КАНТ ЗАВОДУ КМШны (СНГ) БАГЫНТУУДА

Үй куруп, чатырын жабууга жакындап калдыңызбы? Анда тандоо жеңил эле, сапаты кардардын купулуна толгон “Кант ТШП” заводу өндүргөн курулуш материалдарын сунуштайбыз. Мисалы, шифер – үйдүн чатырын жабууга түркүн материалдар чыгарылып жатканына карабастан, курулуш рыногунда өз ордун жоготпой келе жатат. Суроо-талап жогору, анткени артыкчылыгы көп. Бул жолу биз Кыргызстанда 55 жылдан бери жүздөгөн жарандарды жумуш менен камсыз кылып, экономикабыздын өнүгүүсүнө салымын кошуп жаткан “Кант ТШП” заводунун мүдүрүнүн милдетин аткаруучусу Дадыбаев Сагынбек мырза менен жолугуп, кызыктуу маек алдык.

– Саламатсызбы, Сагынбек мырза? Кардарлар эмне үчүн башканы эмес, дал ушул “Кант ТШП” заводун тандашы керек?

– Анткени жогорку сапаты жана арзан баалары менен биздин заводдун продукциясы өлкөнүн бардык аймактарында чоң суроо-талапка ээ. Коңшу өлкөлөрдө да актуалдуу. Мисалы, Казакстандын жана Өзбекстандын, Орусиянын рыногунда биздин продукция бүтүндөй кичи райондорду курууда колдонулат. Биз жумуш орундарын түзөбүз, салыктарды төлөйбүз, технологияларды өнүктүрүп, сапатты биринчиге коёбуз, бул биздин чет элдик кесиптештерибиз үчүн абдан маанилүү, Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кароого жакшы имидж түзүп жатабыз десем болот. Бүгүнкү күндө биздин ишкана Кыргызстандын аймагында чатыр жана фасад материалдарын, ар кандай диаметрдеги түтүктөрдү чыгаруучу, элүү жылдык тажрыйбасы бар жалгыз ишкана болуп саналат. Ишкана 1967-жылдан бери иштеп келе жатат.

– Мисалы, шиферди алалы. Сиздер чыгарган шифердин импорттук шиферлерден артыкчылыгы эмнеде?

– Биз чыгарган продукциялардын артыкчылыгы – сертификатталган лабораториялар тарабынан сыналып, андан ийгиликтүү өткөнүндө. Тагыраак айтканда, ар бир материалдын сапаты рынокко чыккыча көзөмөлдөнөт, тастыкталат. Деги эле биздин продукция мезгил сынагынан өткөн деп айтсак болот. Себеби Союз убагынан бери шифер чыгарып келе жаткан өлкөдө жападан жалгыз завод, артында 55 жылдык иш тажрыйбасы бар. Тажрыйбалуу адистер көп. Мисалы, бизде 40 жылдан бери иштеген жумушчулар бар. Кыргызстанда башка өлкөдөн жасалган шиферлер да сатылат, бирок алардын биздикиндей лабораториялык тастыктамасы жок, андыктан сапатына шектенүү жаралышы мүмкүн. Мезгил талабына ылайык, түрдүү металлдардан жасалган материалдардын түрү пайда болду, бирок шифер трендден кала элек. Себеби ысыкка, суукка туруштук берүү сапаты жогору жана 50 жыл кызмат кыла алат.

– Шиферден башка дагы кандай курулуш материалдарын чыгарасыздар?

– Бизде шиферден бөлөк түтүктөр, атайын үйдүн фасады үчүн листтер жана сайдинг чыгарылат. Фасаддык листтерди көп кабаттуу үйлөргө, сайдингди 2-3 кабаттуу үйлөрдү курууда колдонушат. Кыргызстанда сатылып жаткан чатырга арналган материалдардын 60 пайызы биздин заводдо өндүрүлөт. Өткөн жылы
1 миллион чарчы метр курулуш материалын Казакстанга жөнөткөнбүз, учурда Өзбекстанга экспорттоо иштери каралууда. Биз дайыма өнүгүп-өсүп, өлкө экономикасына салымыбызды кошуп, жарандарды иш менен камсыз кылууга кызыкдарбыз!

– Маегиңизге чоң рахмат, ишиңиздерге ийгилик!

  • “Кант ТШП” заводу Кыргызстанда эң көп салык төлөгөн 10 өндүрүүчү ишкананын бири (2022-жылы 302 миллион сом салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн)
  • Завод продукциянын сапатына жана алмаштырууга кепилдик берет
  • Жылына 5 миллиондон ашык өндүрүш материалын чыгарат
  • 55 жылдык тарыхында Казакстан, Өзбекстан, Орусияга курулуш материалдарын экспорттоп, Борбор Азиядагы ири ишканалардын бири катары таанылган
  • “Кант ТШП” заводунда 530 жумушчу иштейт. 370 адам Кант шаарындагы заводдо, 160 жумушчу Кызыл-Кыя шаарындагы заводдо. Булардын ичинде Орусия, Германия, Пакистан жана Филиппинден келген мыкты адистер бар
  • Шифер менен жабылган чатырдын башкалардан айырмасы: суук жана ысыкка бекем. Үн жана жылуулук изоляциясы туруктуу. Мезгил менен сыналган, 50 жылдан ашык кызмат кылат
  • Кыргызстандын ичинде 2 заводу бар: Кант жана Кызыл-Кыя шаарларында. Эми автоклавдуу газобетон заводу курулуп жатат
  • 400дөн ашык соода түйүнү бар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан