Каарманыбыз келбети, өзгөчө ойлору, талкуу жараткан пикирлери менен көпчүлүктү суктандырып келет. Косметолог, блогер Айнура Сагынбаева “Жылдыздан жылдызга суроо” рубрикабыздын алкагында белгилүү адамдар узаткан суроолорго жооп берди. Назира Айтбекова, алып баруучу:
– Айнура эже, биз жыныстык сабаттуулук темасы маанилүү экенин абдан жакшы билебиз. Ушул жаатта адамдар сабаттуу болушса өлкөдө аборттор, жыныстык жол менен жугуучу оорулар азаят деп аракет кылып жатабыз. Бирок карапайым калк муну түшүнбөй, сизди, мени, Моноловду кошуп “жинди” деген кутунун ичине сыйдырып коюшту. Кандай деп ойлойсуз, убакыт өткөндө адамдар биздин кылып жаткан эмгегибизди аңдайбы же ушул боюнча бир калыпта калып калабызбы?
– Мен жаңыдан иш баштап, төшөк маселеси тууралуу айтып баштаганда адамдардын бул теманы кабыл алуусу башкача болчу. Азыр дээрлик 30 пайызы туура кабыл алып, түшүнүп калды, калгандары ойлонуп жүрүшөт. Демек, ишибиз максатына жетти деп айтсак болот. Бирок ойлонуп жүргөндөрдүн кабыл алуусу үчүн да убакыт керек. Түшүнөт, бир убакта баалашат бизди.
– Пластикалык операцияны өксүгү, комплекси көп аялдар жасатат дешет. Сиздин өз денеңизге операция жасатууңуздун зарылдыгы өксүктүн көптүгүнөн, өзүңүздү кабыл албаган, сүйбөгөндүгүңүздөн улам келдиби же жөн гана клиниканы жарнамалап өзүңүз биринчи бычак алдынан өтүүнү кааладыңызбы?
– Пластикалык операцияны же өзүн сулуу алып жүрүүнү өз денесин кабыл албоо же жарнама деп түшүнүү бул эскиче түшүнүк деп эсептейм. Мындай түшүнүктөн арылышыбыз керек. Мен өз денемди кабыл алам, жакшы көрөм. Өзүм врач болгондуктан, жаңы технологиялар боюнча түшүнүгүм бар, демек, аны колдонуп өзүмдү аял катары өстүргөнүм деп кабыл алган туура болот. Мисалы, Айфонду колдонууну табиятты кабыл албагандык, ага каршы чыккандык дей албайбыз да. Жаңы технологиялар пайда болдубу, алар жашообузга көрк кошуп, ыңгайлуулук тартуулап жатабы, демек, колдонушубуз керек. Кимдин сулуу, жаш болуп жүргүсү келбейт? Баары каалайт? Анда эмне үчүн бул ыкманы колдонсок болбойт?
– Аял-эркек жыл өткөн сайын бири-бирине бир туугандай болуп калат, күйүп-жанган кумар жоголуп кетет деп айтышат. Ошол кумар жоголбош үчүн эмне кылышыбыз керек?
– Кумар жоголбош үчүн эркектин психологиясын түшүнүшүбүз керек жана сүйүү айлампасын жакшы билишибиз зарыл. Сүйүү - фантазия жана организмде болуп жаткан химиялык процесс. Ал процесс өмүр бою болушу мүмкүн эмес. Эркектин психологиясын, эркектин организминдеги гормондордун айлануусун билсек, эркектер полигамдуу экенин түшүнөбүз. Улам жаңы аял менен болгондо либидосу ойгонуп турарын билебиз. Ошондуктан ала жипти аттоону трагедия катары кабыл албашыбыз керек. Экинчиден, эркектин полигамдуулугун пайдалансак болот. Дегеним, улам жаңыланып, жакшырып туруубуз зарыл. Бирок аны эркек үчүн эмес, өзүбүз үчүн жасашыбыз кажет. Анткени эркек аялга төшөк үчүн же өзүн баалоосун көтөрүү үчүн эмес, жакшы эмоция алыш үчүн керек. Биз эркекти эмес, анын сүйүп турган көздөрүн сүйөбүз. Сүйүп турган көздөрдү дайым көрүш үчүн өзүбүздү өстүрүп турушубуз шарт, чач жасалганы өзгөртүп, денеге кам көрүп, мээни, жан дүйнөнү байытышыбыз керек. Улам өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп, жаңыланып турсак, эркек жакшы эмоция тартуулайт. Жакшы эмоция алсак, сексуалдуулугубуз өсөт. Эркектердин баары сексуалдуу аялды каалашат. Сексуалдуу десе эле көкүрөгүн, этегин ачып жүргөн аял эмес, бул – аялдан чыгып турган энергия. Аялда ушундай энергия болсо, күйөөсү менен да жакшы жашайт, кайсы гана эркек болбосун өзүнө карата алат. Нурбек Монолов, сексолог:
– Эмне мынча сулуу жана акылдуусуз?
– Анткени сулуулугумдун үстүнөн дайым иштейм. Сулуулук деген жалаң гана сырткы көрүнүш эмес, аялдын эмоционалдык жактан жетилүүсү, жан дүйнөсүнүн байлыгы, мээсинин бышкандыгы. Ар тараптуу өсүү болсо, адам сулуу көрүнөт. Табигый сулуулукту да туура көрсөтүүнү билиш керек. Коко Шанелдин “30га чейин сулуулукту Кудай берет, 30дан кийин өзүң жасап аласың” дегенине кошулам. Ал эми акылдуу болуу генден. Чоң атам да, таятам да акылдуу адамдар болушкан, менин геним күчтүү го деп ойлойм. Экинчиден, турмуш көп нерсени үйрөттү.
– Эң негизги баалуулугуңуз эмне?
– Үй-бүлөм, туугандарым, өзүмдү эркин алып жүргөндүгүм.
– Аялдарга бир сүйлөм менен кеңеш айтыңызчы...
– Бактылуу болом десең, мээңди өстүр. Назира Жетигенова, куудул:
– Өзүңүздөн жакшынакайларды көргөндө көрө албастык болобу?
– Көрө албастык деген - жаман эмоция чыгаруу. Өзүмдөн жакшынакай бирөөнү көргөндө аны жамандап же жек көрбөйм. Бирок өзүмдү начар сезип калышым мүмкүн. Өзүмдү баалоонун жана кемчиликтеримдин үстүнөн иштешим керек экенин түшүнөм.
– Эң биринчи балалык сүйүүңүздү айтып берсеңиз, дагы эле ал адамга сезимдер барбы?
– Менин биринчи сүйүүм жолдошум. 16 жашымда таанышып сүйлөшүп калганбыз. Керек болсо биринчи жолу өбүшкөн жигитим, жашоомдогу биринчи эркек да жолдошум.
– Жашооңузда кыздар менен мушташып көрдүңүз беле?
– Ооба, мушташкам. 11-класста кыздар ар кандай сөздөрдү айтып бир кыз экөөбүздү уруштуруп коюшкан. Көлөмү менден аябай эле чоң кыз болчу. Анан мен чыйпылдасам, ал жерге жыгып туруп “болдубу?” деген. Мен “болду” дегем (күлүп). Эң кызыгы, мушташып келдик деп мектепке киргенибизде анын бетинин баары тытылган, ал эми менде эч нерсе жок, күлкүм келген.
Перизат Музуратбекова