ОСТЕОПОРОЗ – СӨӨКТҮН МОРТ, СЫНМА БОЛУШУ

Дүйнөдө инфекциялык эмес оорулардын ичинен остеопороз 4-орунда турат. Кыргызстанда 50 жаштан ашкан ар бир үчүнчү аял, ар бир бешинчи эркек аталган дарттан жабыркайт деп айтылат. Бул оору эмнеден улам келип чыгат? Аны кантип дарыласа болот? Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков айтып берет.

Илдет тууралуу кыскача

– Остеопороз – организмде фосфор-кальций алмашуусунун негизинде жаралган сөөктүн морттугу, борпоңдугу, сөөктүн тыгыздыгынын азайышы. Жыйынтыгында сөөк бат сынма болуп калат.

Негизи сөөктүн морт болуп бара жаткандыгынын белгилери билинбейт. Бул оорудан жабыркаган адам жыгылып же жеңил жаракат алса деле сөөгү сынып кала берет. Көбүнчө бел омурткалары, кар жилик, сан жана жамбаш сөөгү, акырек жана алакан сөөк, билек сынат. Арка-бели ооруп, адамдын бою чөгөт, сөөктүн тыгыздыгы азайган соң салмагы да азаят.

Дарттын келип чыгуу себептери

• Күндөлүк тамак-ашта кальций жана D витамининин жетишсиздиги. Айта кетчү нерсе – организмде D витамини жетишсиз болсо, тамак-аш аркылуу кирген кальций толук сиңбейт. Орточо 10 пайызы гана сиңет. Аталган витаминдин жетишсиздиги балдарда итий дартын жаратарын белгилей кетели.

Күн нуру организмде D витамининин иштелип чыгышын шарттайт. Андыктан ким таза асман, күн нурунун алдында аз сейилдесе аталган витаминдин жетишсиздиги жаралат. Кальцийдин 1 пайызы гана клеткалар менен канда, калгандары сөөк, тиш, тырмакта болот. Организм канда тийиштүү өлчөмдөгү кальцийдин болушун дайым көзөмөлдөйт. Эгер өлчөмү азайса, анда аны сөөктөрдөн ала баштайт. Мунун жыйынтыгы остеопорозго жеткирет.

• Анемия. Анемия менен жабыркаган адам тамакты өтө аз ичет, анткени тамакка табити болбойт. Тамакты аз жеп-ичүү, демек, организмге кальций аз кирет дегенди билдирет. Андыктан денеде кальцийдин өлчөмү улам азая берет. Кош бойлуу аял анемиядан жабыркаса, баласы да анемия менен туулуп, сөөгү борпоң болуп калышы мүмкүн.

• Климакс. Мунун айынан аялдын эн бездери жыныстык гормондор: эстроген жана прогестеронду иштеп чыгарууну токтотот. Аталган гормондор болсо сөөктүн тыгыздыгынын сакталып турушуна таасир этчүлөр. Качан алар бөлүнүп чыкпай калганда сөөктүн тыгыздыгы начарлайт.

• Гастрит, ашказан жарасы, энтероколит дарттары. Булардын айынан тамак-аш менен кирген кальцийдин сиңүүсү начарлайт.

• Ревматоиддүү артрит, остеоартроз. Бул дарттардын кесепети да сөөктү борпоң кылат.

• Газдалган суусундуктар. Өзгөчө таттуу суусундуктарды көп ичкенде кальций организмден көбүрөөк жуулуп чыгып кетет. Муну улгайгандар, кош бойлуу аялдар эске алуулары зарыл.

• Улгайган курак. Кальцийдин сиңиши жаш өткөн сайын начарлай берет. Анын үстүнө 65 жаштан кийин эркектерде тестостерон гормонунун иштелип чыгышы азаят. Аталган гормон кальцийдин сакталышын шарттай турганы маалым.

Оорунун белгилери

Жаш улгайган сайын, өзгөчө 50 жаштан кийин адам катуу жаракат албаса деле сөөгү сынып кала берет.

Адамдын бою чөгөт, кичирейет, салмагы азаят. Кальций жуулуп кеткендиктен сөөктүн тыгыздыгы азайып, мурункудан жеңил тартат.

Арка-бел оорутат.

Көкүрөк омуртканын кифозу (кыйшайышы). Желкеде “өркөч” пайда болуп, бүкүрлүк келип чыгып, келбет бузулат.

Диагноз

• Рентгендик денситометрия. Бул сөөктүн тыгыздыгын изилдейт.

• Компьютердик томография

Оорунун алдын алуу

• 40-45 жаштан кийин, өзгөчө аялдарда климакс башталгандан тартып врач менен акылдашып кальций жана D витаминин ичип баштоо керек.

• Курамында кальций жана D витамини көп азыктарды көбүрөөк жеп, ичүү сунушталат.

• Жогоруда аталган оорулар бар болсо дарыланып айыгуу зарыл.

• Көбүрөөк кыймылдоо. Кыймыл көп болсо сөөк бекем болот.

• Тамеки чекпөө, алкоголдук ичимдик ичпөө.

• 45 жаштан кийин сөөктөрдүн тыгыздыгын билүү үчүн 1 жылда 1 денситометрия аппаратына түшүп коюу керек.

Дарылоо

– Дартты толук дарылап айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок өөрчүтпөй кармап турууга болот. Дарылоо өз ичине дары-дармектерди, дарылык физкультураны, кальций жана D витаминин, витаминдер топтомун камтыйт. Дартта бир жер сынса оңою менен бүтпөйт, бул остеопороздук сынык деп айтылат. Операция жасоого мүмкүн эмес. Анткени сынган жерлерди медициналык шуруп, темирлер менен карматууга мүмкүн эмес, сөөк борпоң болгондуктан аларды кармабайт. Сынган жердин сыртынан гипс коюлганда деле шалактап жакшы кармабайт. Бейтап ошентип жылдап дарыланууга аргасыз болот. Дарыланууга убактысы жана каражаты кетет. Андыктан оорунун дарылоого караганда алдын алуу жеңил.

D витаминине бай азыктар

Балык (скумбрия, тунец)

Эт

Креветка

Жумуртка

Сыр

Быштак

Сүт

Каймак май

Малдын эти жана боору

Кальцийге бай азыктар

Сүт азыктары (сүт, быштак, айран, каймак, каймак май)

Бадам

Горчица

Мисте

Сарымсак

Фундук

Буурчак

Сулу, арпа акшагы

Жаңгак

Күнжүт

Мейиз

Курма

Кара нан

Креветка

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан