Алмаз Шаадаев, ырчы: «СҮЙҮКТҮҮМ ЭЛ КӨЗҮНДӨ БОЛУУНУ ЖАКТЫРБАЙТ»
Үй-бүлө куруу – айымдар үчүн да, мырзалар үчүн да чоң жоопкерчилик. Ырчы Алмаз Шаадаев ошондой чоң жоопкерчиликти моюнуна алып, үйлөнүү алдында турат. Ырчы ушул жана башка жаңылыктары менен бөлүштү.
– Алмаз мырза, социалдык тармактагы баракчаңызга үй-бүлө куруу алдында турам деп сүрөт жүктөдүңүз..
– Ооба, Кудайдын буйругу менен үйлөнүп жатам. Сүйүнүчүмдү ичиме катып тура албадым, угармандарыма сүйүнчүлөгүм келди.
– Жакшы. Интервьюга чейин сүйлөшкөндө “аялым” деп жаттыңыз, кызды үйгө алып келдиңиздерби?
– Алып келе элекпиз, эми баары чечилгенден кийин жубайың катары эле кабыл алып калат экенсиң (күлүп). 17-июнда кыз узатуу болот. Буюрса, андан бир жумадан кийин эле, 24-июнда Бишкекте чоң той беребиз. Сахналаш ага-ини, досторумду, туугандарды чакырып элден бата алалы деп турабыз.
– Болочок жубайыңыз менен качан, каяктан тааныштыңыз?
– Өзүбүздүн эле Нарындан болот, жердешим, карындашым. Үйдөгүлөр, ата-энем ата-энесин көрүп-билип жүргөн кыз. Бир күнү телефонумду карасам сүрөт келип калыптыр,
“балам, ушул кызды карап, байкап, таанышып көрбөйсүңбү, жакса жактырдың, жакпаса мажбурлабайбыз” деди апам. Үйдөгүлөрдүн сөзүн эки кылбайын деп барып таанышып, көрүп эле жактырып калдым. Башкача сезимдер болот экен, буга чейин башка көз караштар, боёкторду карап жүрө бериптирбиз. Ата-энемдин сунушу менен баргангабы, же өзүмдүн адамым экенин сездимби, башкача эмоция менен, сүйүү көз карашы менен барган окшойм. Дароо эле жактырып, жан дүйнөм менен кабыл алдым. Жөнөкөй, бир калыпта жүргөн кыз, көп сүйлөбөйт, жалжаке эмес, бетинде боёгу жок эле жылдыздуу, сулуу, өзүм кыялданып жүргөн кызга туш болдум десем болот. Ошентип бир аз сүйлөшүп, жолугуп жүрүп эле баш кошуу сунушун киргиздим. Ал да жан дүйнөсү менен кабыл алган экен, макул болду. Нике кайып дейт, ошентип баш кошуу алдында турабыз.
– Бактылуу болуңуздар! Демек, жакында эле таанышыпсыздар да?
– Рахмат! Ооба, 2 айдын тегереги болду. Аты Алина, менден 7 жаш кичүү. Жогорку билими бар, Кыргыз-Орус славян университетинин менеджмент факультетин бүтүргөн.
Негизи үйлөнөргө келгенде “мындай, тигиндей” деп айта беришет го, мен Алинаны жан дүйнөм менен кабыл алдым, чын. Жан дүйнө менен кабыл алсаң, сенин адамың экени бир көз караштан эле билинип калат экен.
– Турмуш курууга, күйөө, күйөө бала, ата болууга моралдык жактан даярмын деп ойлойсузбу?
– Албетте. Ар бир адам үйлөнгөндө, үй-бүлө курганда ыйманга келет. Жан дүйнөм ушул убакка чейин, балким, даяр эмес эле, ошон үчүн үстүбүздө шайтан отуруп алып, көзүбүздөгү парда ачылбай, ар кандай кыздарды карап көздөрүбүз ойноктоп жүргөн чыгар. Негизи эле "быйылкы жылы үйлөнөм, кой, жакшы жүрөйүн, азгырылбайын жаман нерселерге" деп өзүмдү даярдап жүргөн элем.
– Суроону башкачараак берип көрөйүн, үй-бүлөдө эркектин милдеттери кайсылар деп эсептейсиз?
– Алган аялың – аманатың деп коёт. Үйлөнгөндөн кийин аялың сенин карамагыңда болот, сен багасың, ошол аял сага төрөп берет, балдарыңдын апасы болот, буюрса, бардык милдет менин моюнумда. Буга чейин убактымдын баарын ырга коротсом, эми убактымдын жарымынан көбүн үй-бүлөмө бөлөм. Албетте, чыгармачылыкты да кошо ала кетебиз. Үй-бүлө куруу – бул бала-чакалуу болуп, артыбыздан туяк калтыруу, бакыт үй-бүлөдө деп билем. Буюрса, үй-бүлө бир мамлекет болот, ошону башкарганга даярбыз.
– Алина сиздин ырларыңызды укчу бекен?
– Негизи кыргызча ырларды анча укпайт экен. Бирок ырларымды кайнатам жактырып угуп жүргөнүн билдим. Атасы аркылуу нарындык ырчы экенимди билет экен. Жубайым элдин көз алдында болууну жактырбайт, социалдык тармактарда да активдүү эмес. Өзүмө ылайык, жүрөк тынч, кыскасы.
– “Мен шоу-бизнесте аткаруучумун” деген экенсиз. Кандай аткаруучумун деп ойлойсуз?
– Чынында, аткаруучумун, обончу эмесмин же ырга текст жазбайм. Мен ырларды обончулардан сатып алып, ошону менчиктеп анан аткарам. Же эски ырларды жаңылап ырдап чыгам. Мен эми “мен мындай аткаруучумун, тигиндей аткаруучумун” деп баа бере албайм өзүмө, эл тараза, эл сынчы. Бирок ырга жан киргизгенди билебиз, ошон үчүн эл угуп жатат болуш керек.
Мен чыгармачылыкта бир жарк этип жанган ырчылардын катарын толуктабайм, жылдан-жылга акырындык менен көтөрүлүп, бир калыпта кармалып келаткан ырчылардын катарын толуктасам керек.
– Чектен ашкан күйөрмандарыңыз болду беле?
– Кээ бир күйөрмандардын көңүлүн калтырбай телефондон жазышып, суроолоруна жооп берип койсоң алар мага тийүү максатында үмүт кылып алышат экен. Мен ошондой күйөрмандарды көп жолуктурдум. Андан башка аябай чектен ашканы деле болбоду.
– Буга чейин канча кыз менен мамиле курдуңуз?
– Жок, буга чейин сүйлөшкөн эмесмин, чынында (күлүп). Эми жашоодогу, чыгармачылыктагы карындаштар болгон чыгар, бирок олуттуу сүйлөшкөн, мамиле түзгөн адам эмес.
– Демек, сүйүүнү башыңыздан өткөргөн эмессиз?
– Өткөргөн эмесмин, сүйүп калсам, дароо чечим чыгарып, үйлөнөм демекмин. Демек, эми сүйүптүрмүн, чечим чыгарып, үйлөнөйүн деп жатам.
– Сүйүү деген эмне?
– Сүйүү, менин оюмча, адамды көз менен эмес, ооз менен, кулак менен дагы эмес, жан дүйнө менен кабыл алуу. Адамды жан дүйнөң менен кабыл алсаң ал сага эң сулуу, идеалдуу адам көрүнөт.
– Комментарийлерде эң көп жазылган суроолордун бирин берейин. “Башында баары эле ушинтип башташат, кийин эле ырчылардын жубайлары блогер болуп кетишет”...
– Туура. Алина өзү социалдык тармактарда көп отурбайт экен, 12 катталуучусу менен Инстаграм аккаунту бар экен. 2020-жылы бир, 2021-жылы бир сүрөт киргизиптир. Неге десем “андайды жактырбайм, каалабайм” деди. Мен үйлөнүү тууралуу жаңылыгымды сүйүнчүлөп жарыялаарда анын аккаунтун белгилеп коёюн десем, “өзүңүз билиңиз” деди. Ошентип белгилеп койгом. Калганын эми алдыда көрө жатарбыз. Мен деле “кой, минтпе, антпе” деп айтпайм. Өзүнүн эрки. Ошентсе да 100 пайыз ишенип турам, менин жубайым башкача. Элдин сөзүнө калбай, мага мыкты жубай болуп берет деп ишенем.
– Бактылуу болгула! Үй-бүлөңөр бекем болсун!
Гулийпа Маметосмон кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.