Депутат ушундай жол менен айыл өкмөттөрдүн кирешесин көбөйтүп, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечсе болот дейт. Тагыраагы, салыктан түшкөн кирешеге айылдарды ветеринардык дарыгер менен камсыз кылууга, малдарды өз убагында эмдөөгө, жайыттарды жакшыртууга шарт түзүү керектигин айтат.
– Азыркы учурда айыл өкмөттүн киреше булагы – айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алуу төлөмү. Бирок мамлекеттик фонддун жерлери арзан баада ижарага берилет, ал эми калган бөлүгү айрым адамдардын чөнтөгүндө калып жатат. Аны менен мамлекеттик фонддун жерлерин бөлүштүрүү айыл өкмөтүнүн чиновниктеринин “бизнесине” айланып калды,- дейт Токторбаев.