу?

– Балалыкта баягы эле нерселер да, өткөн өткөн бойдон калсын. Келечекке түшүп калууну тандайм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан