Гүлжайна Атаканова, куудул: «ЫРДАБА ДЕСЕҢЕР ЫРДАЙМ, ЧЫКПА ДЕСЕҢЕР ЧЫГАМ»

Куудул, алпаруучу Гүлжайна Атаканова бул ирет хейтерлердин комментарийлерине жооп берди. “Социалдык желеде хейтерлер канчалык жаман сөздөрдү жазса деле баарын кечирем” деген Гүлжайна айымга интернет колдонуучулар кандай сын-пикирлерди жазышат, аларга каарманыбыз кандай жооп узатат, төмөндөн окуй аласыз.

damir_ruslanov_: – Ыйлаганың да бат, күлгөнүң да бат. Эми эмне болду ыйлап? Сени да бирөөлөр алдай алышат бекен? Эмнегедир күмөндүү...

– Бул жашоодо ыйлайсың, күлөсүң, мүдүрүлөсүң, жыгыласың, турасың... Ошон үчүн турмуш деп айтылат. Жашоодо ыйлабаган ким бар экен? Баары ыйлайт, “байлар да ыйлашат” деген сөз бар го. Мен баарын өзүмдөй көрөм, эч кимди алдабайм. Ошон үчүн баарына ишенип алам да, анан көптөр мени алдап коюшат, аферисттер. Аферисттер азайса, өлкө өнүгөт беле деп ойлойм.

altynbekovmirlan: –Бул аялга акча берип “жарнама үчүн энеңди ур” десең деле урат...

– Эми ар ким өз деңгээлине жараша сүйлөйт да. Менин энем дүйнөдөгү эң сулуу, эң татынакай, эң мээримдүү, берекелүү эне. Ар бир баланын энеси менин апамдай болсо экен дейм. Апамды алаканыма салып, эркелетип сыйлайм. Өзүмө сөз тийгизсе эч нерсе дебейм, бирок апама сөз тийгизгендерге акмак экенсиң дейм. Апам дүйнөдөгү эң жакшы адам.

akchagul_6325: – Дагы элдин башын айлантып жатасызбы?

– Менин социалдык тармактардагы баракчам, жарнама кылганым жакпаса, менин баракчама жазылуудан баш тартыңыз, башыңызды айландырбаңыз. Башыңыз өтө айланып калса да жаман болот.

6666.1548: – Үй курган компанияларды ушул артисттер жарнама кылышып, эл акча төлөп, эми же үйдөн жок, же акчадан жок ыйлап жүрүшөт...

– Артисттер жарнама кылса эле сурабай, билбей, чуркап барып сатып ала калбай, адегенде сураңыздар, документтерин көрүңүздөр, тактаңыздар, маалымат алыңыздар. Эгер жакса андан кийин барып курулуш компаниясы менен келишим түзүңүздөр. Жакпаса сиздерди эч ким кыйнабайт да.

Alana_45: – Маданиятсыз аял, КТРКнын имиджин бузду...

– Буга күлүп эле коёюнчу. Маданияттуу адам эч качан бирөөгө жаман сөз айтпайт. Демек, бул адам имидж дегенди деле билбейт. Эми жөн эле диванга отуруп алып жазып коёюнчу деди да, садага болоюн.

klarakarl: – Темиш досу эмес эле, расмий эмес күйөөсү. Анын үй-бүлөсү болсо, аялы кандай жан болду экен, ушунчалык жоошпу?

– Мен эч качан бирөөнүн үй-бүлөсүн бузган эмесмин, бузбайм дагы, Кудай сактасын. Темиштин ажырашканына 10 жыл болгон, ал супер бойдок. Расмий эмес күйөөмбү, досумбу, башкалардын иши эмне? Менин жашоомо мурдун тыкпай эле койсун, мурду узарып кетет. Бул менин жашоом, кантип жашоону эч кимден сурабайм. Темиш, балким, досум, балким, күйөөм, балким, жөн эле жердешим. Ага эмнеге кызыгасыз?

nuriyasalimova: – Азыркы ырчы- чоорчулар тамак-ашты гана жарнамалап калышты. Өздөрү бекер жегенине сүйүнүп жарнама кыла берет да, кандай жерде, кантип жасалат, тазалыгы кандай экени буларды ойлондурбайт...

– Бизди чакырып “кафемди жарнама кылып берип койчу” деп сунушташканы үчүн жарнамалап беребиз. Мен кайсы кафени жарнамаласам, аны карайм, ашканасына чейин карайм. Жеген-ичкеним үчүн эле эмес, келишим түзүп, акымды алам. Эч качан бекер тамак үчүн жарнама кылбайм.

user1234:: – Жакшы сатираларды ойносоңор, болбосо жаштардын психологиясына зыяны тиет...

– Кайсы жаман сатираны көрдүңүз, мисалы үчүн? Бул деле отуруп айтып койду да байкуш.

user-qx1lk9kj6w: – Аллергия болом да ушул кызды көрсөм...

– Аллергия болбош үчүн көрбөш керек да. Аллергия болуп, денеси кычышып эмне азап? Ошончо кыйналып аллергия болуп жатса да көрсө, демек, мени жакшы көрөт экен.

user-kv4kk10bf2t: – Эже тасмаларда ажылдаган аялды ойной берген образдан чыкса жакшы болмок.

– Чыгып да көрөйүнчү андан деле, макул.

user-mf9dnm4nr6m: – Бул эже уктаса гана тили эс албаса, а болбосо шакылыктаган сагызган эле...

– Сахнада, теледе, кинодо гана сүйлөбөсөм, жашоодо адамдар менен сүйлөшкүм деле келбейт. Жашоодо көп сүйлөбөйм.

user-wr3cc2zd3o: – Силер чыкпай эле койгулачы, сөзүңөрдүн мааниси жок...

– Чыгам. Ушинтип айтканыңар үчүн дагы чыгам. Мааниси жок болсо менин сөзүмдү укпай койгула. Уга тургандар толтура, мени жакшы көргөндөр көп. Ырдаба десеңер ырдайм, чыкпа десеңер чыгам. Менин жашоомо аралашканга эч кимдин акысы жок. Кандай жашайм, ал менин тандоом. Бирөө “мындай кыл, тигиндей кыл” десе “ха-ха-ха” деп күлүп гана коём.

Соңку сөз ордуна: – Негитив жазгандар менин жашоомо тиешеси жок, мен тааныбаган, көрбөгөн, билбеген адамдар. Ушинтип бирөөнүн аркасынан билип-билбей сүйлөгөнү үчүн булардын күнөөсүн Кудай кечирсин дейт элем. Мен тааныбаган эмес, тааныган адамдардын да жашоосуна кийлигишпейм. Себеби өзүмдүн жашоомдогу жакшы, кызыктуу күндөрдөн бошобойм. Негатив сүйлөгөн адамдардын өз жашоосунун кызыгы жок, бирөөнүн жашоосуна көзүн артып отургандар болуш керек. Мен жакпасам көрбөй эле коюшсун алтындарым. Эч кимди кыйнабайм. Мени жакшы көргөн адамдар аябай көп, мен ошолор менен мамиле куруп жүрө берем. Эң негизгиси Кудайдын алдында ак, таза жашоону насип кылсын, жүзүбүз жарык болсун деп жашаш керек. Билип-билбей аркамдан сүйлөгөндөрдү кечирем. Жогоруда сөз болгон бир да комментарийди туура, мага тиешелүү деп эсептебейм. Кудай карап турат баарыбызды. Дегендер дей берет, жегендер жей берет, мен алдыга жыла берем. Ар бир жаман сөз жазган пенденин жүрөгүнө ыйман, бактылуулук каалайм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан