ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 5-июндан 11-июнга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Мыкты кеңешчи, жакшылыгыңызды тең бөлүшүп, жамандыкта колдоп таяганга даяр дос табасыз. Жеке жашоодо сизди өз кызыкчылыгына колдонгон адамды сүйүп калуудан этият болуңуз. Ал сиздин ага болгон сезимдериңиз күчтүү экенин билсе, каалаган нерсесин жасатып торуна түшүрөт. Үй-бүлөлүү кой айымдар өспүрүм кыз же баласына орой мамиле кылып, басым жасабаганы туура, балким, сиз балаңыздан ал үчүн мүмкүн эмес нерселерди талап кылып жаткандырсыз.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Букачарлар сабырдуу болуп, майда-барат кыйынчылыктарда дүрбөлөңгө түшпөшү керек. Андай учурларга реакция кылууну токтотсоңуз эле баары өзүнөн-өзү жоюлат. Коомдук иш-чаралардан качпаңыз, алардын биринде сизге абдан пайдалуу сунуш түшүшү мүмкүн. Бойдокчулуктан тажаган букачарлар бир аз активдүүрөөк болушу керек.Жумушта кайсы бир максатка жетүүдө талап кыла билиңиз, баштаган ишти аягына чыгарып жоопкерчиликтүү экениңизди далилдеңиз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Эгиздер өзүн-өзү сынга алып, ал тургай жүрүм-турумундагы кайсы бир кемчиликтерди жоюуга аракет кылышат. Көпчүлүк убактысын жумушта өткөргөндөр жетекчилиги тарабынан сыйланышат. Бул мезгилде кумар оюндарын ойноп, талаш-тартыш жараткан окуялардан оолак болуп, спирт ичимдигин ичүүдөн баш тартыңыз. Банктан насыя алгысы келген эгиздерге жашыл жарык күйөт. Сүйүүдө сезимдериңизди далилдөө үчүн көп энергия коротууга, абдан аракет кылууга туура келет.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Бөйөндөр башкалардын көз алдында беделин бир топ жогорулата алышат. Бул нерселерге кесиптик жетишкендиктер, тайманбастык же белгилүү адам менен сүйүү романы кириши мүмкүн. Бирок азыркы популярдуулугуңузду туура пайдаланып, бейтарап болууга аракет кылыңыз, чыр-чатакка жана талаш-тартыштарга аралашпаңыз, өзүңүздүн пикириңизди башкаларга таңуулабаңыз. Ошондой эле азыр ири сатып алуулардан баш тартканыңыз жакшы.


АРСТАН (23.07–23.08)

Өзүңүздүн “падышамын” деген статусуңузду унуткуңуз келет. Арстан эмес, үй мышыгы болгуңуз келип бирөөнүн кам көрүүсүн каалап каласыз. Зарыл эмес жумуштарды кийинкиге жылдырып, энергияңызды толуктоо үчүн эс алууга убакыт бөлүңүз. Мүнөзүңүз өзгөрөрү менен жашооңуз жеңилдейт. Үй-бүлөлүү арстандарда никедеги түгөйү менен мамилеси жаңы баскычка көтөрүлүп, ортодо болуп көрбөгөндөй гармония пайда болот.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Күтүлбөгөн жерден көптөн бери тааныш болуп жүргөн адамдын жактыруусун сезесиз. Ал адам сезимдерин моюндоого ашыкпаса, окуянын өнүгүшүн сиз тездетсеңиз болот, жолугушууга же киного чогуу барып келүүгө чакырып көрүңүз. Ал эми кесиптик жана каржылык иштерде баары өз нугунда жүрөт. Азыр жаңы идеяларды баштоого ылайыктуу учур эмес. Мырзалар сүйүктүүсүнүн көзүнө чөп салуудан абайлашы керек.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Сиз күтпөгөн адамдардан жардам жана колдоо табасыз. Бир убакта жоголгонуна кайгырып жүргөн буюмуңуз табылышы мүмкүн. Сүйүүдө бул апта романтикалык окуяларга бай болот, келечекте сизди нике менен байлаган адамды кезиктиресиз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен бири-бириңиздерди туура түшүнүүгө шарт түзүлөт. Эгер жайында кайсы бир чет өлкөгө эс алып келүүнү пландап жатсаңыз, азыртадан каражат чогултуп баштаңыз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Өзүңүздүн билимиңизге инвестиция салыңыз, тренинг, ийримдерге барып өзүңүздү өзгөртүүгө болгон кадамды таштаңыз. Жеке жашоодо текебер, принциптерин таңуулап, өз сезимдери менен сизди “муунтуп” жаткан адамдан кол үзө албай кыйналып жатсаңыз, алыскы аймактагы жакындарыңыздыкына кетип калыңыз, же жумуш ордуңузду которуңуз. Бул аракеттен майнап чыкпаса олуттуу чечимдерди кабыл алганга туура келет.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Ажырашуу, мүлк бөлүштүрүү, сүйүктүүңүздөн кол үзүү сыяктуу оор кырдаалдарды баштан өткөрүп жатсаңыз, дайыма жакшы нерселерди ойлогонго аракет кылыңыз. Бойдоктор көп жыл достошуп жүргөн адамы менен мамилеси кантип сүйүүгө айланып кеткенин сезбей калышат. Сизди бир сөздөн түшүнүп, кабагыңыздан маанайыңызды айттырбай билген адамдын жаныңызда болгону жашооңуздун жеңил болушуна шарт түзөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Жалкоолук моюнуңузга минип, эч нерсе кылдырбай коёт. Бир аз чарчаңкы абалда болосуз, жай мезгили сизди эс алууга чакырат. Буга чейин толугу менен кутула элек карыздарыңызды берип кутуласыз. Бир кездери сиз жардам колун сунган адамдардан жардам сурагандан уялбаңыз, бул эсептешүү же “кылган жакшылыгымды кайтар” дегендик эмес, болгону алар сизге чын эле колдоо көрсөтүп, маселеңизди чечип бериши мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Курулуш иштеринде коопсуздук маселесине дыкат көңүл буруңуз. Сиз көңүл бурбай калган жагдайлар үчүн кийин адам өмүрү коркунучка кептелиши мүмкүн. Чыгармачыл суу куярларды ийгилик коштойт, айрыкча жазуучулук таланты бар суу куярлар китеп басып чыгарып, же жаңы чыгарма жазууга шыктанышат. Буга чейин абдан бекем делген түгөйлөрдүн никеси бузулуп кетүү коркунучунда, бул айрыкча көп жылдан бери чогуу жашагандарга тиешелүү.


БАЛЫК (20.02–20.03

Ашыкча эмгектенүү азыр сиздин энергияңызды алып, кийин жумушка каалооңуз такыр жок калышы мүмкүн. Энергияңыз соолуп, депрессиялык абал сизди тооруп калышына жол бербеңиз. Маанилүү чечим кабыл алууга даярданып жатсаңыз, башка бирөөнүн кеңешине таянбашыңыз керек. Үй-бүлөлүү балыктар баласынын өзгөрүп, түнт болуп бара жатканын сезсе, көз жаздымда калтырбай жакындан сүйлөшүп, көйгөйүн укканы туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан